Расулулла с.а.в дын даъваттагы ахлактары (2):

Расулулла с.а.в дын даъваттагы ахлактары (2):

Холид ибн валид р.а нун исламга кириши

Ал Вокидий Холид ибн Валид р.а дан рыбаят кылат: «Алла мага жакшылыкты каалаган соң, жүрөгүмө Исламды салды жана эси-кушумду жайына келтирди. Ошондо өзүмө-өзүм айттым: Мына Мухаммад с.а.в каршы болгон бардык орундарда катыштым. Каерде болбоюн акыйкаттан баш тарттым. Негизи, мен өзүмдүн туура эмес иш үстүндө экендигимди жана Мухаммад с.а.в дын үстөм болушун ич-ичимден сезер элем. Расулулла с.а.в Курайш менен Худайбияда сулх түзүп, Курайш ал кишини кайтып кетүүгө көндүргөн соң, мен өзүмө-өзүм айттым: Эми эмне калды? Каякка барам? Нажашийдин алдына барайынбы? Ал да Мухаммадга ээрчиди жана анын асхабтары анын алдында тынчтык-амандыкта жашашууда го акыры!! Хираклдын (Ираклий) алдына барып, динимден чыгып насронийлик (христиан) же яхудийлик (иудей) динине кирейинби? Ажамдар өлкөсүндө жашайынбы? Же калган кишилер менен өз өлкөмдө жашай берейинби? Мен ушундай ойлор менен жүргөн убакта, Расулулла с.а.в ал-Казийя (Худайбия) умрасын өтөө үчүн Меккеге кириптир. Мен жок элем. Ошондуктан, ал кишинин киргенин көрбөдүм. Агам Валид Набий с.а.в менен бирге кирип, мени издеп таба албай, мага мындай деп кат жазып жибериптир: «Бисмиллахир рохманир рохийм. Аммо баъд: Мен акылың бар туруп Исламга акылың жетпегенине абдан таң калам, мен мындан калетирээк нерсени көрбөдүм! Исламдай динден бейкабар кимседен да нааданыраак кимсе барбы акыры?! Расулулла с.а.в менден сен жөнүңдө сурап: Холид каерде? – деди. Мен: Аны Алла келтирсин – дедим. Ошондо Пайгамбарыбыз с.а.в: «Холиддей кишинин Исламдан бейкабар болгонун кара?! Эгер мусулмандар сабына кошулуп кайрат кылганда жана душманды жер тиштеткенде өзү үчүн жакшы болор эле жана биз аны башкадан алдыга коёр элек», – деди. Ушундай экен, эй иним, жакшылыкты колдон чыгарбайын десең, тез жетип кел».

Агамдын каты мени жолго чыгууга үндөдү. Исламга болгон шыкта-нуумду күчөттү жана Расулулла с.а.в дын мен жөнүндө сураганы мени абдан кубандырды. Ошол күнү түш көрдүм. Мен тар, куруп-какжыраган өлкөдө имишмин. Андан кийин көкмөк болуп жайнаган кең өлкөгө чыгып калып-тырмын. Мен Расулулла с.а.в дын алдына барууга катъий чечим кылганым-дан кийин, ким менен жолдош болуп кетүү туурасында ойлонуп калдым. Сафван ибн Умайяга учурадым эле, жолдош болуудан катуу баш тартты жана: Өзүмдөн башка эч ким калбаган күндө да ага эч качан эргешпейт элем, – деди… Ошондон кийин аны менен ажыраштык… Икрима ибн Абу Жахлга учурадым… Ал да мага Сафван айткан сөздү айтты. Андан кийин улоомду токунуп, жолго чыктым. Жолдо Усман ибн Талханы учураттым. Ал жолдош болууга дароо ыраазы болду. Эртең менен жолго чыгып, ал-Хидда деген жайга жетип келгенибизде, Амр ибн Оссту учураттык. Ал: Каякка жол алдыңар? – деди. Биз: Исламга кирүү жана Мухаммад с.а.в га эргешүү үчүн жолго чыктык, – дедик. Ошондо ал: Мени да ушул нерсе жолго чыгууга үндөдү, – деди. Биз бирге жолдош болуп Мединага кирип бардык. Расулулла с.а.в келе жатканыбыздан кабар таап, абдан кубаныптыр. Биз кадамыбызды тездеттик жана мен ал кишиге туш болдум… Мен тээ ал кишинин алдына барып токтогонумча, ал киши мага жылмаюу менен карап тура берди. Мен ал кишиге: Эй Алланын пайгамбары, – деп салам бердим. Ал киши саламыма жарык маанай менен жооп кайтарды. Мен: Алладан башка кудай жок жана албетте сиз Алланын расулусуз деп кубөлүк беремин, – дедим. Ал киши: Келиңиз, куш келипсиз, сизди хидаят кылган Аллага хамду саналар болсун. Мен сиздин зор акылыңыз бар деп билер элем, бул акыл сизди жалаң гана жакшылыкка баштайт деп үмүт кылар элем, – деди. Мен: Я Расулулла, мен көп орундарда сизге каршы туруп, ак жолго жүрүүгө көнбөй моюн толгогон элем. Эми Аллага ошол күнөөлөрүмдү магфират кылууну сурап дуба кылыңыз, – дедим. Ошондо Расулулла с.а.в: Ислам өзүнөн алдыңкы нерселерди өчүрүп жок кылып таштайт, – деди. Мен: Я Расулулла, ушундай болсо да, менин акыма дуба кылыңыз, – дедим. Пайгамбарыбыз: Аллахым, Холид ибн Валиддин Алла жолунан тосуп келтирген зыяндарын кечирип магфират кылгын, – деп дуба кылды. Ошондон кийин Усман жана Амр да келип, Расулулла с.а.в га байъат беришти».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *