Демократия чумботундогу манкурттарга эскертуу

deokr

بسـم الله الرحمن الرحيم

ДЕМОКРАТИЯ ЧҮМБӨТҮНДӨГҮ МАНКУРТТАРГА ЭСКЕРТҮҮ

 Бүгүнкү күндөрдө демократиянын канчалык жийиркеничтүү негиз экендигин далилдөөгө зарылдык калбады. Анын бардык тармактагы шерменделиктери ачык-айкын болуп калды. Анын туура эмес негиз экендигин 25 жыл мурда фалсафий жол менен акыл негизинде кеӊири баяндап берген элек.(“Демократия куфр сиситемасы” китебинде). Бирок, ошого карабастан учурда да жеке кызыкчылыктарынан келип чыгып, өздөрүн “саясий партия” негиздөөчүлөрү деп дааба кылып  жаткандар карапайым калкты ошол негизде ангекти көздөй жетелеп бара жатышат. Себеби, “демократия” кайсы тармакта ийгиликке жетишти?! Акыры адамдарды жырткычка айландырган ушул негиз эмеспи?! Батышта моралдык жактан кыйналган, акылын бир аз иштеткен ынсаптуу адамдар Исламга кирип келе жатышканы өз мабдасында андай жашоо жоктугунан эмеспи?!

Дүйнөдө болуп жаткан саясий оюндар, таасир талашуулар каршысында көрүүчү болуп туруу айбандык го, бул да демократиянын жемиши эмеспи?! Жыл сайын миллиондогон бейкүнөө адамдар, айрыкча, аялдар, жаш балдар, ал тургай бөбөктөрдүн кырылып кетиши демократия негизиндеги саясаттын натыйжасы эмеспи?! Өмүрүн коркунучка салып болсо да өз мекендеринен качуудан башка чара таба албаган абалга кайсы саясат мажбурлап жатат?!

Бир улуттун бүтүндөй жок болуп кетишине алып бара турган социалдык саясат да демократиянын натыйжасы эмеспи?! Статистикалык маалыматтарга ылайык, жалпысынан алганда ар бир үй-бүлөгө кеминде 2.1 бала туура келгенде гана ошол улут уланышы мүмкүн. Бирок, Батышта 1.8ден 1.3кө чейин түшүп кеткен, кээ бир улуттарда 0.8ге туура келет. Мунун себеби демоктатия негизиндеги ички саясат т.а. табиятка тескери мамиледе болуучулар ортосундагы никеге; эркек эркекке, аял аялга үйлөнүшүнө да уруксат берилиши, жолдор, көчөлөр, сейил бактар жана автобустарда жаш кыз-жигиттердин бири-бири менен кучакташып өбүшүп тургандыгы, бири-бирине тийиштик кылууга мүмкүнчүлүктөр кеӊири экендиги жана бул абал эч кимдин көӊүлүн бурбай турган же эч кимди таӊдандырбай турган адаттагы көрүнүштөрдөн болуп калгандыгы. Бул сыяктуу табигый иштердин дагы бири жай мезгилинде аялдардын күн нуруна кактануу шылтоосунда уяттуу жерлериндеги болор-болбос жабылган жерлерин кошпогондо, энеден төрөлгөндөй жылаӊач жатышат. О.э. аялдар жай мезгилинде жарым-жылаңач абалда денелеринин аз гана бөлүгүн жаап жүрүшү да адаттагы иштерге айланып калышынын себеби – демократия. Себеби, бул иштер демократия назарында табигый жана адаттагы иштерден болуп эсептелет. Мунун натыйжасында үй-бүлөлөр бузулуп, тукумсуздук күчөйт. Кытайда бул саясатты кайдыгер калтырышса таӊ каларлык болбойт, ал эми биз да ушул турмушка карай кетишибизди кандай түшүнсө болот?! ушунчалык шерменделиктерине чакыруучулар ким болду, аларга сен кандай мамиледе болуп жатасын? Ушунчалык жийиркеничтүү турмушка чакыруучуларга кылмыштарын түшүндүрүүгө кыжалат болуп жатасынбы же батына албай жатасыӊбы?

 Демократия кароолчулары дүйнөдөгү бардык байлыктарга иттердей жулунуп жаткандыктарына карабастан, чечилгис кризистерге дуушар болушууда. Миллиондогон ачка адамдар, жумушсуздар мына ушул демократиянын натыйжасы эмеспи?! Биздеги чыккынчы жетекчилердин кыянаттары себептүү өз байлыктарбызды да колонизатор мамлекеттерге алдырып коюп, алар тыгыштырып жаткан “демократия” менен эмнени максат кылып жатышат?! Бети жоктук менен элдин байлыктарын өздөштүрүп алып, өтө чоӊ байлык менен башка өлкөлөрдө күн көрүшүбүз мүмкүн деп, өз калкы алдында, келечек муун    алдында бир өмүр жаманатты болгон чыккынчылардан өрнөк алып жатышабы?! Бул кылмыштары үчүн жооп бере турган күн да албетте келет жана ал өтө жакын. Аллах кандай гана акыйкат сөздү айткан:

أَرَأَيْتَ مَنِ اتَّخَذَ إِلَهَهُ هَوَاهُ أَفَأَنْتَ تَكُونُ عَلَيْهِ وَكِيلاً أَمْ تَحْسَبُ أَنَّ أَكْثَرَهُمْ يَسْمَعُونَ أَوْ يَعْقِلُونَ إِنْ هُمْ إِلاَّ كَالاَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ سَبِيلاً

 „Кабар берчи, ким напис-каалоолорун кудай кылып алган болсо, сен анын үстүнөн өкүл-кароолчу болосуӊбу?! Же сен алардын көптөрүн (акыйкат сөздү) уга алышат же түшүнө алышат деп ойлойсуӊбу?! (Андай эмес, анткени) алар эч нерсе эмес, бар болгону үй айбандары сыяктуу. Жок, алар дагы жолдон адашкан кимселер!” [25:43,44]

Батыштын газета-журналдарында миллиондогон “жигит”тер өз ара ортосундагы нике мыйзамдуу деп кабыл алынышын жана аларга да табигый нике укуктарындай укуктар берилишин талап кылышы, жүз миңдеген адамдар өзүнүн энелери, кыздары жана эже-карындаштары менен жыныстык алакада болушу жазылып жатканы сыр эмес. Бул – демократия. Мындан да өткөн айбандык болушу мүмкүнбү?! Ушуну өз калкына, келечек муундарына ыраа көрүп жатышабы?! Убактылуу пайда үчүн ушунчалык паскечтиктерге ыраазы болуп жатышабы?!… Булар демократиялык баалуулуктар алып келген, батыш көккө көтөрүп мактап жаткан жалпы эркиндиктердин үлгүлөрү жана демократиянын маданий көрүнүшүнүн бир формасы. Ал адамга сойкулук, кумсалык, лесбиянкалык, аракечтик, жылаңачтык жана башка ар кандай төмөн жана жарамсыз иштерди да эч кандай чектөөсүз, кысым же мажбур кылынбастан, толук эркиндик менен кылууга уруксат берет. Ошондуктан, мусулмандарга аны кабыл алуу же ага даъват кылуу, анын негизинде партияларды түзүү о.э. аны турмуштагы көз карашы кылып алуу арам. О.э. аны турмушка колдонуу, конституция жана мыйзамдарга негиз же булак кылуу, билим-берүү же мамилелердин максаты үчүн негиз кылып алуу арам. Мусулмандар аны бүтүндөй ыргытып жибериши важиб. Себеби, ал нажас, ал тогут-шайтандын өкүмү, ал куфр, куфр пикирлери, куфр түзүмдөрү жана куфр мыйзамдары. Анын Исламга эч кандай тиешеси жок. Ага Батыш чакырып, бүт дүйнөнү ушул ыпылас көрүнүштө өзүнө шерик болушу үчүн аны дүйнөгө жаюуда. Бул мисалдар ушул демократиянын канчалык даражада бузук жана чириктигин, канчалык сасык экендигин көрсөтүп турат. Буга чакыруу да, же сүкүт сактоо да андан кем эмес. Аллах Таала төмөнкү сөзүндө алар тууралуу кандай гана акыйкатты айткан:

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلاَ النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَىوَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلاَ نَصِيرٍ

„Яхудий жана насронийлер алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт. Айткын: „Аллахтын жолу гана чыныгы жол”. Ант болсун, эгерде сага келген чыныгы билимден кийин алардын напис-каалоолоруна ээрчисеӊ, Аллах тарабынан сага бир дос да, бир жардам берүүчү да болбойт “.

Аны ташташыбызды Аллах Таала буйруган го! Сен ошолорго ээрчип жатасыӊбы?! Сен бул ишти ширк-арам экенин түшүндүрүшүӊ керек эмес беле?! Биз билбегенбиз, бизге эч ким түшүндүрбөгөн десе, анда иш сага түшөт. Аллах Таала айтат:

يُرِيدُونَ أَنْ يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَنْ يَكْفُرُوا بِهِ

„Алар тогутка-шайтанга өкүм сурап барууну каалашат. Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбөө буюрулган эле “.   [4:60]

Расулуллах (с.а.в) айтат: «Ким биздин буйругубуз болбогон (т.а. динибизде болбогон) бирер ишти кылса, ал иш четке кагылган».

Өкүмдөрдү чыгарууда кайрыла турган өкүмдар – бир гана Аллах субханаху ва Таала т.а. акыл эмес, бир гана шарият болуп, анда бардык нерсенин анык чечими бар. Акылдын иши Аллах түшүргөн нусустарды түшүнүүгө т.а. шаръий өкүмдү түшүнүүгө чектелген. Аллах Таала айтат:

إِنْ الْحُكْمُ إِلاَّ لِلَّهِ

„Өкүм (чыгаруу) Аллахка гана таандык”.           [6:57] дагы айтат:

مَا فَرَّطْنَا فِي الْكِتَابِ مِنْ شَيْءٍ

 „Китепте бирер нерсени көӊүлдөн четте калтырбадык “.             [6:38]

О.э. мусулмандар Исламды турмуш, мамлекет жана коомдо толук түрдө ишке ашыруусу важиб. Аллах Таала айтат:

وَمَنْ يُشَاقِقِ الرَّسُولَ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُ الْهُدَى وَيَتَّبِعْ غَيْرَ سَبِيلِ الْمُؤْمِنِينَ نُوَلِّهِ مَا تَوَلَّى وَنُصْلِهِ جَهَنَّمَ وَسَاءَتْ مَصِيرًا

„Ким акыйкат жолду анык билгенден кийин Пайгамбарга тескери иш кылса жана момундардын жолунан башка жолго ээрчип кетсе, Биз аны кеткен жагына коё беребиз. Андан кийин тозокко киргизебиз. Ал кандай гана жаман жай!” [4:115]

Абу Зар.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *