Эмне учун жетекчи тандоодо адашып жатабыз (4)

87

بسم الله الرحمن الرحيم

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИ ТАНДООДО АДАШЫП ЖАТАБЫЗ (4)

Биз мурунку бөлүмдөрдө турмушубуздагы мункар (бузук) көрүнүштөргө бир нече мисалдарды жана аларды чечүү ыкмаларын келтирдик. Биздин пикирге кошулгандарга эч кандай үзүр калбады. Абалды оӊдоо үчүн олуттуу аракет кылуудан башка жолубуз жок. Себеби, мункарга ыраазы болуу куфр, унчукпай туруу болсо фасыктык болуп эсептелет. Унчукпай туруу үчүн шаръий үзүр керек, андай үзүр болсо жок. Бул пикир имам Муслим Абу Саъийд ал-Худрийден риваят кылган хадистеги Расулуллах  с.а.вдын сөздөрүнөн алынган: «Силерден кимде-ким мункар ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Буга кудуреттүү болбосо, тили менен өзгөртсүн. Буга да кудурети жетпесе, дили менен өзгөртсүн. Бул болсо, ыймандын эң алсызы». Мункарларга ыраазы болуп туруу таптакыр мүмкүн эмес. “Сарай имамдарынын”, “шайхул исламдардын” сөзүнө кулак салып, унчукпай туруу таптакыр жаиз эмес. Умму Салама Пайгамбарыбыз с.а.в.дан риваят кылды: Расулуллах с.а.в. айтты: «Силерге өтө көп амирлер башчылык кылышат. Силер (алардын иштеринин айрымдары)  маъруф(иш экендигин), (айрымдары) мункар иш экендигин билесиңер. Кимде-ким(мункар иштерин) жактырбаса кутулат. Кимде-ким четке какса нажат табат. Бирок, кимде-ким ыраазы болуп ээрчисе…», т.а. кимде-ким мункар ишти көрсө аны өзгөртсүн. Аны өзгөртүүгө кудурети жетпесе, дили менен четке какса нажат табат. Бирок, кимде-ким алардын шариятка тескери иштерине ыраазы болсо жана ээрчисе т.а. унчукпай турса, өзгөртүү үчүн аракет кылбаса кутулбайт жана нажат да таппайт. Муслим Нафиъден, Нафиъ Ибн Умардан, Ибн Умар Расулуллах с.а.вдан риваят кылат:«Мусулман киши ырасында күнөө ишке буюрулбаган соң, ал жактырган жана жактырбаган иштеринде имамга кулак салып, итаат кылышы важиб. Эгерде күнөө ишке буюрулса, кулак салып итаат кылышы таптакыр жаиз эмес».

Ыраазы болуп, ушундай абалда уланта беришибиз Аллах Тааланын наалатына жана каарына дуушар болушубузга себеп болот, Аллах сактасын. Анткени, Расулуллах с.а.в  Абу Масъуд р.а.дан риваят кылынган хадисте айтат: «Бани Исраилге эң алгачкы кирген кемчилик төмөнкүдөй эле, бир киши башка кишиге жолуккан кезде: «Эй баланчы, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиӊди таштагын, себеби, бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес», – деп айтар эле. Андан соӊ, эртеси күнү аны менен жолугушкан кезде аны дагы ошол абалда көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбайт эле. Анан, алар ушундай кылышкандан кийин, Аллах алардын кээ бирлеринин дилдерин кээ бирлери менен урду». Андан кийин Расулуллах с.а.в. ушул аятты кыраат кылды:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ ۩ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ ۩ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ ۩ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ

– „Бани Исраилден кафир болгон адамдар Давуд жана Иса бинни Марям тилинде наалаттанышкан. Алардын наалаттанышына себеп, кылган күнөөлөрү жана чектен чыгышкандыгы. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылган иштери кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кимселерди дос туткандыгын көрөсүӊ. Аларга көӊүлү каалаган нерселери кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгерде Аллахка, Пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн китепке ыйман келтиришкенде, аларды  дос тутпаган болушат эле. Бирок, алардын көптөрү итаатсыз кимселер”.                     [5:78-81]

Андан кийин мындай деди: «Жок, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте, залимдин колунан кармайсыӊар жана аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыӊар жана албетте, аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте, Аллах кээ бирлериӊерди кээ бирлериӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».

Маъруф ишке буюруу жана мункар иштен кайтаруу Аллах мусулмандарга важиб кылган иштердин бири жана муну жамаат болуп ишке ашыруу керек.  Аллах Таала айтат:

وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ

Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, маъруф ишке буюра турган жана мункар иштен кайтара турган бир жамаат болсун”   [3:104]

Кимде-ким бул аятты түшүнүп, аны ишке ашыруу үчүн киришкен болсо жана мункарды өзгөртүү үчүн бар болгон күчүн жумшоого бел байлаган аӊ-сезимдүү мусулмандар менен биригип, өздөрүнөн болгон бир башчыга итаат кылган абалда иштерди ишке ашыруу максатында жамаат болушкан болсо, ушул аятка амал кылынган болуп эсептелет. Бирок, мункарды өзгөртүү үчүн олуттуу аракет кылышы керек, ага мүчө болуп алуунун өзү эле жетиштүү болбойт. Атына эле ошол жамаатка мүчө болуп алуу, Апендинин сызык басышынан болот. Апенди жана үй-бүлөсүн каракчылар жолдо тосуп алып, бардыгын талап-тоноп, андан кийин аялы жана балдарын акаарат кылууну, намысына тийишүүнү баштаптыр. Апендинин буга ачууланганын көргөн каракчылар бир “сызык” сызып, ушундан өтсөң сени өлтүрөбүз деп “сызыктын” тышкарысында калтырышыптыр. Андан соң аялынын, кыздарынын ал тургай уулдарынын намысына кол салышыптыр. Каракчылар кеткенден кийин аялы “сиз да эркексизби, ушунчалык кылып жиберсе да тамаша кылып тура бердиӊиз” дегенде, “эй катын! Капа болбо, мен да каракчыларды жайладым, аларга билдирбестен бир нече жолу сызыкты басып өттүм” деген экен. Ушуга окшоп, “биз ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Хизбдин мүчөсүбүз” деп колонизатордун малайлары койгон «сызык»ты басып коюп, өзүбүздү качанкыга чейин “баатыр” эсептеп жүрөбүз? Акыры бардык нерсебизге кожоюн болуп алганы жетпегендей, кыздарыбыздын жоолуктарына чейин асылып жатышат. Күндөн-күнгө бузукчулуктун түрлөрүн өнүктүрүп жатышат. Балдарыбызды мектептен баштап бузукчулуктарга үйрөтүшүп, ушул тууралуу сабактарды өтүүнү пландаштырышын кантип эле тамаша кылып тура беребиз? Бул чыккынчы жетекчилер өздөрүн, бизнестерин ойлошот, колонизаторлордун максаттарын ишке ашырып беришет. Ислам жана мусулмандардын кандай абалга түшүп бара жатканын, коомду келечек муунга кандай абалда калтырып жатканыбызды ойлоп да коюшпайт. Буларды оңдоо үчүн биз аракет кылбасак качан оңдолот? (уландысы бар).

Гариб.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *