Даъват мене амру маъруфтун айырмасы барбы (1)

qurankg-1024x683

بسـم الله الرحمن الرحيم

ДАЪВАТ МЕНЕН АМРУ МАЪРУФТУН АЙЫРМАСЫ БАРБЫ (1)

Турмушта адамдын пикири жана убактысын ээлеп алган бир нече түрдүү проблемалар бар. Адам бул проблемаларды чечүүгө жана алардын милдеттерин өтөөгө ар түрдүү жандашат.

Эгерде биз адамдын турмушунда жолуккан проблемаларды үйрөнүп чыксак, албетте бул проблемалар ар түрдүү көрүнүштө экенин жана бири-биринен айырмаланып турушун билебиз о.э. бул проблемалар адамдагы гарыйзалар жана организм муктаждыктарына тиешелүү экендигин көрөбүз. Ошондуктан, адамдардын мына ушул проблемалар алдындагы этибарлары бир адам менен башка бир адамдын ортосунда жана бир проблема менен башка проблема ортосунда айырмаланып турат. Бул айырмалануу адамдардын гарыйзаларга болгон көз карашынын ар түрдүүлүгүнөн келип чыгат. Мисалы, кээде кээ бир адамдар бако гарыйзасын өзүнүн бардык иш-аракетине жана этибарына негиз кылып алат. Көбүнчө бул гарыйзаны негиз кылуу башка гарыйзаларга этибарсыздык кылуу даражасына алып барып коёт. Кээ бирөөлөр болсо бардык гарыйзалары үстүнөн тадайюн гарыйзасын жетекчи кылып коёт. Натыйжада ал адамдын идиреги эмес, балким тадайюн гарыйзасы үндөгөндүгүн, динде ал өтө катуу умтулуучу экендигин жана башка гарыйзаларга этибарсыз экендигин көрөсүз.

Чындыгында, адамдардын алакаларын тартиптештирүүчү өкүмдөр жана шаръий коидаларды окуп үйрөнүү менен бизге ушул нерсе белгилүү болот, адам кайсы бир гарыйзаны кандырышы башка гарыйзалардын эсебине ишке ашпашы керек жана бул турмуш бизден талап кылган нерселерге туура келет. Бирок, ошону менен бирге бул жерде тартип болушу зарыл. Туура, Аллах Субханаху ва Таала ар бир кудуреттүү мусулманга өзүн жана үй-бүлөсүн багуу үчүн кесип кылууну фарз кылды. Бирок, Аллах даъватчыга даъват талап кылган нерселерди ишке ашырууну да фарз кылган. Т.а. даъват башка иштерге салыштырмалуу жетекчи болушун талап кылат жана Аллах Таала даъват ишин мусулман аткара турган бардык иштердин борбору кылды. Себеби, Исламий мамлекет үчүн негизги аткарыла турган иш – бул даъват иши деп белгиледи. Ошондуктан, даъват иши ар бир мусулманга негизги атакарыла турган иш кылып белгиленди. Расул r айтат: “Мен адамдар ла илаха иллаллах дегенге чейин алар менен согушууга буюрулдум, эгерде алар аны айтышса менден кандарын жана малдарын сактап калышат, болгону Ислам акысын (сактай алышпайт) жана алардын эсеби Аллахка”. Шек-күмөнсүз бул сөз Пайгамбарыбыздын мамлекет башчысы болгон кездеги абалын сүрөттөп турат. Ал эми мындан мурунку абалын абакеси Абу Талибге айткан сөздөрү сүрөттөп берүүдө, анда: “Аллахка ант болсун, абаке, алар эгерде ушул ишти ташташымдын акысына оӊ ийниме күндү, сол ийниме айды коюп беришсе да эч качан таштабаймын. Ал тургай, Аллах ушул ишти жүзөгө чыгарат же мен ушул иш жолунда өлүп кетемин”, – деген эле. Бул иш Пайгамбарыбыз Мухаммад(с.а.в)дан кийин өзүн момун деп билген ар бир мусулманга мурас болуп калды. Тыянак ушул, мусулман кыла турган иштер бир максатка алып баруучу ыкмалар болуп, бул максат Исламга даъват кылуу.

Даъват өзү эмне? Даъватчы ким? Ал кандай иштерди өз мойнуна алган? Төмөндө ушуларды баян кылабыз. “Даъват” сөзүнөн лугатта чакыруу, элдин арасындагы термин боюнча болсо Исламга чакыруу түшүнүлөт. Даъват чакыруу болсо да, анын Исламда анык түшүнгү бар. Даъват – бул Исламдын акыйда жана өкүмдөрүн таалим берүү тарыйкаты болуп, кафирлер Исламды түшүнүп, аны кабыл алсын үчүн же түшүнгөндөн кийин ыктыярдуу көрүнүштө четке кагышы үчүн, мусулмандарга болсо, алардын туйгуларына таасирин тийгизе турган о.э. аларды Аллахтын азабы жана каарынан коркута турган көрүнүштө Исламды (диндеги иштерди) үйрөтүү. О.э. мусулман Аллахтын өкүмдөрүн үйрөнүүсү жана үйрөтүү тарыйкаты натыйжасында туйгулары акылына байланган убакта таасир кылуучу күчкө айлансын үчүн т.а. даъватты коомдогу адамдарга жаюудагы анын тарыйкаты – хикмат, чырайлуу насаат жана көркөм көрүнүштөгү талкуу менен даъват кылуу. Аллах Таала айтат:

«(Эй Мухаммад), Роббиӊдин жолу-динине даанакердик-хикмат менен жана көркөм насаат менен даъват кылгын! Алар (сени менен талашып тартыша турган адамдар) менен эӊ көркөм жол менен далилдешип тартышкын! Албетте, Роббиӊдин Өзү Анын жолунан азган адамдарды да абдан жакшы билет жана Ал Зат хидаят табуучу адамдарды да абдан жакшы билет ».       [16:125]

Хикмат – аклий хужжат, чырайлуу насаат болсо көркөм эскертме. Т.а. адамдардын акылдарына кайрылган убакта алардын туйгуларын жана туйгуларына кайрылган убакта болсо алардын пикирлерин козгоо. Анткени муну менен туйгулар пикирлер менен байланышып, толук көрүнүштөгү амал келип чыксын. Көркөм көрүнүштөгү талкуу болсо – бул фикратка чектелген жана жеке адамдарга, нафсаниятына өтпөй турган талкуу.(уландысы бар).

Гариб.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *