Эмне учун жетекчи тандоодо адашып жатабыз (3)

8758757

بسم الله الرحمن الرحيم

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИ ТАНДООДО АДАШЫП ЖАТАБЫЗ (3)

  1. “Колонизатор мамлекеттердин тыңчыларын өлкөлөрүбүздөн чыгарып таштоону талап кылуу”. Себеби, кафирлер өз максаттарына жетүү үчүн кылып жаткан тышкы саясатын жана малайларына кандай көрсөтмөлөр берүүнү – тыӊчылары жардамында – биздин ички абалыбызды жакшылап үйрөнүп чыккандан кийин гана белгилейт. АКШ жана Кыргызстан ортосунда 5 жылдык виза киргизилгенин буга мисал келтирсек болот.

Бул келишимден үч нерсе көздөлөт;

а) Россиянын бизден барып иштеп жаткандарды кууп жиберүү менен өкмөткө басым өткөрүшүн токтотуу.

б) АКШ буга альтернатива катары алардагы кара жумуштарды аткара турган жумушчулар базасын көбөйтүү.

в) Кыргызстанда кезип жүрүп, Орто Азия үчүн болгон саясатын ишке ашырууда биздин өлкөлөргө келип жаткан жарандарына жол ачып берүү, себеби, алардан келгендер биздин үстүбүздөн өз саясаттарын колдонуу максатында жана байлыктарыбызды оӊой эле талап-тоноо тармагында өтө айлакер, ар кандай жырткычтыктарды эч экиленбестен пландаштыра турган адистер келишет. Булардын чыныгы табиятын билген Зат муну каалабайт жана момундарга мындай иштерге ыраазы болууну арам кылган:

 -«Аллах эч качан кафирлер үчүн момундар үстүнө жол бербейт». [4:141].

Бул иш маани жагынан өкмөткө жана орган кызматкерлеринин мойнуна түшөт, себеби, биздин өлкөлөрдө кезип жүргөн кайрыдиндердин максаттарын билүү т.а. алар кандай максатта жүрүшөт же тыӊчылык кылып жүрүшөбү муну билүү УКМКнын жана ИИИМ кызматкерлеринин иши. Бийлик тыңчылык кылып жүргөндөрдү кууп чыгаруу туурасында мыйзам кабыл алат жана орган кызматкерлери аларды таап аныктайт о.э. аларга карата мыйзамды колдонот. Бул нерсени ишке ашырууда жалпы калк аларга жардам берет. Эгерде бул иштерге кайдыгер каралып жаткан болсо, өкмөттөн да, орган кызматкерлеринен да өз иштерин аткаруу талап кылынат. Түпкүлүгүндө, УКМК жана ИИМ кызматкерлери калктын эң тандалма жана эр жүрөк уландары болуп эсептелишет, себеби бардыгы өз иштери; үй-бүлөсү, балдары, үй-жайы, соодасы жана келечеги туурасында баш катырып жаткан бир кезде, алар калктын тынчтык-бейпилдигин кантип камсыздоо максатында баш катырышат жана өздөрүн, кээде ал тургай үй-бүлөлөрүн коркунучка калтырышат. Себеби, кылмышкерлер максатына жетүү үчүн аларга зыян жеткириши мүмкүн. Бирок, алардын кылмышкерлер менен шерик болуп, адал-таза адамдардан акча өндүрүү максатында аларга жалаа жаап күн өткөрүүчү, форма кийген “митаам”, “каракчы” жана “тилемчи”лерге айланышына о.э. элдин жек көрүүсүнө дуушар болушуна депутаттар себепкер. «500 доллар менен кандай туура жашоого болсун» деп талкуулашат да, бирок, алардын үй-бүлөсүнө 10-15 миӊ сом жетет деп белгилеп коюшкан. Муну кандай түшүнүүгө болот? Аларга кооптуу иштерди тапшырышат да, үй-бүлөлөрүнө жетиштүү айлыкты бербестен “каракчы” жана “тилемчи”лерге айландыруудан  эмнени көздөшкөн? Аларда үй-бүлө, бала-чака жокпу, балдары ойноп-күлүшүн каалашпайбы? Же ар дайым элге жек көрүмчү болуп жашашы керекпи? Ошондуктан аларга: “Биздин келечегибиз үчүн жана мына ушундай туура эмес түзүмдүн балээсинен куткаруу үчүн аракет кылып жаткандарды куугунтуктоону, камоону токтоткула да, бизге массалык балээлерди пайда кылып жаткан тыңчыларды жоготуу туурасында олуттуу аракет кылгыла, “эл душманын” камакка алдым деп өзүӊөрдү же балдарыӊарды качанкыга чейин алдайсыӊар, болду эми аларды жалгандарга ишендирүүнү токтоткула”, – деп түшүндүрүү керек….

  1. Батышчыл малайлардын оозун жабуу. Алар кафирлердин пайдасына үгүттөө иштерин жана керек болгон жерде пландарын ишке ашырып берүү үчүн билип-билбестен, алардын көрсөтмөлөрү боюнча иштерди жүргүзүшөт.

Буларга кылып жаткан иштерин түшүндүрүү алгач алардын жакындарына; үй-бүлөсү, туугандары, достору, айылдаштары жана кесиптештерине түшөт. Себеби, алар үгүттөө иштерин алгач ушулардан баштайт. Ошондуктан, аларга “бул иштеринин туура эмес экендигин т.а. тарыхта жалаӊ гана балээлерди алып келгенин эскертип, өз пайдасын гана ойлой турган, пайда-зыян негизинде иш жүргүзө турган АКШ жана Россия  сыяктуу мамлекеттерден бирер жакшылыкты үмүттөнүү наадандык жана акмакчылык экенин баян кылып, логикага туура келбестигин” түшүндүрүү керек. Эгерде токтошпосо, анда массалык маалымат каражаттарында журналисттер аларды ашкерелеп, канчалык жийиркеничтүү адамдар экендигин ачып таштоо керек. Журналисттерден да “ушул күнгө чейин адамдарды жалган кабарлар менен калкты ушунча алдаганыӊар жетишет, силердин жалгандарыӊар себептүү карапайым калк бирер маалымат каражатына ишенбей калды, натыйжада бирер кабар керек болсо интернеттен издей турган болуп калды, мындан кийин калк ишенимдүү кабарларды жеӊил гана өзүбүздүн булактардан алышы үчүн өзүӊөргө болгон элдин ишенимин кайтаргыла” деп талап кылуу керек.

  1. Улутчулдук чөйрөсүн жок кылуу. Улутчулдук ар бир адамда табигый болсо да, бирок, аны колонизаторлор өз максатына пайдалануу үчүн күчөтүшөт.

Улутчулдук чөйрөсүн жок кылууда ага чакырып жаткандарга бул жийиркеничтүү иштерин түшүндүрүү иши да алгач алардын жакындарына түшөт. Себеби, алар да үгүттөө иштерин алгач ушулардан баштайт. Ошондуктан, аларга бул иштери туура эмес экендигин т.а. тарыхта бирер калк улутчулдуктан жакшылык көрбөгөнүн, бул иш өтө кооптуу жана өтө жийиркеничтүү иш экендигин о.э. бул душмандарыбызга гана пайда келтиришин түшүндүрүү керек. Немец жана орус улутчулдары буга жаркын далил болот. Кайсы улутта улутчулдук күчөсө, ошолор дүйнөгө жаман болуп таанылышат жана натыйжада миллиондогон калк бири-бирине душман болуп калат, ал тургай, бир улут өкүлдөрү арасында да “сен чыныгы эмессин” деген негизде бөлүнүшүп, өз ара душманга айланышат. Буга Кыргызстандын түштүк жана түндүгүндөгү кыргыздарды мисал кылууга болот. Бир улутту сактап калуу үчүн аракет кылууга эч кандай муктаждык жок, себеби Аллах Таала адамдарды бир ата жана бир энеден таркаткан болсо да, бирок, аларды ар түрдүү улут жана уруулар кылып койду жана муну эч ким жок кыла албайт. Адам башка тилде сүйлөө менен эле ошол улуттун өкүлүнө айланып калбайт. Мына “нобель” сыйлыгынын лауреаты Чынгыз Айтматов орус тилинде жазган болсо да, ал тарыхта кыргыз бойдон калды жана кыргыз элин дүйнөгө таанытууга салымын кошту. Акаев же Бакиевдер да башка улуттар ичинде жашап жатышканы менен ошол улутка айланып калышкан жок, уурдап кеткен байлыктары менен “милиардер” болуп, алар да кандайдыр мааниде өздөрүн таанытып жүрүшөт. Инамжан жана Кадыржандар да кудум ушундай. Же тарыхтагы хадис аалымы Имам Бухарий, алгебра илимин негиздөөчү Ал Жабир же “Абу-л-араб”(араб тил устасы) деп таанылган тилчи аалым Замахшарийлер араб тилинде чыгарма жазышкан болсо да, бирок, алар араб болуп калышпаган. Буга өтө көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Адамдарды ар түрдүү улут кылуудагы хикматты Аллах Таала төмөндө мындай баян кылат:

-«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хава)дан жараттык о.э. бири-бириӊер менен таанышып (дос-жолдош болушуӊар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) калктар жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте, силердин Аллах алдындагы эң урматтууӊар- такыбааларыӊар. Албетте Аллах Билүүчү жана Кабардар». [49:13]

2010-жылы козголгон улутчулдук чөйрөсүнүн кескиндиги азыр бир аз төмөндөгөн болсо да, бирок, аны жоготуу үчүн бирер олуттуу аракет кылынбады.  Бул болсо, кафирлер үчүн өз пландарын каалаган убакта оӊой ишке ашыруусуна ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай чөйрөнү арам кылганына далалат кылуучу бир нече хадистер бар. Ибни Аббос G риваят кылат, Расулуллах A дын мындай дегенин укканмын:

« هلاك أمتي في العصبية  ، والقدرية ، والرواية من غير ثبت »

“Үммөтүмдүн кыйроосу асабийятта (зулумдун үстүндө өз коомуна тарапкечтиккылуу) о.э. кадарийяда жана ишенимсиз кабарды риваят кылууда” .

« ليس منا من دعا إلى عصبية ، وليس منا من قاتل على عصبية ، وليس منا من مات على عصبية »

“кимде-ким асабийятка чакырса бизден эмес жана кимде-ким асабийяттаурушса бизден эмес жана кимде-ким асабийятта өлсө бизден эмес”  (Абу Давуд риваяты).

  1. Исламий чөйрөнү күчөтүү. Бул чөйрө көлөкөсүндөгү миң жылдык тарыхыбызда бул калктардын тынч-татуу, эч кандай өз ара жаӊжалсыз жашагандыктары биздин бул пикирибизди кубаттайт.

Исламий чөйрөнү пайда кылуу үчүн иштин башы өз Исламын, Пайгамбары A ды, Курани Каримди, тарыхын жана амалдарындагы шаръий өкүмдү билбеген, өзүн “мусулманмын” деп эсептеп жаткандардын жалганчы, башка калктарга баарыбызды жаман атты т.а. өз динин билбеген “баран”дар деп биздин үстүбүздөн башкалардын күлүшүнө себепчи болуп жатканын түшүндүрүү, Исламды тез үйрөнүшүнө үгүттөө иштерин жүргүзүү аркылуу ушундай чөйрөнү пайда кылалы, натыйжада динди аз болсо да билбеген мусулман баш көтөрүп жүрүүдөн уялып калсын ….Бул маселе жөнүндө өтө көп сүйлөөгө болот. Бул бир гана мисал, бирок башка маселелерде да иштерди кылууга болот, м: экономикалык тармакта, социалдык проблемалар туурасында же дамбылда-имамдар, мугалимдер, жаштар, депутаттар жөнүндө ж.б.у.с….

 Айта берсек сөз көп, бирок көп сүйлөбөстөн ишке өтүү керек. Себеби, куру сөздүн эч кандай пайдасы жок. Колонизатор кафирлер мындай сөздөрдү эсепке алышып, ошонун негизинде саясатын жүргүзүшөт, ал тургай өздөрү кеӊеш беришет. Мына Иранда тынымсыз АКШ менен Израилди каралашат жана аларды наалаттоо үчүн өзүнчө бир күндү белгилешип, ошол күндө байрактарын өрттөшүп, бардыгы аларды наалаттайт. Ал эми малай акимдери АКШнын планы боюнча аракет кылат. Ошондуктан, куру вакиъге комментарий берүү же колонизатор кафирлердин иштерин ачып, алардын канчалык жырткыч экендиктерин ачык айтышынын өзү да алардын пландарынын бири т.а. пикир эркиндиги; “демократия”. Мындай куру сөздөрүбүз менен ага салым кошуп жатабыз. Турмуш болсо, алар пландаштыргандай кете берет. Кааласа согуштурушат, кааласа жетекчи алмаштырышат же колундагы мүлкү сыяктуу бири-бири менен талашышат. “Эгемендүү” кылып көрөт же андан баш тартып, ачык кул кылууга пландарды иштеп чыгышат. Биз болсо, заманбап кулдар сыяктуу, кор-зар болуп жүрө беребиз. Тынчтыгыбыз да аброюбуз да болбойт. Өнүгүү туурасында пикирлөө бул жакта турсун, ал жөнүндө ойлонуу кыялыбызга да келбейт. Ар күнүбүз кооптонуу менен өтүп, турмушубуз күндөн-күнгө начарлап бара жатат. Биз болсо куру сөз же жакшы үмүттөр менен күндөрдү өткөрүп жатабыз. Кээ бирөөлөрдүн турмушубуздун  өзгөрүшүн Аллах Тааладан күтүшүн кандай түшүнсө болот, акыйкатта болсо, бул иштер алгач биздин мойнубузда экендигин ачык баян кылган аяттар бар;

– „Аныгында, бир коом тээ өздөрүн өзгөртмөйүнчө, Аллах алардын абалын өзгөртпөйт“.      [13:11]

Эмне үчүн аларга кулак салбай жатабыз? Же мойнубуздагы иштерди кылып бүттүкпү, кезек Аллахтын нусратын күтүүбү? Же бардыгы ыйман-эътикадын жана ар-намысын жоготуп болгонбу?

Жок, андай эмес, биздин калктар сыяктуу намыстуу эл болбосо керек. Ар-намысын жоготкондор жалпы калк эмес, тескерисинче өздөрүн, бизнесин жана креслосун гана ойлой турган “жетекчилер”, “саясий лидерлер”. Мунун себеби, менимче, бул кырдаалдан кутулуу жолдорун көрсөтүп, өзү баш боло турган бирер ишенимдүү саясий партия жоктугунда. Себеби, бул  сыяктуу темадагы иштер жеке адамдар кылышы мүмкүн болбогондуктан жана бул иштердин табияты жамаат болуп аткарууну талап кылгандыктан мындай иштер жамаатка жүктөлөт жана бул жамаат белгилүү пландар негизинде жалпы элди башкарат, аларга эмне кылуу керектигин  көрсөтөт. Ошондуктан, бул  сыяктуу иштерди аткарууну өз мойнуна алган, аткара турган иштерин жакшы билген жамаат болушу зарыл. Жамаат болушу үчүн бул иштерди түшүнүп, аларды ишке ашыруу негизинде бириккен адамдар жана арасында бул иштерди аткаруу жоопкерчилиги мойнуна жүктөлгөн жетекчиси жана итаат кылууга ант ичкен мүчөлөрү болушу керек. Жетекчи негизинен жамаат мүчөлөрү ортосундагы тартипке жана аткарыла  турган иштерди белгилөөгө, алар кандай даражада ишке ашып жатканына жана ал иштер үчүн пландарды иштеп чыгууга жоопкер. Калгандары болсо ушул иштерди жакшы билишсе да, ишке ашырууда жооптуунун планына итаат кылышы шарт. Антпесе, жамаат болбойт. Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллах Таала адамдын табиятын  жана мындай иштердин акыйкатын билгендиктен Расулу Мухаммад A жалгыздыгында мындай иштерге буйрубады, ал тургай, кээ бир сахабалары жамаат даяр боло элегинде бул иштерди баштаганда аларды токтотууга аракет кылды. Бул амалдарда, негизинен, көздөлгөн натыйжа маанилүү болот. Көздөлгөн максатка алып барбай турган иштер менен алек болуу ишти кечиктирет. Тарыйкат (жол) мына ушул. Ошондуктан, Расулуллах A, жамааты даяр боло элегинде кылынган Абу Зарр Gнун аракетин токтотуу максатында уруусуна кайтууну насаат кылган. Ошол кезде биринчи баскыч т.а. жамаат даярдоо баскычы болчу.

Ушулардан белгилүү болгондой, иштин башталышы т.а. тарйыкат боюнча биринчи баскыч ошол жамаатты даярдоо болот. Уюштурулган болуп, өз ишин аткара албай жаткан болсо, анда сакафат баскычы болгон биринчи баскычты текшерип чыгуу керек.

«Хизбий уюшуу» китеби мүчө таасир өткөрүү баскычына өтүшү үчүн толук ээлеши зарыл болгон бир нече шарттарды койгон жана «хизб мүчөсу сакафат баскычынан таасир өткөрүү баскычына сакафий жактан жетилгенден кийин гана өтөт…,

Демек, мындай иштер тарыйкат боюнча жамааттын мойнунда. Алгач аны даярдоо керек, бар болсо андан талап кылынат. Бирок, мен кеӊеш катары азыр эмне иштер кылуу мүмкүндүгүнө мисал катары өз райымды айтып өттүм. (уландысы бар)

Гариб.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *