Халифа умар ибн абдул-азиз: фитналарды тирүүлөй көмгөн зат

Халифа умар ибн абдул-азиз: фитналарды тирүүлөй көмгөн зат

Ислaм тарыхы тарыхый окуялар тизмеги катары гана үйрөнүлбөйт. Тескерисинче, ал үлгү алуу үчүн үйрөнүлөт. Ошондо мусулмандардын ишине башчы боло турган адам Исламды колдонуу жана өкүмдөрдү турмушта кантип ишке ашыруунун жолун билип алууда андан пайдаланат о.э. мурункулардын тажрыйбаларынан – алар чыгармачыл акыл жана жөндөм ээлери болгондуктан – пайдаланат жана алардын Исламды жакшы көрүнүштө колдонгондукттарынан сабак алат, ошол эле учурда, алар кетирген каталардан этият болууга жетишет. Натыйжада, алардын ошол каталарга кандай мамиледе болгонун жана кантип жеңип чыкканын, алардын коркунучтарга дуушар болуп, аларды да жеңип чыгышканын билип алат. Айрыкча, эч бир үммөт Ислам Үммөтүнө тең келе турган тарыхый жана хазарий мураска ээ болбогондуктан, ушундай иш алып баруу керек.

Мисалы, Умавийлердин Али каррамаллоху важхаху мууну жана аларга кошулгандар (шиалар) менен болгон фитнаны алып көрөлү. Ко-ош, туура жолдогу Умавий халифа Умар ибн Абдул-Азиз өзүнүн эки жыл беш айдан да ашпаган халифалык доорунда бул фитнаны жок кылууга кантип жетишти? Кантип, дарыя болуп аккан кандар али кургабастан туруп фитнаны тынчытып, баарына сүйүктүү боло алды? Бану Умайянын жарандарга кылган зулумуна кантип чек койду? Хавариждер менен Умавийлердин ортосундагы согушту кантип токтото алды?

Биз бүгүнкү күндө Америка Ирак жана башка жерлерде шиалар менен сүннийлер ортосуна от коюп жаткан фитна жалынын өчүрө алабызбы? Халифалык тикеленип калса, (Алланын уруксаты менен бул ишке абдан аз калды) биз да халифа Умар ибн Абдул-Азиздей мусулмандардын ортосундагы бул тосмону алып таштай алабызбы? Ооба, Умар фитна отун өчүрүп, дилдерди бириктирген эле. Ал тургай, Аббасий халифа Мухтадий «Мен Марван балдарынын арасынан Умар ибн Абдул-Азизди көрүп, Аббас балдары арасында – алар Пайгамбардын мууну боло туруп, ага (т.а. Умарга) окшобогонума уяламын»1 деп жиберген. Хавариждер анын кулк-мүнөзүн жана даттанууларды кантип чечип жатканын көргөндөн кийин, бир жерге топтолуп «Биз бул адам менен согуш кылышыбыз дурус эмес»2 дешкен. Рыбаят кылынышынча, имам Жаъфар Садык ибн Мухаммад Бакир мындай дейт: «Абу Хафс Умар ибн Абдул-Азиз солих пенде эле. Бизге бал салына турган чаначтарда дирхамдар менен динарларды белек кылар эле»3. Хусайн ибн Алинин кызы Фатима аны мактап мындай дейт: «Эгер бизге Умар ибн Абдул-Азиз калганда, эч кимге муктаж болбогон болор элек»4. Ко-ош, Умар ошондой улуу иштерди ишке ашыргыдай кандай сыпаттарга ээ болгон?

Биринчиден: Жакшы мүнөздүү жана акыйкатка баш ийүүчү болгон

Ал жарандын абалы жетекчинин абалына карап болот деп билип, «валий кудум кездеме алып келине турган базарга окшойт, эгер ал жакшы болсо, адамдар ага жакшылыктарын, эгер жаман болсо, адамдар жамандыктарын алып келет»5 дечү. Ал жарандын иш тутушу жетекчисине карап болушун түшүнгөнү үчүн бардык жакшылыктарда бардык жарандардан үстөм тура билди. Баары ага окшош болууга умтулар эле. Халифа болгонунун алгачкы күнүнөн эле Бану Умайяда бар болгон бийлик көпкөлөңдүгүн таштады. Халифа атына минүүдөн баш тартып, мага өзүмдүн качырымды алып келгиле деди. Аттын ээлери келип, анын жеми, кызматкерлеринин акысы эмне болот деп сурашканда, аны сатып, акчаны байтулмалга тапршырууну буюрду. Аялы Абдулмалик ибн Марван кызы Фатимага тиешелүү мал-дүйнөнү, жасалгаларды, кымбат баалуу таштарды байтулмалга кайтарып: «Ушул нерселер үйүбүздө бар болсо, экөөбүз бирге боло албайбыз» деди. Бул сөздү уккан аялы нерселерин байтулмалга тапшырды»6. Акчасы түгөнүп калганда да жалпы элдин мүлкүнөн өзүн ушунчалык алып качкан дейсиң, ал тургай, бир жолу жүзүм жегиси келип, аялы Фатимадан: «Өзүңдөгү бир дирхамга мага жүзүм сатып алып бер» деп сурады. Ошондо аялы: «Жок, сен момундар амири боло туруп, бир дирхамдык жүзүм сатып ала албайсыңбы» деди. Буга Умар: «Ушул нерсе бизге эртең тозокто кишен болуудан көрө жеңилирээк»7 деп жооп кайтарды. Анын күнүмдүк акысы эки дирхам эле.

Такыбасы ушунчалык даражада күчтүү эле, халифа болгон саатынан баштап, дүйнө жана анын лаззаттарынан жүз үйрүдү. Абу Хозим рыбаят кылат: «Умар ибн Абдул-Азиз халифа болгондо анын алдына келдим. Ал мага карап, мени тааныды, мен болсо аны тааный албадым. Ал «жакыныраак кел» деди. Мен жакыныраак барып, амирул-мумининсизби? – дедим. Ал ооба деп жооп берди. Мен «бизде Мадинада амир болуп турганыңызда, мингениңиз учар, кийимиңиз таза, жүзүңүз жаркыраган, тамагыңыз таттуу, кызматкерлериңиз көп болгон эле го, эмнеге мынчалык өзгөрүп кеттиңиз, эй момундар амири?» – дедим. Ошондо ал ыйлап жиберди жана мындай деди: «Кантип мындай абалга түшпөйүн, эй Абу Хозим. Үч күндөн кийин кабыр ичинде турганымда, көздөрүм чанактарыман агып түшкөндө, тилим кургап, курсагым жарылганда жана денемде курттар жөрмөлөп жүргөндө мени мындан да беш бетер тааныбай каласың го»8.

Экинчиден: Өзүнүн туугандары болсо да, залимдерди тыйып койгон

Бул иштер төмөндөгүчө болгон:

  1. Мурункулардын, айрыкча, Бану Умайянын иштеринин адилетсиздиктерин кайрадан карап чыккан.

Халифа болуп дайындалгандан кийин, өз эли болгон Бану Умайяга берилген нерселерди (артыкчылыктарды) алып койгон жана аларды иштеринен бошоткон. Алардагы нерселерди (мансап жана артыкчылыктарды) адилетсиздик деп атаган. Бардык омилдерине мындай кат жазып жөнөткөн: «Аммо баъд… Ниеттери акыйкатты орнотуу жана адамдарга мээримдүүлүк көрсөтүү болбогон жаман омилдер туткан жаман жолдор себептүү адамдар балээ-апааттарга дуушар болушту. Аларга карата Алланын өкүмдөрү жаатында жабыр кылынды… – Бану Хошимге Хумсту берди, Фадакты болсо кайтарып алды. Муавия аны Марванга берген эле»9.

  1. Нерселерди мусулмандарга Бану Умайя менен теңме-тең берүү.

Умайя ибн Абдулла ибн Амр ибн Усман ибн Аффан рыбаят кылат: «Казат кылып жүргөн кезимде Соифага барып, Умар ибн Абдул-Азиздин алдына кирдим. Ал мени жакшы тосуп алып:

— Жол болсун, эй Абу Усман, — деди.

— Кудай кааласа, казатка.

— Ата-бабаларыңа, мурунку өткөн эң тандалма адамдарга окшоюн депсиң да. Сен сыяктуу гозийлер үчүн бөлүп койгонубуз бар.

Ровий сөзүн улантат: Мен ошол бөлүп коюлган нерсени алдым. Ал элүү динар эле. Кайтып келе жатып учурадым эле, дагы ошол сөздү айтты. Ошондо мен:

— Эй момундар амири, бул менин абалыма жараша эмес-го, — дедим.

