Курани Карим Алланын түбөлүктүү мөжизасы

Курани Карим Алланын түбөлүктүү мөжизасы

(Ажыз калтыруу жана чакырык)

Курани Карим Ислам рисалатынын акыйкаттыгын далилдөөдө пайдубалга окшойт. Ушуга карай, анын ажыз калтырууда далил-хужжат экенин жокко чыгаруу – бул Ислам коргону бүтүндөй жемирилди дегени. Бул коргон коргон болуп, Ислам таңы аткандан баштап чыгыш-батышка шоола чачты. Куран илиминин изилдөөчүлөрү токтолгон ажыз калтыруу жаатынын тафсилатына киришип отурбастан, жөнөкөйүрөөк жана адам түшүнүгүнө жакыныраак болгон ажыз калтыруу жагына чектелемин. Бул жак Курандын ушул жааттагы анык жана түздөн-түз хытаб-кайрылуусу менен үндөш келет. Бул теманын негизги маңызына киришүүдөн мурун, ушул тема таяна турган элестетүүлөрдү көрүп чыгуу керек.

Акыл касиети болбогон, өз майданында чектүүлүк менен сыпатталган көз алдыбыздагы табияттын тутумдук бөлүктөрү өзүнүн бар экендиги жана бир жипке тизилген шурулар сыяктуу жайгашуусу үчүн чоң күчкө муктаж болот, бул күч болсо жоктон бар кыла ала турган, нерселерди назик түрдө башкара алуу жана барлыктагы нерселерди ажайып ыкмада тартиптештире алуу кудуретине ээ болгон күч. Ошондуктан, мындай иштер көр-керең болгон табияттын өзүнөн жүз бериши таптакыр мүмкүн эмес. Демек, барлыкты башкарып жаткан түзүм сезиле турган хикмат жана мыйзамдарга таянат, аларды этибарсыз таштап коюп да болбойт, алардын тадбир-чара менен башкаруучу даанышман Жаратуучуга муктаждыгын инкар кылып, жокко чыгарып болбойт.

Адамды аклий кудуретке жана эрк-ирода эркиндигине ээ экенин шылтоо кылып, ушул коидадан истисна кылып болбойт (б.а. ушул эрежеден чыгарып салуу туура эмес). Себеби, ал ааламдын жеңип болбос мыйзамдары алдында өзүнүн чектүүлүгүн жана ажыз-алсыздыгын моюнга алат. Ал ачылыш жасоо учурунда бул мыйзамдарды түшүнүүгө катуу киришет жана аларга моюн сунуудан башка чара таба албайт. Жерди көгөрткөн жана асман ичине шуңгуган адамзаттын абалы ушундай болгон соң, адам сезе турган башка махлукат-жаратылмыштар дагы да ажызыраак болот. Ошондуктан, жаратуучу жана табиятты башкара турган мыйзамдарды иштеп чыгуучу Зат ааламдагы махлукаттар чөйрөсүнөн тышкарыда экендиги өз-өзүнөн айкын болот. Философтор жана ойчулдар аалам, адам жана тирүүлүктү жоктон бар кылууда ушундай чексиз кудурет Ээсине важибул вужуд т.а. азалий Жаратуучу, бардык махлукаттар бар болушунда ага таянат деп өз ара аныктама беришкен.

Адам айланасына назар таштайт. Аны бир канча каалоо-майлдар жашоосундагы ролун түшүнүүгө жетелейт. Бул дүйнөгө келүүдө андан сурап да отурулбагандыгы, өтө көп нерселерде өз ыктыярына таштап коюлбаганы, мындан сырткары, бул жерде дайыма кала албашы, жалпысынан алганда, дүйнө табияты туурасындагы көп суроолорго жооп издейт. Адам өз суроолоруна жооп бере ала турган кандайдыр бир философия жаратууга мажбур болот. Бирок, көңүлү бейгам болбойт, өзүн эркин сезе албайт. Тескерисинче, ошол кабыл алынган философия канчалык зор болбосун, өзүнүн бул дүйнөдө туруу жана мажбурий түрдө бул жерден кетүү себептерин акылды канааттандыра турган жана табиятка дал келе турган түрдө толук-жетик чечип бере турган жаркын пикирди бере албаган соң, таң-маң жана туруксуз болуп кала берет.

Рисалат Алла (важибул вужуд) тарабынан Өзү адамзат арасынан тандап алган кишиге (т.а. пайгамбарга) түшөт. Мындан көздөлгөн максат болсо, ошол пайгамбардын адамга анын жаралышынан көздөлгөн максатты көрсөтүп, ага турмуштагы ролун жана жүрө турган прогаммасын белгилеп берүүсү. Муну менен адам – Алла адамзатты башка махлукаттардан мукаррам жана абзел кылып койгон даражасына – ошол программа аркылуу көтөрүлөт. Эми болсо мына ошол рисалат ээсин тастыктоого муктаждык туулат. Анткени, рисалат ээсине өзү көтөрүп чыгып жаткан даъваты үчүн далил керек болот. Себеби, ал алдамчы эмес. Болбосо, туш келген адам пайгамбарлыкты дааба кылып, адамдар кыйын акыбалга түшүп калган болор эле.

Далил (мөжиза) да жер калкын айып-кемчиликтен аруу Жаратуучуга байламакчы болгон рисалатка дал түшүп келет. Т.а. бул далил Жаратуучунун жалгыз Өзү гана өкүм жүргүзө турган табият мыйзамдарынан тышкарыдагы нерселерди көрсөтүү менен адамзатты таң калтырат. Демек, муну менен чакырык катары далил ортого ташталат, адамдар болсо – топтолгон абалда болушабы, же өз-өзүнчө абалдабы – бар мүмкүнчүлүктөрү менен мындай нерсени келтирүүдөн ажыз калышат (б.а. буга алсыздык кылышат). Бул болсо өз кезегинде рисалатты алып чыгып жаткан кишинин пайгамбарлыгы хак экенин далилдейт жана ал далил куфр менен ыйман ортосундагы чечүүчү хужжатка айланат.

Ошентип, мисалы, оттогу күйгүзүү сыпаты жок болот да, Ибрахим алайхис-саламга азар бере албайт. Муса Калимуллахтын таягы жыланга айланып калат. Иса алайхис-салам Алланын уруксаты менен өлүктөрдү тирилтет. Бул көрүнүштөр өз ээлеринин хак пайгамбар экенин аларды көрүп, күбө болуп турган кишилерге далилдөөчү мөжиза болушу үчүн Илахий ирода табият мызамдарына аралашып, аларга таасир өткөзөт. Лекин, бул мөжизалар хужжат болууда белгилүү бир үммөттөргө жана доорлорго байланыштуу болгон. Бирок, алардын жүз бергени чын экенине ыйман келтиришибизге далил – алардын хужжат болушу бирер үммөткө же доорго байланыштуу болбогон түбөлүк мөжиза болгон Алланын Китебинде келгендиги.

Курани Карим улуу пайгамбар Мухаммад с.а.в га түшүрүлгөн. Ал киши аны мен жазганмын деп дааба кылбаган. Эгер ошондой дегенде, адам табиятынан келип чыгып, же турмуш мыйзамына ылайык кимдир бирөө ал киши алып келган нерсени же андан да жакшыраагын келтирген болор эле. Негизи, мындай абал жүз бербеген. О.э. эч ким аны мен жазганмын деп дааба кылбаган. Алар ушундай кылышканда, аларга да ошол өкүм туура келер эле. Т.а. кайсыдыр адам Куран жаза алганда эле, башка бир киши да ошондой, же андан да жакшыраагын жазбай коймок эмес. Мындай абал да жүз берген эмес. Мындай ишти кылуу мүмкүн эместигинин тафсилатына эми киришебиз. Демек, ушунун өзү Куран Алла Табарока ва Тааланын Китеби экенине далил болот.

Курандын форма-шекилдери араб тили харф-тыбыштарынын «алиф»тен тээ «йа»га чейин болгон коидалары жана билимдери байланыштуу болгон нукура араб тилинде болуп, Куран отуз бөлүктүн ичинде бир жүз он төрт сүрөгө бөлүнгөн жана алты миң эки жүз отуз алты аяттан түзүлгөн. Көп аяттарынын көлөмү эң кыска сүрөдөн чоңураак.

Буюк пайгамбар Мухаммад с.а.в өзүнө каршы болгон кишилердин алдына барды. Алар араб тилин жакшы билген жана араб тилинин ырын (поэзиясын) да, насрин (прозасын) да ушунчалык жакшы өздөштүргөн адамдар болуп, кудум Фиръавн сыйкырчылары сыйкыр тармагында жетишкен, Иса алайхис-салам коому медицина тармагында жетишкен даражада бул тармактын кыл чокусуна жетишкен эле. Ошондой кишилердин алдына барып, аларды Курани Каримге окшошун келтирүүгө чакырды:

قُلْ لَئِنِ اجْتَمَعَتِ الْإِنْسُ وَالْجِنُّ عَلَى أَنْ يَأْتُوا بِمِثْلِ هَذَا الْقُرْءَانِ لَا يَأْتُونَ بِمِثْلِهِ وَلَوْ كَانَ بَعْضُهُمْ لِبَعْضٍ ظَهِيرًا

– «Айткын: «Ант болсун, эгер бардык инсандар менен жиндер мына ушул Курандын окшошун келтирүү жолунда биргелешип, бири-бирлерине көмөкчү болушса да, анын (т.а. Курандын) окшошун келтире алышпайт». [17:88]

Чакырыкты күчөтүү жана анын күчүн көрсөтүү максатында айрым гана сүрөлөрдү келтирүүнү талап кылды:

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِعَشْرِ سُوَرٍ مِثْلِهِ مُفْتَرَيَاتٍ وَادْعُوا مَنِ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

— «Же: «Аны (т.а. Куранды Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби? Айткын: «Анда, эгер ыраскөй болсоңор, Алладан башка күчүңөр жеткен бардык буттарыңарды (жардамга) чакырып, ушуга окшош он гана «ойлоп чыгарылган» сүрө келтиргиле!» [11:13]

Чакырыктын эң кем өлчөмү болгон бир гана сүрө келтирүүлөрүн катуу талап кылды:

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِثْلِهِ وَادْعُوا مَنِ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

— «Же: «Аны (Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби?! (Эй Мухаммад алайхис-салам), айткын: «Анда, эгер ыраскөй болсоңор, Алладан башка күчүңөр жеткен бардык (буттарды жардамга) чакырып, ушул (Куран)га окшош бир гана сүрө келтиргиле!». [10:38]

Бул чакырыкты баса белгилеп, аны кайрадан кайталады:

وَإِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَى عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

— «Эгер Биз пендебизге (Мухаммад алайхис-саламга) түшүргөн нерседен (т.а. Курандан) шек-күмөндө болсоңор, анда ошого тең келе турган бир эле сүрө келтиргиле да, Алладан башка күбөлөрүңөрдү чакыргыла – эгер чынчыл болсоңор». [2:23]

Курайш чакырыкты билбей калышы эч мүмкүн эмес эле. Себеби, Курани Карим Мухаммад с.а.в дын пайгамбар экендигинин да, Ислам рисалатынын тууралыгын да далилдөөдө негизги орунду ээлер эле. Турмуштун жаңы дастурун көрсөтүп туруучу акыйда жана шарияттарды өз ичине алган бул рисалат жахилий коомдун тутумдук бөлүктөрү менен кагылышып, аларга катуу таасир өткөзүп, бардык абалдарды: этикат, саясий, экономикалык жана ижтимаий болобу, астын-үстүн кылып таштаган эле. Курайш жетекчилери бул чакырыкты кабыл алып, урунуп көрүштү, урунушканы менен, бардык урунуулары текке кетти. Бул болсо өз кезегинде тил менен далилдешүүнү жыйыштырып коюп, күрөштү катуу колдук жана жырткычтык менен улантууга алып барды.

Ислам даъватын жанчып таштоого урунуп көрүштү. Он үч жыл эч бир курал, козголоң жана зомбулуксуз, жалаң сөз жана чакырык менен гана каршылык көрсөтүүгө чектелген даъватты жок кылуу үчүн бардык ишти: өлтүрүү, кыйноо, сүргүн, камалды колдонушту. Ошентип, Курандын улуу сөздөрү алардын алиппе тыбыштарынан түзүлгөнү о.э. өздөрү түшүнүп турган, кадырын биле турган, ордун улуулай турган, сырларын жана ажайибаттарын башкалардан көрө жакшы түшүнө турган тилде болушуна карабастан, алардан үстөм келди. Исламий даъваттын салабаты ашып, жаңы тарапкерлерди тартты. Натыйжада, Мекке тогуттарынын коону колтуктарынан түшүп, дагы да жырткычтанып кетти. Набий с.а.в га каршы тил бириктирип, ал кишини өлтүрүү үчүн план иштеп чыгышты. Пайгамбардын издештерине карата да кыйноолорду күчөттү. Негизи, алардан бир гана сүрө келтирүү талап кылынган эле. Эгер ушуну кыла алышканда, Ислам ташбишинен өмүр бою кутулган болушар эле. Бирок, мунун чарасын таба алышпады:

تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

— «(Бул Куран) Кудуреттүү жана Хикматтуу Алла тарабынан түшүрүлгөн Китеп».        [46:2]

Жөнөкөйлөтүп айта турган болсок, Ислам даъваты өз күчүн жоготушу үчүн Курани Каримде жазылган бир гана сүрө келтирилсе жетиштүү болмок. Ушуну да айта кетүү керек, чакырыкты кабыл алган киши 6144 сөздөн турган «Бакара» сүрөсүнө окшошун келтирбей эле койсун. Балким, он гана сөздөн түзүлгөн үч аяттан турган «Кавсар» сүрөсүнө окшошун келтирсе болду. Ооба, бир саптан да кемирээк, бир гана сүйлөмдөн түзүлгөн бир сүрөнү келтирүү ушул диндин негизги душмандарынан болгон наср жана ыр чеберлери үчүн Ислам барагын бүтүндөй жабууга жетиштүү болот эле.

Бирок, мындай болгон жок, болбойт дагы. Мунун зор мааниге ээ бир себеби бар. Ал да болсо Куран бирер нерсенин эмес, Алланын сөзү болуп, анын дүрлөрү ажайып түрдө терилип коюлган. Улуу Пайгамбар с.а.в дын негизги душманы Валид ибн Мугийра аны минтип сүрөттөдү: «Аллага ант болсун, азыр Мухаммаддан бир сөз уктум, ал адамдын да, жиндин да сөзү эмес. Анда жагымдуулук жана көркөмдүк бар. Ал көтөрүлөт. Эч нерсе андан бийиктикке көтөрүлө албайт».

Балким, кимдир бирөө: Куранда мөжизалык бар, аны түшүнүү болсо арабтарга чектелген. Себеби, алар бул тилден лаззаттана алышат, андагы маанилерди түшүнүшөт. Ушундан улам, Курандагы ажыз калтыруучу жактарды идирек кыла алышат. Бул болсо, арабтардан башкаларга туура келбейт. Ошондой болгон соң, кантип Куран бүткүл ааламга хужжат эсептелип, аларды Исламды кабыл алууга мажбур кылат? – деши мүмкүн!

Мындай талкуулоочулар Куранга ыйман келтирүү менен Исламды кабыл алуу үчүн араб тилин билүү биякта турсун, ал тургай, аны менен алектенүү да шарт эмес экендигин унуткан көрүнөт. Себеби, бул талап көпчүлүк мусулмандардан да табылбайт. Себеби, алардын көпчүлүгү араб тилин билбейт. О.э. Курандан рахат алуу, ич-ичине кирип баруу, мухитинде сүзүү, дүрлөрүн текшерип көрүү үчүн тил билүү болсо, ушул доорубузда, ал тургай, көпчүлүк арабтарга да кыйын болуп калган. Исламды кабыл алмакчы болгон киши мурункулардан билиши керек болгон нерсе, Курандын ажыз калтыруучулугу бар жана ал адамзаттан кимдир бирөө Курандан бир сүрөгө окшошун келтирсин деген чакырыкка каратылган. Жөнөкөйүрөөк кылып айтылса, Куран бүткүл адамзатты Исламдын ишин жокко чыгаруу үчүн көп эмес, бир жолу гана, Курандын бир саптан ашпай турган, он гана сөздөн турган бир сүрөсүнө окшошун келтирүүгө чакырат. Араб тили кол астыбызда турганына о.э. ал эрежелери менен амал кылына турган жана жүз миллиондогон адамдар сүйлөшө турган тил болушуна карабастан, бул ишти эч ким эптей албады. Демек, бул нерсе Куран Жараткан Эгемдин сөзү экендигине анык далалат кылууда.

Демек, билиниши ылазым болгон нерсе, муну бүткүл мусулмандар – арабтары да, ажамдары да түшүнүп турушат – үммөттөрдүн баары топтолгон абалда да, ажыралган абалда да, жеке абалда да, жамаат-жамаат болгон абалда да Курани Каримден бир гана сүрөгө окшошун келтирүүдөн ажыз калышты. Мусулмандарга кайрымусулмандардын көпчүлүгү араб тилинен жакшы кабардар экени маалым болсо да, тил тармагындагы жөндөмдөрү эмес, балким, доорлор өтүшү менен Курандан ушунчалык аз эле өлчөмүнө окшошун келтире алуудан ажыз калышканын түшүнүүлөрү о.э. чакырык менен бирге өз ара биригүү факторлорунун бар экендиги аларды Курани Каримдин мукаддас-ыйыктыгына жана ал Алла Таала алдынан түшүрүлгөнүнө багынууга мажбур кылды.

Айрым талкуу кылуучулар суроону башкачараак кылып беришет: Бирок, араб да, мусулман да болбогон кишилер араб тилин билишпесе, Куран текстине окшото да алышпайт, анын мөжизалыгын баян да кылып берише албайт, кала берсе, алардан Курандын хужжат экенин жана мөжизалыгын кантип талап кылуу мүмкүн?!

Дагы айтып өтмөкчүбүз, талап кылынып жаткан нерсе Куранда келген сүрөгө ошкошун – он сөздөн куралган бир сүйлөм көлөмүндө болсо да – адам перзенттеринен эч ким келтире албастан, ажыз калганын түшүнүп жетүү. Негизи, мындай абал жүз бербеди о.э. эч ким келтире албады. Ушуну менен Курандын хужжат экени ажыз калтыруунун мына ушул түрүнөн кабардар болгон ар бир кишинин мойнуна аны баян кылууну жүктөйт.

Ар кандай күмөндү жоготуу үчүн кошумчалайбыз: Туура, сүрөнү бир гана араб тилинде түзүүгө мүмкүн. Ушуга ылайык, урунуп көрүү үчүн араб тилин тыкан үйрөнүү шарт. Бирок, талап кылынган нерсе бул орунда бийик жөндөмгө ээ болгон, лекин, ушул нерсе асл тил ээлери жана анын чеберлери болушуна карабастан өтөсүнөн чыга албаган кишилер бар экендиктерин билүү, түшүнүү болуп саналат. О.э. ошондой жөндөмдөргө ээ болгон, негизги ой-ташбиши Исламды бүтүндөй жок кылуу болгон кишилер да бар. Бирок, бул иш алардын да колунан келбеди. Кала берсе, ошонун өзү Курани Каримдин мөжизалыгы чын экенине этикат кылууга мажбурлайт.

Жогорудагыларга кошумча түрдө ушуну да айтууга болот, чакырык эшиктери али да ачык. Шек жок, Исламдын ишине болгон этибар дүйнөдө чоңойуп барууда, аны жокко чыгаруу маселесине чоң мамлекеттер жана түрдүү улуттар көңүл бурууда. Ушул ишке бел байлаган ар бир кимсе араб тилин түшүнүшү жана үйрөнүшү мүмкүн. Мунун эч кыйынчылыгы жок. Анткени, бүткүл тилдерди үйрөнүү иши байыртан бар. Кала берсе, ошол эле учурда, жогорку жөндөм менен бир нече тилдерди акыл таң каларлык даражада биле турган кишилер абдан көп. Ушул нерсе факт экендиги анык, көп тилдерди жакшы биле турган мындай кишилерге Курандын мөжизалыгы күчтүү экендиги айкын. Себеби, алар ачылыш жасоонун бардык факторлору жетиштүү болгон тилде бир катардан ашпай турган бир сүйлөмдү бир жолу гана келтирүүнүн да мүмкүнчүлүгү жоктугун башкаларга караганда жакшырак түшүнүшөт.

Бул темабызда иш – жогоруда айтып өткөнүбүздөй – тилди (т.а. араб тилин) тыкан билүүгө тиешелүү. Анткени, бул тилде мөжизавийлик бар деген кептин каталыгын далилдөө Исламды жок кылуу үчүн байма-бай уюштурулган чабуулдарда, узак кылымдарга созулган кресттүүлүк согуштарында, кандуу хазараттар күрөшүндө желип-жүгүргөн, азыр да «терроризм»ди тамыры менен кууратуу үчүн уюштурулган түрдүү чабулдарда желип жүгүрүп жаткан кимселерди бактысыздыктан куткарууга жетиштүү эле. (Т.а. алар Куран тилинде мөжизавийлик жоктугун далилдей алышканда – албетте, муну далилдей албашы анык – бешенелерине бактысыздык тамгасы басылышынан кутулуп калышкан болор эле). Чындыгында, Ислам узак кылымдар бою күрөштүн маанилүү факторлорун көрсөтүп келүүдө. Ири мамлекеттер жана империялар бүткүл этибарларын дайыма Исламда калыптанган чакырыкка жана коркунучка каратып келишкен, эч бир абалда бул чакырык жана коркунучка көз жума алышпаган. Чындыгында, Ислам Батыштагы саясатчылардын да, Чыгыштагы саясатчылардын да бип-бирдей уйкусун бузган жана бузуп келүүдө.

Ислам душмандары Исламий Үммөт менен болгон күрөштөрүндө динди кыймылга келтирүүчү күчтү жок кылуу үчүн өтө чоң мээнет сарпташты. Айрыкча, соңку кылымдарда Батыш тарабынан алып барылган иштердин күбөсү болдук. Себеби, чыгыштаануучулардын аракеттери өтө чоң болду. Алар Исламды жаманатты кылуу үчүн узак убакыт түрдүү ыкмалар колдонушту. Анын өкүмдөрү туурасында чалгытуу жана күмөндөр козгоого умтулушту. Кимдир бирөөнүн оюна «алар Исламды түп тамыры менен жок кылуу үчүн Курандан он сөздөн гана түзүлгөн бир сүйлөмдөн турган сүрөгө окшошун келтирүү туурасындагы Кураний чакырыкты унутушкан» деген нерсенин келиши туура эмес.

Кала берсе, Батышта Исламга жана арап тилине адистешкен изилдөө борборлорунда ушундай чыгаан адис жана изилдөөчүлөр бар болуп, алар аркылуу иштердин эң назик тафсилаттарынан да кабардар болуп турушат. Алар бул тармакта миңдеген изилдөө борборлору аркылуу чоң күчтөрү бар экендиги менен даңкы чыккан. Кимде-ким Лондон, Париж, Москва, Вашингтондогу адистешкен илимий изилдөө институттары жана борборлоруна барса, араб тилин абдан жакшы биле турган кайрымусулман чыгаан профессорлорду көрөт. Ал тургай, алар Шафиий, Малик жана Абул Асваддардын шериктери болгонбу деп да ойлоп кетесиң. Бул билимдандар жана адистик ээлери – керектүү болгон бардык колдонмолору бар боло туруп, эч кандай тоскоолдук болбосо да – Курандын мөжизалыгын жок кыла турган нерсени сунуш кыла алышпады. Ошондой болгон соң, башкаларга Курандын улуу даражасына икрор болуудан, анын мөжизалыгын жана Ислам рисалатынын хак экендигин тастык кылуудан башка чара калбайт.

Курандын мөжизалыгын, жеңилбөөсүн жана таң калтыруучулугун дагы да көтөрө турган нерсе – бул чакырык эшигинин Кыяматка чейин ачык калтырылганы. Чындыгында, айтып өткөнүбүздөй, бул тармакта ишке ашырылуу талап кылынган нерсе кемдигинен тышкары (т.а. бар болгону, бир гана сүрө келтирүү талап кылынды), атаандаштарды биригишип иш кылууга үндөөчү чакырык бар о.э. аларда мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Кыскасы, бул тармакта белгилүү бир мөөнөт белгиленген эмес. Муну менен «колуңардан келсе Исламды бүтүндөй жок кылгылачы» деген Кураний чакырык бүткүл адамзат алдында тура берет. Бирок, Куранды жок кылуунун ылаажысы жок. Анткени, ал Алланын Кыямат кайымга чейинки ажыз калтыруучу сөзү. Ошондуктан, Куран – Ислам рисалатына жана ошол рисалатты көтөрүп чыгуучу жана аны Алла Табарока жана Таала тарабынан жеткизүүчү улуу Пайгамбар Мухаммад с.а.в га ыйман келтирүү важыптыгын көрсөтүүчү абадий-түбөлүктүү мөжиза.

Хасан ал-Хасан