Даъват мене амру маъруфтун айырмасы барбы (2)

qurankg-1024x683

بسـم الله الرحمن الرحيم

ДАЪВАТ МЕНЕН АМРУ МАЪРУФТУН АЙЫРМАСЫ БАРБЫ (2)

Көпчүлүк даъватчыларда Исламга даъват кылуу туурасында Ислам талап кылган таалим тарыйкаты эмес, тескерисинче, миссионерлер колдоно турган үгүт-насаат тарыйкаты өкүмдар болуп калган. Муну менен Исламды үйрөнүүчүлөр кудум эки буттуу китептердей таасирсиз аалымдарга же коомго эч кандай таасири болбосо да адамдарга зеригиштүү хутбаларды кайталоочу насаатчыларга айланып калышты.

Даъватчы – бул аалым да, насаатчы да, муфтий да же мугаллим да эмес. Аалымдын иши китеп окуу жана дагы окуу. Үйрөнгөн илиминен, эӊ кур дегенде, айланасындагыларды, жакындарын пайдаландырбайт. А бирок, өзүн бардык нерсени билүүчү кылып көрсөтөт. Турмуш изден чыгып кеткендиги же мусулмандардын оор абалы анын оюна да келбейт. Өзүнүн иштеринен колу бошоп калса китеп барактоо менен алек болот. Ал тургай, “китепкана”га айланып калган болушса да коомго эч кандай таасири болбойт. Аларды Куранда китеп жүктөлгөн эшек деп сыпаттаган. Аллах Таала айтат:

مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

“Тоорот жүктөлгөн – берилген, андан соӊ аны көтөрө албаган (т.а. анын көрсөтмөлөрүнө амал кылбаган) кимселердин (яхудийлердин) мисалы кудум китептерди көтөрүп бара жаткан эшекке окшойт (т.а. анын оордугунан чарчап-чаалыгышат, бирок, ал Китептин ичиндеги нерселерден пайдаланышпайт). Аллахтын аяттарын жалган деген коомдун мисалы канчалык жаман. Аллах мындай залим коомду хидаят кылбас!”  [62:5]

Насаатчылар адамдардын туйгуларына таасир кылуучу хутбаларды, зеригиштүү болуп калганына карабастан кайталай беришет. Алардын иши насаат кылуу болуп, амалдарынын натыйжасын акыретте көрүшүнө Үммөттү канааттандыруу. Бул дүйнө бузукчулукка толуп бара жаткан болсо да, “жетекчилер”ге унчукпастан, бул Аллахтын каалоосунан деп билип, ушул абалга ыраазы болууга, унчукпоого, мүмкүнчүлүгү жетишинче ибадаттарды кылып, коомдогу бузукчулуктарды жакшы абалга айландырып коюшун Аллахтан суроого чакырышат. Акыйкатта болсо, Аллах Таала алгач бул мункарларды өзгөртүүгө өздөрү аракет кылышын мойнуна жүктөгөн:

إِنَّ اللَّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ

 „Аныгында, бир коом тээ өздөрүн өзгөртмөйүнчө, Аллах алардын абалын өзгөртпөйт “. [13:11]

Муфтийдин иши берилген суроолорго үйрөнгөн илиминен туруп фатва берүү болуп, сурагандар ага амал кылышы же кылбастыгына же бул суроонун далилдер негизиндеги шаръий өкүмү кандай экендигине маани бербейт. Адамдар анын акылынан келип чыккан, саясатка ылайыкташтырылган “өкүмүн” шарият деп түшүнүшөт. Аны Үммөттүн абалы кандай экендиги же Үммөт иштерин шариятка ылайык аткаруу кызыктырбайт. Коомдун бузукчулукка толуп бара жатканы менен иши да жок. Бирок, алардын фатваларына амал кылып болбойт, себеби, Аллах Таала проблемаларыбызды Куран жана хадис негизинен келип чыккан өкүмдөр менен гана ишке ашырышыбызды талап кылган:

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ

  • Эгерде бирер нерсе жөнүндө талашып калсаӊар, эгерде чынында элеАллахка жана акырет күнүнө ишенсеӊер, ал нерсени Аллахка жанапайгамбарына кайтаргыла!“ [4:59]

Т.а. муфтийлерге же аалымдарга эмес. Шаръий өкүмдөрдү мужтахиддердин сахих ижтихаддарынан гана билүүгө болот.

Мугалим болсо, программадагы китепти окутууга гана чектелип, окуучулардын өздүгү аны кызыктырбайт. Коомду өзгөртүү, анын да иши экендигине таптакыр маани бербейт. Жок эле дегенде окуучуларынын абалына көӊүл бурбайт, акыйкатта болсо, Аллах Таала аны жоопкер кылган: Бухарий Абдуллах ибн Умардан риваят кылышынча, Расулуллах(с.а.в) мындай деген:

“Эсиӊерде болсун, ар бириӊер жетекчисиӊер жана ар бириӊер өз раиятыӊардан жоопкерсиӊер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер…”. Дагы айтат: «Этибарын Аллахтан башкага караткан абалда таӊ атырган адам Аллахтан эмес. Мусулмандардын ишине маани бербеген абалда таӊ атырган адам мусулмандардан эмес».

Исламдын акыйда жана өкүмдөрүн адамдарга түшүнүктүү кылып, ачык-айкын жеткирүү даъват болуп, бул иште бизге Пайгамбарыбыз (с.а.в) үлгү болот. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الرَّسُولُ بَلِّغْ مَا أُنزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ

 Эй пайгамбар, сага Роббиӊ тарабынан түшүрүлгөн нерсени жеткиргин!”.           [5:67]

. فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ الْمُبِينُ

“(Эй Мухаммад), эгер эми да алар (сенден) жүз үйрүшсө, анда сенин мойнуӊда ачык-айкын кылып жеткирүү гана бар”. [16:82]

لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ

Силер үчүн Аллахтын пайгамбарында көркөм өрнөк бар. [33:21]

Демек, даъват иши бизге Пайгамбарыбыз (с.а.в)дан мурас болуп калган жана бул иш сыймыктуу болушу менен бирге өтө жоопкерчиликтүү дагы. Ошондуктан, даъватчы алгач өзүн бул ишке ылайыктуу кылып алышы керек. Аллах Таала “даъват” ишин Пайгамбарыбыз Мухаммад(с.а.в)дын мойнуна жүктөп жаткан кезде Пайгамбарыбыз(с.а.в) “Мухаммад Амин(т.а. Ишенимдүү)” деп таанылган жана көркөм кулк-мүнөз ээси болгон. Аллах Тааланын Расулуллах(с.а.в)га кайрылып:

“Албетте, сен улуу кулк-мүнөз үстүндөсүн”.  [68:4]

О.э. Пайгамбарыбыздын: “Аллах Таала мени улуу ахлактарды чокусуна жеткирүү үчүн жиберди” жана: “Мен улуу ахлактарды чокусуна жеткирүү үчүн жиберилдим”, – деген хадистери сөзүбүзгө далил болот. Туура, кулк-мүнөз коомдун негиздеринен болбосо да, бирок адамдын негиздеринин бири болуп эсептелет, себеби, адам төрт негизде калыптанат, булар – акыйда, ибадат, ахлак жана мамиле. Эгерде булардын биринде кемчилик болсо, демек, мындай “даъватчы” өзүн оңдоп алууга көбүрөөк маани бериши керек. Ошондуктан, этикады кайрыисламий болуп, адеп-ахлагы чырайлуу болгон адамдан өрнөк алынбайт. Себеби, ал мындай абалда кафир болуп эсептелет. Акыйкатта болсо, куфрдан артык күнөө жок. О.э. ахлагы чырайлуу болуп туруп, ибадаттарды өтөбөй турган же мамилелеринде шарият өкүмдөрүнө ылайык иш кылбай турган адамдын да этибары жок. Ушундан келип чыккандай, адамды тарбиялоодо этикад, ибадат, мамиле жана ахлактын биргеликте болушуна көӊүл бурулушу керек. Ахлактын өзүнө гана маани берип, калган сыпаттарды таштап коюу жайиз эмес. Мындан да маанилүүрөөгү, этикадга канааттанбай туруп, башка эч бир нерсеге маани берүү жайиз эмес. Ахлактагы эӊ негизги нерсе, анын Ислам этикады негизине курулуусу т.а. мусулман адам ахлакка бул Аллах Тааланын буйрук жана кайтаруулары деген негизде ээ болушу керек. (Бул тармакта бизге “Исламий нафсия негиздери” китеби жакшы жардамчы болот). Өз шахсиясын тарбиялап алуу даъватчы үчүн дагы да маанилүүрөөк. Себеби, фасиктин сөзүнүн эч кандай мааниси жок. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا

  • Эй момундар, эгерде силерге бир фасик кимсе бирер кабар келтирсе, силер(чыныгы абалды) аныктап-текшерип көргүлө! [49:6]   (уландысы бар).

Гариб.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *