Даъват мене амру маъруфтун айырмасы барбы (3)

qurankg-1024x683

بسـم الله الرحمن الرحيم

ДАЪВАТ МЕНЕН АМРУ МАЪРУФТУН АЙЫРМАСЫ БАРБЫ (3)

 Даъватчы шахсиясын даъват ишине даярдоо менен бир катарда Исламды жакшы түшүнүүгө (ал үчүн “Исламий шахсия -1”деги  “Билим алуудагы Исламдын жолу” боюнча үйрөнүү тарыйкатына) катуу аракет кылышы жана жеткирип жаткан темаларды турмуштук кылып, жандуу көрүнүштө берүүгө көӊүл бурушу шарт, себеби андан талап кылынган негизги иш “Ислам”ды тунук, түшүнүктүү баян кылып, турмушунда ага амал кылуу үчүн берүү. Ал буга маани бербестен өзү максат кылган ишти ишке ашыра албайт. Ошондуктан, бизде Бул даъватты жаюучулар эгер дилдерине бийиктикке умтулуу үрөнүн себишпесе, ар дайым акыйкатты издешпесе, илешип калган жат түшүнүктөрдөн тазалоо үчүн билген нерселеринин ар бирин дайыма текше­рип турушпаса, көтөрүп чыгып жаткан пикирлери таза-тунук сакталып калуусу үчүн, жакындашса жабышып алышы мүмкүн болгон ар кандай пикирлерди андан алыстатышпаса, анда эч качан өз жоопкерчиктерин аткара алышпайт жана алдыга коюлган милдеттерин өтөй алышпайт. Себеби, пикирлердин таза жана тунуктугу – ийгиликтин жана бул ийги­ликтин дайымий турушунун кепилдиги болуп саналат”, –деп табанний кылынган. Эгерде Исламды түшүнбөсөчү?

Түшүнүүдө акыйдага тиешелүү маселелерге өзүнчө көӊүл буруу керек, себеби жашоо ошолор негизине курулат. Мисалы,  бизден “демократия”нын эмнеси ката же “социализм”дин кандай пикири вакиъге туура келбейт деген нерселерди сурашпаса да, бул ката пикирлерин таштасын үчүн алардын катасын тунук кылып, акыл негизинде баян кылып берүү керек. Расулуллах(с.а.в) да, андан мурунку пайгамбарлар да тарыхта буттарга негизделген жахилият турмушунун акмакчылык экендигин ашкере кылууда эң алгач акыйдаларына сокку берген. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا وَلَوْ اجْتَمَعُوا لَهُ وَإِنْ يَسْلُبْهُمْ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنقِذُوهُ مِنْهُ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ

 “Эй инсандар, бир мисал айтылган, анда, ага кулак салгыла: Ырасында, силер Алланы коюп жалбарып жаткан буттар баары биригишкенде да бир чымын жарата алышпайт, эгер чымын алардан бирер нерсени тартып алса аны (ошол чымындан да) куткарып кала алышпайт. (Демек, ошол буттардан муктаждыгын ишке ашырууну) су­роочу (мушрик) да, суралуучу (буттар) да алсыз.  [22:73].

Аллах Таала дагы айтат:

قَالَ أَفَتَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكُمْ شَيْئًا وَلَا يَضُرُّكُمْ ۩ فٍّ لَكُمْ وَلِمَا تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

 (Ибрахим а.с.) айтты: «Акыры Аллахтан башкага – силерге бирер пайда да,зыян да келтире албай турган нерселерге сыйынасыӊарбы?! Силерге да, Аллахтан башка силер сыйынып жаткан буттарыӊарга да тфу! Акыры акыл жүгүртпөйсүӊөрбү?!» [21:66-67]

Түпкүлүгүндө исламий турмуш кандай экендигин адамдарга түшүнүктүү кылып жеткирүү үчүн Ислам фикратын тереӊ үйрөнүү важиб болсо да, бирок турмушта таасири күчтүү болгон пикирлерди жакшылап үйрөнүп, аларды жеткирүүгө катуу аракет кылуу зарыл. Мисалы: азыркы экономикалык тармактагы сүткордук, монополия, камсыздандыруу компаниялары, акционердик коомдор, кооперативдик компаниялар жана ушуларга окшогон пайдасы арам болгон, же шерик болуу шариятта батыл деп эсептелген иштерди – мусулман адамга мындай батыл же бузук келишимдерди түзүү же ушул келишимдерден келип чыга турган иштерди кылуу жаиз эместигин баян кылуу үчүн – алардын шариятка тескери жактарын тунук кылып, далилдер менен ачып беришибиз талап кылынат. О.э. Исламдагы жаиз компанияларды, жумушка жалдоо жана андагы шарттарды, айрыкча муфоваза ширкаты сыяктуу арамга кетип калуу көп учурай турган иштерди тездик менен үйрөнүү талап кылынат. Себеби, бул сыяктуу пикирлер – бардык жерди бузукулукка толтуруп, экономикалык кризистерди келтирип чыгарып жаткан – капитализм экономикасына сокку болот о.э. ага альтернатива болгон исламий турмушту түшүнүүгө кызыгууну күчөтөт. Ислам келген алгачкы доордо жахилияттгы экономикалык алакаларды да Курани Карим акыл негизинде четке каккан:

„(Өлчөм жана таразадан) уруп кала турган­дарга тозок болсун. Алар адамдардан өлчөп алганда толук алышат да, башкаларга өлчөп же тартып беришкенде кемитип беришет “.   [83:1-3]

Бул темаларды үйрөнүүдө эч кандай проблема жок, китептерибизде түшүнүктүү кылып, кеӊири баян кылынган жана жакшы түшүнгөндөн кийин канааттанбаган темаларды ар ким менен эмес, масъулдар менен гана, ал тургай амир менен талкуулашуу табаний кылынган, себеби алар ушул иште жоопкер: Ушул нерсе түшүнүктүү болушу лазым, бирер райга канааттанбаган, ката райга же хизб мутабаннасына тескери райга барган ар бир жигит катаны оңдой турган, тууралыкка жеткире турган, пикирлерди таза сактай турган, хизб бүтүндүгүн жана пикир биримдигин коргой турган туура жолдон жүрүшү важиб. Бул нерсе жүзөгө чыгышы үчүн, анын мунакошасы хизбдеги масъулуна же түздөн-түз амирге чектелиши керек. Анткени, амир жана масъулдар гана жигиттер менен мунакоша кылуу укугуна ээ. Табанний кылууга да, катасы маалым болсо мутабаннаны өзгөртүүгө да жалгыз амир гана укуктуу. Жигит ал нерсени, же өзү жетип барган пикирди жигиттер менен мунакоша кылуу үчүн аларга байлануусу, же хизб табанний кылган пикирлерге, өкүм жана райларга чабуул кылышы жайиз эмес. Себеби, жигиттер менен болгон мунакоша, же хизб табанний кылган нерсеге чабуул кылуу бирер нерсени оңдоодо ага пайда бербейт. Ал тартипсиздик, тынчсыздык, күмөн жана ихтилаф келтирип чыгарышынан тышкары, анын акыбети хизбдин бүтүндөй корголушу важиб болгон пикирий биримдигин бошоңдотууга алып барат”. Бул хизб пикирине каршы ката пикирге баргандар тууралуу. А бирок, хизб пикирлерин түшүнүүдө же түшүнгөнүн баян кылууда ар кандай хизбий менен талкуулашуусу мүмкүн. Себеби, бул нерсе пикирлердин дагы да тунук болушуна, пикирий вужуд болгон хизбдин күчөшүнө жана пикирий талкуулар урфка айланып, туура пикирлердин коомдо жайылышына алып барат. Ошондуктан, бизде ушул пикир табаний кылынган: Бирок, уюмдун мабданы жакшы түшүнүп жеткенинин өзү чыныгы ойгонууга алып барбайт. Балким, уюмдагы адамдар бул уюмга жарактуу болсо жана бул адамдарды тайпада байлап тура турган робыта болсо гана чыныгы ойгонууга алып барат. Уюмдагы байлоо тарыйкатына карай, адамдардын жарактуу экендиги белгиленет. Мабдаий хизб акыйданы кабыл алууну жана хизбий сакофатта бышып жетилүүнү өз уюмуна байлоо тарыйкаты кылып белгилейт. Ошондуктан, даъват жеке адамдар менен биригип кеткен убакта, хизбге кошулуулары менен алардын жарактуулугу табигый белгиленет. Демек, алардын жарактуулугун белгилеген нерсе хизб комиссиясы эмес, балким, байлоо тарыйкаты болуп жатат. Себеби, бул жеке адамдарды тайпада байлап турган робыта – Акыйда жана ушул Акыйдадан келип чыккан хизбий сакофат”. Исламдын акыйда жана өкүмдөрүн адамдарга түшүнүктүү кылып, ачык-айкын жеткирүүдө Исламды түшүнүүгө жана шахсиясын калыптандыра турган (акыйда, ибадат, адеп-ахлак жана мамиле) негизинде өзүн тарбиялоого маани бербеген адам даъватчы болушу мүмкүнбү? (уландысы бар).

Гариб.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *