Ишенич

Ишенич

Ишенич – бирер пикир же тарапка, же адамга ишенип-сүйөнүү. Ал вокыйлыктын ошол пикир же тарап, же адамды пикир же амал жагынан кайра-кайра тастыкташынан пайда болот. Ишенич нерсенин вокыйлыкка же фитратка (турмуш чындыгына же табиятка) аклий жа шуурий жактан дал келгендиги кайра-кайра далилденишинен т.а. нерсенин чын жана тууралыгы кайра-кайра далилденишинен пайда болот. Чын жана туура эместиги кайра-кайра далилдениши менен болсо, ишенич жоголот. Ишенич пайда болушу үчүн нерсенин чын жана тууралыгын далилдөө, далил келтирүү доорунан анык чындык дооруна көчүшү лазым. Бул болсо нерсенин чындыгы жана акыйкаты аклий жана шуурий жактан далил-хужжаттар менен кайра-кайра далилдениши аркылуу жүзөгө келет.

Ишенич итаат жана интизамдын (моюн сунуу жана тартиптин) ажыралгыс жолдошу, жолдошу эле болуп калбай, бул экөөнүн негиз-пайдубалы да. Жашоо үчүн суу кандай зарыл болсо, итаат, интизам, катуу амал кылуу үчүн да ишенич ушундай зарыл. Анткени, итаатсыз интизам болбогондой, ишенич болбосо итаат да болбойт. Ушуга ылайык, демек, ишеничтин күчөшү вужудду күчөтөт жана аны коргойт. Ошондуктан, өз максатына жетүүгө жана өзүн сактап калууга умтула турган ар бир вужуд ишеничке муктаж болот. Мунун тескериси катары, ишеничке сокку берүү болсо, вужуддарды жемирип, ойрон кылуучу эң чоң куралдардын бири эсептелет.

Демек, ишенич же пикирге карата, же шахска карата билдирилет. Пикирге болгон ишенич анын жемиштүү, туура муалажа кылууга б.а. туура чечим берүүгө болгон кудуретине беймарал ишенүү менен жүзөгө келет. Пикирлер курула турган, аларга негиз боло турган коиданын (пайдубалдын) тууралыгы жана чындыгы кайра-кайра далилдениши ушул ишеничти жаратат. Кээде пикирге болгон ишенич аны вокый турмушта колдонуунун улуулугун жана жемиштүү туура чечимдер берүүгө болгон кудуретин күзөтүп көрүүнүн өзү менен эле пайда болушу да мүмкүн. Мисалы, исламий пикирлерге болгон ишеничти эки багытта: аклий талкуу майданында жана турмушка колдонуу майданында пайда кылууга болот. Экинчиси т.а. турмушка колдонуу майданынын таасири чоңураак жана күчтүүрөөк болот.

Шахстарга болгон ишенич болсо, алардын башкаларды жакшылыкка карай жетелөөгө о.э. пайда жана максаттарды жүзөгө чыгарууга болгон кудурет-жөндөмдөрүнө ишенүү менен пайда болот. Бул ишенич бир гана шуурий т.а. туйгулардан келип чыккан ишенүү менен пайда болушу мүмкүн. Мисалы, уулунун өз атасына ата болгондугу үчүн ишениши сыяктуу жана омийдин (илимсиздин) илим таалим алып жатканга анын таалим алуучу экендигин билгендиги үчүн гана ишениши сыяктуу. Калктардын малай акимге бул аким аларда жакшы маанай жана жасалма азиздик сезимдерин кытыгылап козгой турган иштерди кылгандыгы үчүн гана ишенүүлөрү да буга мисал болот. Алар бул аким кылган ошол иштердин түп негизин, чындыкты түшүнүп жетпей, ага ишенич билдирип коёт. Буга калктардын Жамал Абдун-Насирге (Египеттин мурунку президентине) – анын чыныгы жүзү ачылышынан мурун – ишенишкенин о.э. Палестинанын азаттык уюмуна – анын кыянаты ашкере болушунан мурун ишенишкенин мисал кылуу мүмкүн. Бул болсо куру туйгуларга гана курулган ишеничтин туура эмес жана ката экендигин анык далилдейт. Ошондуктан, адамдарга болгон ишенич пикирге о.э. алардын иштерин, чынчылдыктарын, убаданы өтөөлөрүн жана кайраттарын тажрыйба сыноосунан өткөзүп, алардын кудурет жөндөмдөрүн жана ыкластарын анык идирек кылууга курулуусу лазым. Эч шек жок, инсаний нафс өзү кудуреттүүрөөк, кайраттуурак жана билимдүүрөөк деп биле турган кишилерге көбүрөөк ишенет жана аларга моюн сунат. Мисалы, кудуреттүү, кайраттуу, эр жүрөк, билимдүүрөөк кишиге болгон ишенич – кудурети, билими, эрдиги, кайраты азыраак болгон адамга болгон ишеничтен – күчтүүрөөк болот. Эми, эгер жалаң гана жемеге калбоо жана мойнундагы милдетти өтөп коюу үчүн гана итаат кылына турган болсо, анда мына ушул жактардан жана мына ушул маанилерден көз жумулган болот. Бул болсо иш-аракетти жок кылууну жана аз гана убакыт өткөндөн кийин анын кыйрашын түшүндүрөт.

Эгер иш-аракеттин толук итаат жана моюн сунуу менен дагы да бийиктикке, кубат жана кызыгуунун эң улуу даражасына көтөрүлүшү кааланса, анда толук жоопкерчилик жана олуттуулук менен жогорудагы мына ушул өтө маанилүү жактарды ар дайым аткаруу керек болот.

Ишеничке тышкарыдан берилген сокку менен, же ичкериден жол коюлган кемчилик, кайдыгерлик менен зыян жетет. Зыян жеткизүү пикирий жана шахсий тармакта жемирип, ойрон кылуучу эң чоң куралдардан эсептелет. Пикирий тармакка токтоло турган болсок, коомду өзгөртүү үчүн боло турган ар кандай аракет коом таяна турган пикирге болгон ишеничке зыян жеткирүүнү талап кылат. Бул нерсе пикирий, акыйдавий күрөш менен ишке ашат. Бул үчүн болсо күчтүү, анык, каршылык билдирүүгө орун калтырбай турган далилдерди тандап алуу о.э. өзүнө болгон туруктуу ишенүү жана хадиси шарифте:

إِنَّ مِنَ الْبَيَانِ لَسِحْراً

«Айрым сөздөр сыйкырлап коёт» деп айтылгандай, далилдерди жан үрөп, баян кылуу боюнча белдеше алуу жана тажрыйба ашыруу жөндөмүнө ээ болуу керек болот. Буга эң жаркын мисал катары улуу пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в жана ал кишинин сахабаларынын колу менен жахилий коомдун Исламий коомго айланганын келтирүү мүмкүн. Ошол убактарда өкүм сүргөн жана коомдук мамилелерге негиз болгон пикир жана этикаттарга болгон ишеничке зыян жеткизүү аркылуу жахилий коом Исламий коомго айланган эле. Ошондо Алла Тааланын:

لَوْكَانَ فِيهِمَا آلِهَةٌ إِلَّا اللَّهُ لَفَسَدَتَا

— «Эгер (асман-жерде) Алладан башка кудайлар болгондо, экөөсү тең бузулуп кетер эле…»,  [21:22]

— деген сөзү сыяктуу анык хужжат жана далилдер ишке салынган эле. Ооба, ушундай анык хужжаттар келтириле турган болсо, унчукпай тан алып, багынып-таслим болуп ишенүүдөн, же акыйкатты көрүп туруп ага каршы чыгуу жана текебердик кылуудан башка арга калбайт. Эски ишеничке сокку берүү жана жаңысын вужудка келтирүү талап кыла турган нерсе мына ушундан турат. Унчукпай туруп берүүгө мажбур кылуучу, ишендире турган далилдерге мисал катарында Саййидибиз Ибрахим а.с.дын Намруд менен болгон тартышуусу кыссасын келтиришибиз мүмкүн. Ибрахим а.с. – өзү келтирген оболку хужжат атаандашы үчүн чап салуу, тартышуу, башкача чечмелөө мүмкүнчүлүгүн туудурушун ойлоп көрүп – бул хужжатты далил келтирүүдөн тездик менен кыскараак, аалым биякта турсун, омийге да түшүнүктүүрөөк болгон хужатты далил кылып келтирүүгө өттү. Ал киши келтирген бул далилге канааттанып эле калбастан, балким, ишенүү, унчукпай таслим болуу, же чындыкты тан албай, текеберленүүдөн башка жол калбас эле. Себеби, Намруд биринчи хужжатка:

أَنَا أُحْيِي وَأُمِيتُ

— «Мен (да) тирилтемин жана өлтүрөмүн», [2:258]

— деп рад жообун бергенде, Ибрахим а.с. ага:

فَإِنَّ اللَّهَ يَأْتِي بِالشَّمْسِ مِنَ الْمَشْرِقِ فَأْتِ بِهَا مِنَ الْمَغْرِبِ فَبُهِتَ الَّذِي كَفَرَ

— «Албетте Алла күндү чыгыштан чыгарат. Сен аны батыштан чыгарчы?»,  [2:258]

— деп жооп берди. Мына ушул Ислам пикирлерине ишенич жаратууну жана кайры исламий пикирлерге болгон ишеничке сокку берүүнү каалай турган даъватчылар үчүн зарыл коида. Ислам пикирлери өзгөрбөс чындыктар экендиги Исламга болгон ишеничибизди дагы да күчөтөт. Биз ушул пикирлерге таянып, унчукпай калууга мажбур кылуучу көптөгөн далилдерди келтиребиз. Алла Таала айтат:

بَلْ نَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَى الْبَاطِلِ فَيَدْمَغُهُ فَإِذَا هُوَ زَاهِقٌ وَلَكُمُ الْوَيْلُ مِمَّا تَصِفُونَ

— «Жок, (Биз андай айып-кемчиликтен аруубуз), Биз Акыйкат-Куранды батыл-наадандыктын үстүнө таштайбыз, анан (чындык батылды) эзип-жанчып капилеттен (батыл) жок болот. Силер үчүн болсо (эй мушриктер, Алланын «аялы, баласы бар» деп, ылайыксыз сыпаттар менен) сыпаттаганыңар себептүү өлүм болот». [21:18]

Мунун тескериси катары, Ислам даъватын көтөрүп чыгуучунун түшүнүгү кесир болсо, бул нерсе адамдардын Ислам пикирлерине болгон ишеничтерине зыян жетишине алып келет. Бул болсо айнууга жана жүзтөмөн кулоого алып келет. Бул иш жүзүндө, вокыйда жүз берген нерсе. Себеби, капырлар мусулмандар кошуундарынын чынынды эле жеңилбестигин түшүнүп жетишкенден кийин, бул кошуундардын жана алардын артында турган Ислам Үммөтүнүн күч-кудурети жана улуулугунун сыры – алар бүткүл ааламдар үчүн жакшылык рисалаты катары зор кубат жана ишенич менен көтөрүп чыгып жаткан пикирий, мабдаий байлыкта – экендигин түшүнүп жетишти. Натыйжада, капырлар бир анык чындыкты т.а. мусулмандардын Исламга болгон ишеничтерине зыян жеткирүү аларды жеңүүгө кепил экендигин түшүнүп жетишти. Ушундай да болду т.а. капырлар ушул аркылуу мусулмандарды жеңишти.

Бир бүтүн Үммөт сыпатындагы Исламий Үммөт менен калктар жана үммөт-улуттар сыпатындагы капырлар ортосундагы күрөш үзгүлтүксүз он кылым улантылды. Ушул мөөнөт ичинде дин жана турмуштун белгилүү бир тарыйкаты сыпатындагы Ислам менен куфр ортосундагы алышуу улантылды. Хижрий XIII кылым, миладий XIX кылымга келип, куфр түзүмү болгон капитализм түзүмү Ислам түзүмүнө, анын пикирлерине жана туйгуларына каршы чыкты. Бул күрөш кыска мөөнөткө созулуп, мусулмандардын пикирий, кийинчерээк болсо, кыйратуучу саясий жеңилүүлөрү менен аяктады. Бирок, Ислам жеңилгени жок. Себеби, ал бирден-бир, жападан-жалгыз чындык болуп, андан башкасы батыл. Мына ушул жеңилүүнүн бирден бир себеби, мусулмандардын Исламды заиф-начар түшүнгөндүктөрү болду. Мусулмандардын Ислам пикирлерин хужжат кылып келтирүүлөрү, бул пикирлердин чындык жана акыйкат экендигин баян кылуулары өтө заиф эле. Бул пикирлерди колдонуулары да өтө заиф эле. Жеңилүү аларды Ислам пикирлеринин ордуна башка пикирлерди ала турган абалга салып койду жана Ислам пикирлерине болгон ишеничтерин заифтештирип-алсыратты. Негизи, Ислам пикирлери гана чындык болуп, алардан башкасы батыл эле. Мусулмандардын бул абалга түшүп калышы капитализм этикатындагы капырларды көптөгөн Ислам пикирлерине чабуул кылууга шыктандырды. Мисалы, капыр көп аялдуулук, жихад, Халифалык пикирлерине, акыйда робитасына, Исламдагы жаза мыйзамдарына жана башка өкүмдөргө чабуул кылышты. Мусулмандардын бул чабуулга берген рад жооптору өтө заиф, коргонуу жообу болгондуктан, мындай жооптун акыбетинде, алар Ислам чечимдерине болгон ишеничтерин жоготушту. Буга Батышта жүз берген өнөр жай революциясы кошумча болду. Себеби, бул доорго келип, мусулмандар бардык тармактарда төмөндөшүүгө жүз тутушкан эле. Бул болсо акыйкатты көтөрүп чыгууга, батылга сокку берип, акыйкаттын актыгын көрсөтүү аркылуу акыйкатка болгон ишеничти кайра тикелөөгө кудуреттүү болгон таланттуу, күчтүү кишилерге муктаж экендигине анык далалат кылат. Бул нерсе акыйкаттын капитализм түзүмүнө каршы чыга турган мабдаий хизбге да муктаждыгын анык көрсөтүп турат. Мабдаий хизб капитализм түзүмүнө чабуулкер түстө т.а. Ислам түзүмдөрү гана чын жана туура түзүмдөр экендигин ачык көрсөтүп бере турган жана капитализм түзүмдөрүнүн жалган жана каталыгын ачып таштай турган чабуулкер түстө жооп соккусун берет. Хизб муну менен гана чектелип калбай, мындан да чоңураак ишти кылат т.а. капитализмди бузуку түзүм келип чыга турган аклий акыйда катары сындырып таштайт жана Исламдын фитратка ылайык келишин жана жетишкен акылды канааттандырышын ачык-айкын көрсөтүп берет. Бул болсо – Аллага мактоолор болсун – мусулмандарда Ислам пикирлерине болгон ишеничти жана үмүттү кайра ойготот. Муну менен болсо, Исламды аткаруу жана колдонуу майданына кайтаруу, Исламдын өкүмдөр болуп, жийиркеничтүү капитализмди жок кылуу үчүн болгон аракет дагы да күчөйт.

Оболу башынан эле пикирге болгон ишеничти жаратуу бейгам ишенүүгө алып келе турган кайра-кайра канааттандыруу жана далилдөө менен болот. Ошондон кийин ишеничтин туруктуу сакталып турушун жана аны күчөтүүнү кепилдөө талап кылынат. Бул үчүн болсо пикирлерди үзгүлтүксүз текшерип баруу, бул пикирлердин хужжаттарын анык-тунук түшүндүрүү, алардын чын жана тууралыгын далилдөө үчүн аларды ар дайым вокыйлыкка байлап, вокыйлыкка дал келишин көрсөтүп берүү керек болот. Ошондон кийин, бул пикирлерге өтө муктаждык бар экеендигин так көрсөтүп берүү лазым болот. Бул болсо баарынын мүмкүн болушунча жоопкерчилигин бийигирээк сезишин, ар ким өзүн улуу Ислам жоопкерчилиги желкесине толук түшкөн киши деп, өзүн Ислам сакчысы деп эсептешин талап кылат.

Ислам пикирлерине болгон ишеничтин эң улуу даражасына жетишүү аклий хужжаттар келтирүү, бул хужжаттарды өтмүш тарых барактарында да, азыркы учурда да толуп-ташып жаткан үлгүлөр менен байлоо, адамдардын кантип Исламга өз ыктыярлары менен топ-топ болуп киргендиктерин түшүндүрүү менен гана болот. Себеби, Исламга болгон эң улуу ишенич бир гана Ислам калкы жана Ислам пикирлерин көтөрүп чыгып жаткан кишилерге эле эмес, балким, Ислам адилетин жана анын акыйкат, чыныгы дин экендигин көргөн ар бир адамга таасир этет. Адамдардын Исламга топ-топ, жамаат-жамаат болуп киргендиктери муну далилдей турган жаркын мисал. Мындай жалгыз сыпат жана абал бир гана Ислам мабдасы менен гана жүз берген жана мындан кийин да ушундай болуп калат. Себеби, Ислам пикирлери адилетти вужудка келтире турган мутлак чындык. Бул  пикирлер акылды толук канааттандырат, дилге кадыржамдык жана ишенич тартуулайт. Бул болсо чындыгында Алла Азза ва Жалла тарабынан мусулмандарга тартууланган улуу неъмат болуп, бул неъмат аларды адамзатка жетекчилик кылууга, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болууга ылайык кылып коёт.

Булардын баары пикирий тармакка тиешелүү нерселер. Эми шахсий тармакка тиешелүү нерселерге келсек, коомдор, хизбдердеги (партиялардагы) жетекчилер о.э. жооптуу кишилер ишенич орду болот т.а. адамдар аларга ишеним байлайт. Аларга болгон ишеничке же тышкы атаандаштар тарабынан, же ички колдоп-кубаттабоо акыбетинде зыян жеткизилет. Же тубаса кемчилик, же милдетти өтөй албоо акыбетинде зыян жетет.

Эми тышкы тараптан туруп ишеничке зыян жеткизүүгө токтоло турган болсок, бул нерсе ошол жетекчилердин өз милдеттерин өтөөлөрүн сындоо, милдеттерди аткарууга, айрыкча, утуктарды колго киргизүүгө алсыздык кылып жатышканын ашкере кылып таштоо менен ишке ашырылат. Бул бир мыйзам ченемдүүлүк болуп, түзүмдөрдү өзгөртүүгө жана  вужуд-мамлекеттерди кулатууга уруна турган ар бир киши ушул мыйзам ченемдүүлүк негизинде аракет кылат. Мисалы, Пайгамбарыбыз с.а.в Меккеде акимдер менен алардын кол астындагы адамдар ортосундагы ишеничке сокку берүүгө аракет кылды жана муну саясий күрөш жана түзүмдүн чыныгы жүзүн ачып таштоо менен ишке ашырды. Мабдаий хизб да кудум ушул иштин өзүнө таянышы керек. Анткени, саясий күрөш жана ашкере кылуунун коомду өзгөртүүдө абдан жетик таасири болот. Себеби, аким менен тобе (акимдин кол астындагы адам) ортосундагы алака тобенин ыклас менен ишенишине о.э. акимдин бактылуу тынч, бейпил турмушту камсыздап берүүгө болгон кудуретине таянат. Бул алакага сокку берүү бардык нерсени астын-үстүн кылып, абалды өзгөртүп жиберет. Эми, кыймыл жана жамааттардын жетекчилерине, алардын жооптуу кишилерине токтоло турган болсок, аларга болгон ишенимге зыян жеткизүү алардын иштерин сындоо, милдеттерин аткарууга алсыздык кылып жатканын ашкере кылып таштоо, айрыкча, утуктарды колго киргизе албагандыктарын жана түзүм көтөрүп жүргөн пикир менен башкарылып жатышканын ашкере кылып таштоо менен ишке ашырылат. Бул айтылгандар кыймылдын табиятына, анын өлчөөлөрүнө, аракет баскычтарына, максат жана убадаларынын табиятына алакадар болгондугу үчүн ушундай кылынат. Кээде болсо жалпы калктын хизбге болгон ишенимин жоготуу үчүн, өзүнүн көптөгөн ыкмалары аркылуу аракет кыла турган бир же бир нече мамлекеттер тарабынан сокку жеткизилиши мүмкүн. Мында бир тараптан партияны малайлык жана калактык менен айыптоолору, экинчи тараптан болсо, ага жана анын жетекчилерине каршы фитна уюштуруп, аларга көп нерсе жана иштерди төңкөөлөрү мүмкүн.

Эми ичкериден бериле турган соккуга келсек, калктын же жамааттардын өз жетекчилерине жана жооптуу кишилерине болгон ишенимине зыян жеткизүү кыянат кылуу жана колдоп-кубаттабай коюу көрүнүшүндө болот. Ичкериден берилген бул соккунун таасири өтө күчтүү жана өткүр найза сайылышынан да катуураак болот. Көбүнчө мындай кыянатка үндөөчү фактор ачкөздүк, хаваи нафс каалоосу жана башка мерез-илдеттер болот. Мындай абалда натыйжалар жогорураак мансапка көтөрүлүү жана башчы болуу каалоосун кандыруу үчүн коомдо өзгөрүү жасоо максатында ишеним жана токтом борборуна таасир өткөзүү жаатынан үйрөнүп чыгылат, же бул натыйжалар жөнүндө сурамжылоо жүргүзүлөт. Ишеничке зыян жеткизүүнүн мындай абалына каршы күрөшүү жана ага кыянат жана аркадан берилген сокку деген негизде кароо зарыл болуп, мындай кыянатты кылган кимселерди ыргытып таштоо керек болот. Мындай кимселерден кутулуунун жолу бир гана аларды кесип, сууруп таштоо. Себеби, мындай кимселер нурда жашай алышпайт. Тескерисинче, алар бузукулукка, кол салуу жана зулматка үйрөнгөн кимселер. Алар жалаң гана токтом ээлерине эле эмес, өз боордоштору жана үммөттөрүнө да арттан «бычак» сайып, кыянат кылышат.

Эми тубаса талант жана жөндөмгө токтоло турган болсок, бул тармакта ишенимге зыян жеткизүү ишти жөндөмсүз кимселерге тапшырып коюу менен жүз берет. Бул болсо өтө чоң балекет, каргаша болуп, бүткүл жоопкерчилик алсыз кишини иш үстүнө алып келген же мансапка миндирип койгон кишилердин желкесине түшөт. Биз үчүн Расулулла с.а.в дын:

إِنَّهَا لَأَمَانَةٌ، وَإِنَّهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ خِْزيٌ وَنَدَامَةٌ، إِلَّا مَنْ أَدَاهَا بِحَقِّهَا

«Албетте, бул (т.а. амирлик) бир аманат, ал Кыямат күнүндөгү кыйроо жана бушаймандык, болгону, анын акысын толук өтөгөн киши гана мындан сырткары» деген сөзүндө өзгөрбөс коида жана ураан бар болуп, бул коида жана ураан ар дайым жолубузду жарык кылып баруучу машъал болуп калышы керек. Пайгамбарыбыз Абу Заррга:

إِنَّكَ ضَعِيفٌ

«Сен алсызсың» т.а. амирлик милдеттерин өтөөгө алсыздык кыласың дегенинен кийин, ушул сөздөрдү айткан эле. Бу фитрий тубаса кемчиликке карата ушундай. Эми алсыздык, кудурети жетпегендикке келсек, бул да ишеничке зыян жеткизип, аракетти заифтештирет. Бул орунда бизге пайда келтире турган нерсе жетекчилердин жана коомду өзгөртүү процессинин жүрүшүнө жоопкер болгон кишилердин жеке жөндөмдөрү. Себеби, ишеничтин сакталып калышы, балким, аны ар дайым күчөтүп баруу ушул жетекчилердин өз ара биримдикти, үммөт  перзенттери ортосундагы биримдикти вужудка келтирүүгө канчалык кудуреттүү экендиктерине байланыштуу. Бул жетекчилерде жогорку асылзат сыпаттар, аклий, жисманий, уюштуруучулук жөндөмдөрү бар экендигине ишенич пайда кылуу менен гана ишенич сакталып калат жана күчөйт. Ошондуктан, жетекчилер баарын өз аркаларынан жүрө турган бир бүтүн кошуун кылып бириктирүүгө, адамдардын аларга жазадан кутулуу үчүн жөн гана итаат кылып коюуларына эмес, эң бийик даражадагы тартип менен моюн сунууларына жетишишине кудуреттүү болуулары лазым. Жетекчилерден ушул талап кылынат. Себеби, биз ишке ашырмакчы болуп жаткан өзгөртүү процесси жетекчилердин жана тарых дөңгөлөгүн өзгөртүүгө жоопкер болгон кишилердин каармандыгына жана кайратына муктаж. Расулулла с.а.в дын Хунайн казатында туткан позициясында, бул казатта шахсан өзү каармандык катышуусунда биз үчүн бир улуу үлгү бар. Ошондо Расулулла с.а.в согуш кызып, кооп-коркунучка бетме-бет турган убагында, ал кишинин айланасындагы көпчүлүк мусулмандар согуш борборунан чегинип, артка качкан эле. Ошондо Пайгамбарыбыз абасы Аббаска бийик добуш менен өз атынан:

أَنَا النَّبِيُّ لا كَذِبَ أَنَا ابْنُ عَبْدُ الْمُطَّلِبِ

«Мен чынчыл пайгамбармын, Мен Абдул Мутталибдин перзентимин» деп кайрылууну буюрду. Бул болсо алдыбызга жетекчи жана жооптуулардын ар дайым сак-сергек болуулары зарылдыгы маселесин көңдөлөң коёт. Жетекчилер жана жооптуулар өздөрүндөгү бар кубатты сарптап, ар дайым ишеничти вужудка келтирүү жаатында сергек туруулары лазым. Ошондо алардын артында турган кишилердин аларга болгон ишеничи барган сайын күчөп барат. Жетекчилердин ар дайым чыгармачылдыктары, этибарга арзый турган жаңылык жаратууга болгон жөндөмдөрү, үзгүлтүксүз даярдыктары ишеничтин дагы ушундай өсүп барышына себеп болот. Жетекчилер муктаж боло турган бул жана башка иштер үчүн болсо, өтө зор кубат, жөнөкөй чектерден үстөм тура турган темирдей эрк зарыл болбойт. Бул болсо жетекчилерден чексиз, зор кудурет ээси болгон Жаратуучу зат менен ар дайым байланууларын талап кылат. Бул иш (т.а. Жаратуучу менен ар дайым байлануу) баарына важып болсо да, жетекчилерге дагы да важыбыраак. Бул болсо Алла Азза ва Жаллага ишенүү, Ага, Анын кудуретине, жардам беришине, бардык нерсени күзөтүп кабардар болуп турушуна, тавфик беришине чексиз ишенүү зарылдыгын көрсөтөт. Анткени, Алла бардык нерсени ихата кылып кабардар болуп туруучу, убадага бапаа кылуучу зат жана Ал эң жакшы жардамчы. Акыйкатка ант болсун, Алладан башка нажат жана баанек берүүчү жок. Демек, Алла Азза ва Жаллага болгон ишенич гана бүткүл дүйнөнү фатх кылууга алып келе турган бардык жакшылыкты өзүндө камтыган.

Саъид ал-Асъад – Байтул Макдис