— Эч кимге андан ашык берилбейт. Байтулмалдан андан башка нерсе берүүнүн бирер жолу болгондо, сага берген болор элем.

— Менин уулум бар.

— Бул сенин акың. Омилиңе кат жазабыз. Кимдин казатта жүргөн мусулмандарды камсыздоого күчү жетсе, алардын үй-бүлөлөрүн багуу да керек.

— Мойнумда карызым да бар. Ошону да төлөп койсоңуз.

— Бул да сенин акың. Омилиңе кат жазабыз. Мал-дөөлөтүңдү сатып карызыңы төлөп коёт. Мал-дөөлөтүң жетпесе, калганын байтулмалдан берет.

— Аллага ант болсун, алдыңызга мал-дөөлөтүмдү сатып, мени эч нерсесиз калтырып коюшуңуз үчүн келбеген элем.

— Аллага ант болсун, андан бөлөк иш болбойт»10.

  1. Даттанууларды тездик менен көрүп чыгуу. Адилетсиздик жүз бергенинин тууралыгын далилдөө үчүн катъий далилдерди күтүп отурбоо.

«Сулайманды көмгөндөн кийин дорул Хилафатка (халифалык сарайына) кирип, пардалар жана килемдерди алып таштоого, кийин сатып, акчаларын байтулмалга тапшырууга буюрду. Кийин кайлула (бираз уктап алуу) үчүн бөлмөсүнө кетти. Ошондо уулу Абдулмалик келип:

— Атаке, эмне кылмакчысыз? – деди.

— Уулум, бир аз уктап алайын.

— Даттанууларды көрүп чыгуунун ордуна уктайсызбы?

— Уулум, абакең Сулаймандын иши менен болуп, түндү уйкусуз өткөрдүм. Даттанууларды бешимден кийин көрүп чыгамын.

— Эй момундар амири, бешимге чейин жашай алышыңызды каяктан билесиз?

Бул сөздү уккан ата уулуна «жакыныраак кел» деди. Алдына келгенден кийин, маңдайынан өөп, «менин кемеримден мага өз диниме жардам бере турган урпакты чыгарып берген Аллага мактоолор болсун» деп, кайлула да кылбастан, жарчыга «кимдин даттануусу болсо, келе берсин» деп жар салууну буюрду»11.

«Анын алдына куфалык бир аял келип, «эй момундар амири, момундар амири бөлүштүргөн нерседен мага да, кыздарыма да эч нерсе тийбеди» деди. Умар аялга: «Мага кечкурун жолугуңуз — деди да, артынан — Шашпаңыз, кечкурунга чейин жетпей калсамчы, Абдулмалик кызы Фатиманын алдына кириңиз», — деди. Баягы аял айтат: «Кийин мени чакырып, кат жазып берди»12.

Рахматылык Умар колунан келген ишти артка сүрбөстөн өз убагында аткарар эле. «Ага-инилери:

— Эй момундар амири, ат минип, айланып келсеңиз болор эле? – дешти.

— Мен айланганы кеткен күндүн ишин ким кылат?

— Эртеси кыласыз.

— Бир күндүн иши оордук кылып жатат-го, эки күндүн иши топтолуп калса, кандай болор экен?»13.

Абу Занад айтат: «Умар ибн Абдул-Азиз волийлердин мурун да адилетсиз болгондорун билгендиктен, даттанып келген адамдардан катъий  далилдерди талап кылбас эле. Бир аз гана далили болсо, ошонун өзү гана жетиштүү болчу. Бир жолу, ал тургай, Ирактагы байтулмал даттанууларды чечүүгө сарпталып түгөнүп калып, ага мал Шамдан алып келинген»14.

«Рахматылык Умар даттануучуга жол каражаттарын да берер эле. Бир даттануучунун маселесин чечип бергенден кийин, андан:

— Менин алдыма келүү үчүн канча сарптадың? — деп сурады.

— Эй момундар амири, мага жүз миңден да ашык тура турган жеримди кайтарып берип, дагы канча сарптаганымды да сурайсызбы?

— Мен сага өз акыңды кайтардым. Ко-ош, айт, канча сарптадың?

— Билбеймин.

— Болжол менен канча?

— Алтымыш дирхам.

Ошондо Умар ага ошол акчаны берүүнү буюрду. Алиги адам кетип жатканда аны дагы чакырды. Ал кайтып келгенде, менин (өзүмдүн) малымдан мына бул беш дирхамды алгын да, эт алып жегин, ушуну менен, иншаалла, үй-бүлөңө (сак-саламат) кайтып барасың»15 деди.

  1. Бирер бир зулумда, айрыкча, Бану Умайянын зулумунда катышкан же ошол зулумду көрүп туруп, унчукпаган кимседен жардам сурабоо.

Авзоий рыбаят кылат: «Умар ибн Абдул-Азиз үйүндө Бану Умайянын жогорку адамдары менен бирге отурган чагында:

— Ар бириңерди бир кошуунга башчы кылышымды каалайсыңарбы? – деди.

— Эмне үчүн кылбай турган ишиңди бизге айтып жатасың? – деди алардын бири.

— Мына бул үй эмеректеримди көрүп жатасыңарбы? Жакшы билемин, алар жакында эскирип, жок болуп кетет. Ошондо да, мен аны буттарыңар менен басып, кир кылууңарды каалабаймын. Эми кантип, силерди өз диниме, мусулмандардын ар-намыстарына башчы кылып коёюн!

— Биз тууган эмеспизби? Биздин акыбыз жокпу?

— Мен үчүн бул жаатта силер да, эң чекедеги мусулман да теппе-тең»16.

Бир күнү Анбасанын – Хажжаж эки мусулманды өлтүргөнүн көрүп туруп – каршылык билдирбегенинен кабар таап калды. Ошондо өзүнүн эшик агасына: «Анбаса бир жумуш менен келсе гана кирүүгө уруксат бер»17 деп дайындады. Мурун ал Умардын алдына каалаган убагында кире берчү.

  1. Адилетсиздик кылганы далилденген ар кандай адамды иштен четтетүү.

Умар ибн Абдул-Азиз бир кишини кызматчы кылып дайындаган эле. Анын Хажжаж доорунда да кызматчы болгонун угуп, иштен алып таштады. Анчалык жаман иш кылбаган элем го деп үзүр сурап келгенде, ага мындай деди: «Жаман жана жырткыч кимсе менен бир күн же андан да аз убакыт бирге болушуңдун өзү жетиштүү»18. Умар халифа болгондон кийин, Холид ибн Райян сакчылык кылды. Мурун ал Валид жана Абдулмаликке да сакчылык кылган эле. Умар ага карап туруп: «Эй Холид, бул кылычты тапшыр» деди. Кийин Амр ибн Мухажир Ансарийди чакырып: «Эй Амр, бул кылычты ал, мен сени сакчы кылып дайындадым»19 деди.

Умар ибн Абдул-Азиз Жарох ибн Абдулла Хакамийди Хуросон амирлигинен бошотту. Cебеби, ал мусулман болгон капырлардан да «Силер жизя берүүдөн качып мусулман болдуңар» деп жизя алган эле. Ошодон кийин алар кайра Исламдан жүз үйрүп, өз динине кайтып, жизя беришкен эле. Ага Умар бир кабар жиберди. Анда мындай делген эле: «Алла Мухаммад с.а.в ды салык жыюучу кылып эмес, даъватчы кылып жиберген»20.

Авзоий рыбаят кылат: «Абу Муслим мусулмандар арасында согушка чыккан кезинде Умар ибн Абдул-Азиз аны Добиктен кайтарып, «Мусулмандардын душмандар менен боло турган согушунда ага окшогондордон жардам алынбайт» деди. Анын айлыгы эки миң динар эле. Умар аны отуз динар кылып койду. Ушуну менен ал Добиктен Тароблиске кайтты. Анткени, сакифтик бул адам Хажжаждын желдети болгон эле»21. «Египет хиражын (жер акысы) жыюу ишине жетекчи кылып дайындалган Усама ибн Зайд Таннухийди да адилетсиздик кылганы үчүн иштен бошоткон. Язид ибн Абу Муслим да жаман амалдар болгондугу себептүү аны Жазаир акимдигинен бошоткон»22.

Үчүнчүдөн: Мазлумдарга сый көрсөтүү жана алардын акыларын алып берүү

Умар ибн Абдул-Азиз Хусайн ибн Али ибн Абу Талибдин уулдарынын бирине мындай деди: «Менин эшигим алдында эч качан күтүп турбагыла. Менин отурганымды билишиңиз менен сизге кирүүгө уруксат кылынат. Анткени, мен Пайгамбар rдын үй-бүлөсүнөн болгон кишинин эшигим алдында уруксат күтүп туруп калышынан Улуу жана Буюк Алладан уяламын»23. Алардын дагы бирине мындай деди: «Алла силерди азиз кылганы себептүү мен сенден жүз үйрүп, сени дүйнө менен кир кылып коюудан Алладан уяламын». Ал дагы мындай деген эле: «Биз абакелерибиз Бану Хошим менен урушуп жүрчүбүз. Кээде биз жеңсек, кээде алар жеңишкен. Алар да бизден жардам сурашчу, биз да алардан жардам сурачубуз. Рисалат күнү чыгып, мунафыктыкты кыйратты, ар бир мунафыкты тилден калтырды, ар кандай чеченди да сүйлөтпөй койду»24. Умар (розияллоху анху) дагы мындай деген: «Эгер Хусайнды өлтүргөндөрдүн арасында болсом жана менин бейишке киришим жөнүндө буйрук берилсе да, мага Пайгамбар с.а.в дын көздөрү түшүп калышынан уялып, бул ишти кылбаган болор элем»25.

Умар ибн Абдул-Азиз Зайд ибн Хасан ибн Али ибн Абу Талиб р.а нун акысы туурасында өз омилине мына мындай кат жолдогон: «Аммо баъд. Ал Бану Хошимдин улуусу, үлүш ээси. Ага Пайгамбар с.а.в дын садакаларын бер. Эгер ал жардам сураса, эки кулагың менен угуп ал, ага албетте жардам бер»26.

Төртүнчүдөн: Туура иштерди да иштерди камкордук менен башкаруу маанисинде дагы кайра көрүп чыгуу

Ал өзүнүн ар бир жараны үчүн өзүн жоопкер деп билет эле. Ал белгилүү бир топ үчүн эмес, бардык мусулмандар үчүн жоопкерчилигин сезер эле. Аялы Фатима мындай рыбаят кылат: Бир күнү анын алдына кирсем, жайнамазында маңдайын колуна таяп, ыйлап отурган экен. Көз жаштары салаалап агып жатты. Андан, сизге эмне болду деп сурасам, ал мындай жооп берди: «Эй Фатима, ушул үммөт ишине башчы болуп дайындалдым. Дайындалар замат жердин ар тараптарындагы, диярларындагы ач калган жакырлар, айласыз кеселдер, кыйналган кедейлер, абалы начар жетимдер, жалгыз калган жесирлер, зулум көргөн мазлумдар, карыптар, туткундар, жашы өтүп калган карылар, мал дүйнөсү аз — бала-чакасы көп болгон адамдар жөнүндө ойлоп, алардын ар бири үчүн Улуу жана Буюк Роббим Кыямат күнүндө менден эсеп алышын билдим. Ошондо менин доогерим Мухаммад с.а.в болот. Ал киши доо кылган чакта, бирер хужжатым далилденбей калышынан коркуп, өз жаныма ырайым кылып ыйлап жатамын»27. Азат кылган бир кулу анын капаланып отурганын көрүп, себебин сурады, ал мындай жооп берди: «Мухаммад с.а.в дын чыгыш менен батыштагы ар бир Үммөтүнө өзү сурабастан туруп акысын берүүнү каалаймын»28. Амр ибн Мухажир айтат: Мага Умар ибн Абдул-Азиз мындай деген эле: «Эй Амр, эгер менин акыйкаттан ооп кетип жатканымды көрсөң, жакамдан кармап, бир силкип, эмне кылып жатасың дегин»29.

Умар ибн Абдул-Азиз Ирактагы Абдулхамид ибн Абдуррахманга кат жолдоп, адамдарга акыларын берүүнү буюрду. Абдулхамид: «Адамдарга акыларын бердим, байтулмалда мал артып калды» деп кат жолдоду. Ага Умар: «Карап көр, ким ысырапкерчиликке жол койбостон карыз болсо, анын карызын үзүп кой» деп кат жиберди. Абдулхамид: «Карыздарды төлөп койдум, байтулмалда дагы мал артып калды» деп жазды. Ага Умар: «Кара, үйлөнмөкчү болгон, бирок, акчасы жок бойдоктор болсо, аларды үйлөндүрүп кой» деп кат жиберди. Абдулхамид: «Ошондой адамдардын баарын үйлөндүрдүм, байтулмалда дагы мал артып калды» деп кат жиберди. Ага Умар: «Кара, эгер жизя төлөөгө кудурети жетпей жаткандар болсо, өз жеринде ишине жардам болушу үчүн аларга алдынан карыз берип тур. Анткени, алар бизге бир же эки жыл үчүн гана керек эмес»30 деди.

Биз да мусулмандар ортосундагы тосмолорду алып таштамакчы жана тайпачылыкка чек коймокчу болсок, мына ушундай иштерди кылышыбыз керек. Тактап айтканда:

  1. Негизги этибарды – сунний жана шиалар, айрыкча, жаъфарий жана зайдийлер фикхий мазхабдар болуп, алардын арасындагы ихтилафтар шарият уруксат берген фикхий ихтилафтар – деген көз карашта болуу керектигин мусулмандардын мээлерине куюуга каратуу керек;
  2. Исламий кыймылдар өздөрүнө адам кабыл алууда алардын шиа же суннийлигине карабашы керек;
  3. Халифалыкты бардык мусулмандар аркылуу жүзөгө келтирүүгө аракет кылуу керек. Себеби, ал кудум Абу Бакр жана Умар халифалыгындай, Пайгамбар с.а.в дын мамлекетиндей, бардык мусулмандар үчүн болот. Анткени, Пайгамбар с.а.в:

«… ثُمَّ تَكُونُ خِلافَةٌ عَلى مِنْهاجِ النَّبُوَّةِ»

«… Кийин пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот» деген.

  1. Халифалык тикеленгенден кийин мусулмандар мазхабдары же тайпаларына карап эмес, шариятты канчалык бекем кармашы менен сыймыктанат. Кимдир бирөөлөр кимдир бирөөлөрдүн желкесине миндирип коюлбайт. Бардык адамдар теппе-тең болушат. Жалгыз Роббиси назарындагы такыба менен гана бири-биринен абзел болот.

Сөзүмдүн акырында Алладан бизге адилетти орното турган, жасалма чегараларды алып таштай турган, Үммөттүн улуулугун, жыргалчылыгын кайра тикелей турган Халифалыкты тезирээк тартуулашын сурап, дуба кылып, жалбарып каламын.

 


  1. «Шазоротуз-Захаб» 2-том, 132-бет.
  2. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 317-б.
  3. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 323-б.
  4. «Ал-Комил фит-Тарих» 4-т, 330-б.
  5. «Тарихи Багдод» 10-т, 215-б.
  6. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 312-б.
  7. «Тарихул Хулафо» 1-т, 234-б.
  8. «Ал-Мунтазам» 4-т, 43-б.
  9. «Тарихул Яъкубий» 2-т, 305-б.
  10. «Бакийятут-талаб фий тарихи Халаб» 4-т, 2027-б.
  11. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 316-364-б.
  12. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз»1-т,43,44-б.
  13. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз» 1-т, 55-б.
  14. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз» 1-т, 111-б.
  15. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз» 1-т, 129-б.
  16. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 319-б.
  17. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 297-б.
  18. «Тарихи мадинати Дамашк» 68-т, 197-б.
  19. «Бакийятут-талаб…» 7-т, 3029-б.
  20. «Ал-Бидоя ван-Нихоя» 9-т, 188-б.
  21. «Бакийятут-талаб…» 10-т, 4622-б.
  22. «Сийрату Умар ибн Абдул-Азиз» 1-т, 37-б.
  23. «Тарихи мадинати Дамашк» 54-т, 269-б.
  24. «Ал-Бидоя ван-Нихоя» 9-т, 203-б.
  25. «Симтун-нужумил Аволий» 3-т, 322-б.
  26. «Ат-Тухфатул-Латифа фий тарихи мадинатиш-шарифа» 1-т, 367,368-б.
  27. «Ал-Бидоя ван-Нихоя» 9-т, 201-б.
  28. «Ал-Комил фит-Тарих» 4-т, 329-б.
  29. «Тарихи Багдод» 5-т, 98-б.
  30. «Ал-Амвол» 1-т, 320-б.