Умар р.а нун хутбаларынан

Умар р.а нун хутбаларынан

Дийноварий Шаъбийден рыбаят кылат. Шаъбий айтты: «Умар ибн Хаттаб халифа болуп шайланган соң минбарга көтөрүлдү жана: «Алла мени Абу Бакрдын отурган ордуна ылайык көрөт деп ойлоймун» деди да, бир тепкич ылдый түшүп отурду. Аллага хамду сана айтты. Кийин мындай деди: «Куран окугула, аны жакшы түшүнөсүңөр. Ага амал кылгыла, анын калкынан болосуңар. Амалыңар эсеп-китеп кылынышынан мурун өзүңөрдү эсеп-китеп кылгыла. Силерден эч нерсе жашыруун болбой турган жана өзүңөр Аллага туш кылына турган чоң көрүк күнүнө зыйнаттанып даярдангыла. Акылуунун акысы (т.а. жетекчиге моюн сунуу) Аллага күнөөкөр болуна турган иштерде ага итаат кылуу даражасына жетпесин. Билип койгула, мен Алланын малына карата өзүмдү жетимдин малын жештен корккондой коркуу даражасына коюп алганмын, эгер муктаж болбосом, андан албаймын. Эгер муктаж болсом, жакшылык менен (т.а. ынсап менен) жеймин». Ахмад да дал ушундай рыбаят кылган.

Муса ибн Укбадан Умардын ушул терең мазмундуу хутбасы рыбаят кылынды. Бул Умар ибн Хаттабдын салык жыйноочуларды жөнөтүп жаткан күндөгү хутбасы: «Амма баъд: Бардык нерселер өткүнчү болуп, жалгыз Өзү калуучу Алладан таква кылышыңарды насаат кыламын. Ал Затка итаат кылуу менен Анын достору улууланат, Ага күнөөкөр болуу менен анын душмандары кор болот жана залалатка кетет. Бир залалатты кылып өлгөн кимсенин үзүрү жок, анын хидаят табышы анын залалаттан кутулушуна жетиштүү болор эле. О.э. ал үчүн акыйкатты таштоодо да бир үзүр жок, анын акыйкатты ташташы залалаты үчүн жетиштүү болор эле. Жетекчинин өз раияты менен болгон эң чынчыл келишим-убадасы – алардын үстүнөн Алланын дин милдеттеринен турган акысын чырайлуу өтөөлөрү үчүн болгон убадалашуусу. Силерди Алла итаат кылууну буюрган нерселерге буюруу жана Ал кайтарган нерселерден кайтаруу биз үчүн важып. О.э. адамдардын жакыны болобу, алысыбы, силердин үстүңөрдөн Алланын буйруктарын аткарышыбыз жана бул иш акыйкатка ыктаган адамдын зыянына болбошуна этибар берүүбүз да биз үчүн важып. Мен өз диндеринде куру арзууларга берилип кеткен коомдорду билемин. Алар жамаат менен намаз окуп жатабыз, мужахид менен бирге жихад кылып жатабыз, хижрат кылып жатабыз дешет. Бул куру арзууларды диндин акысын толук өтөбөй жаткан адамдар кылууда. Анткени, ыйман таттуу арзуу-кыялдар менен эле болбойт… Кээде бир киши хижрат кылдым дейт, негизи, ал хижрат кылбаган болот. Чыныгы мухажирлер – жамандыктарды таштаган кишилер. Кээ бирлери жихад кылдык дешет, Алланын колундагы чыныгы жихад – душман менен согушуу жана арам иштерден сактануу. Кээ бирөөлөр согушка чыгып, ага жакшы катышат. Бирөөлөрдүн сыйлык беришин же атак чыгарууну максат кылышпайт. Согуш болгону өлүмдөрдөн бир өлүм. Ар бир киши эмне ниетте согушка чыккан болсо, ошол нерсени алат. Бир киши эр жүрөк болуп, тааныган тааныбаган кишилерди куткарат. Башка бир киши болсо коркок болуп, ал тургай ата-энесин да душманга тапшырып коёт.

Байхакий Абу Хурайра р.а дан рыбаят кылып айтат: Умар ибн Хаттаб р.а хутбасында ушундай дээр эле: «Силерден кимде-ким хаваи нафстан (көңүл кушунан), ачуудан, таъмадан (ач көздөнүп үмүттөнүүдөн) сактанса жана сөзүндө чынчыл болсо, нажат тааптыр. Себеби, чынчылдык жакшылыкка алып келет. Ким жалган сүйлөсө фажыр болот. Фиску фужурдан сактангыла, топурактан жаратылып, топуракка кайта турган кимсенин фиску фужуру эмне болмок эле? Бүгүн тирүү, эртең өлүк. Күндөн-күнгө амал кылып баргыла. Мазлумдун дубасынан сактангыла. Өзүңөрдү өлгөндөр катарында эсептегиле».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *