Абу бакр р.а нун терең мазмундуу хутбасы

Абу бакр р.а нун терең мазмундуу хутбасы

Ибн Абуд Дуня «ал-Хазар» китебинде, ибн Асокир болсо Муса ибн Укбадан рыбаят кылышынча, Абу Бакр Сыддык хутба окуп мындай деди: «Алхамду лиллахи Роббил ааламин. (Бүткүл ааламдар Роббиси Аллага хамддар болсун), Ага мактоолор айтамын, Андан жардам сурайбыз, өлүмдөн кийинки нерселер жаатында азиз кылышын сурайбыз. Анткени, менин ажалым да, силердин ажалыңар да жакындашып калды. Күбөлүк берип айтамын, жеке-жалгыз, эч шериги болбогон Алладан башка эч бир илах жок жана Мухаммад Ал заттын пендеси жана элчиси. Алла аны тирүү болгон кишилерди эскертиши үчүн жана капырлар үстүнө сөз-азап ак болушу үчүн акыйкат менен пайгамбар кылып, кушкабар жеткирүүчү жана эскертүүчү кылып, нур таратуучу кылып жиберди. Кимде-ким Алла жана Анын Расулуна итаат кылса туура жолду тааптыр, кимде-ким күнөөкөрлүк кылса жолдон анык адашыптыр. Мен силерге Алладан такыба кылууну, Алланын силерге түшүргөн жана силердин хидаят табышыңарга себеп болгон амр-буйруктарына бекем жабышып амал кылууну осуят кыламын. Ыклас келмесинен кийин Ислам көрсөткөн туура жол Алла ишиңерге башчы кылып койгон кишиге кулак салып, итаат кылуу. Анткени, кимде-ким амру маъруф жана нахий мункар кылуучу валиюл амрга (башчыга) итаат кылса нажат тааптыр жана үстүндөгү милдетти өтөптүр. Напис-каалоого ээрчүүдөн сактангыла. Кимде-ким напис-каалоодон, көз артуудан жана ачуудан сактанса, анык кутулуптур. Сыймыктанып кекирейүүдөн сактангыла. Акыры топурактан жаралып, дагы топуракка кайта турган, анан курттар жеп таштай турган, бүгүн тирүү болсо, эртең өлүк боло турган кимсенин сыймыктанып кекирейиши эмне болмок эле. Күнмө-күн, саатма-саат амал кылып баргыла. Мазлумдун дубасынан этият болгула. Өзүңөрдү өлүктөр катарында деп санагыла. Сабырдуу болгула. Анткени, бардык иш-амал сабыр менен болот. Этият болгула, этияттык пайда кылат. Амал кылгыла, амал кабыл болот. Алла силерди Өзүнүн азабынан эскертти. Анын азабынан этият болгула. Алла силерге Өз Рахматын убада кылды. Анын рахматына шашылгыла. Баам-парасаттуу болгула, ошондо жакшы түшүнүүчү болосуңар, такыбалуу болгула, ошондо сактануучу болосуңар. Алла Өз Китебинде силерге эмнени адал жана эмнени арам кылгандыгын, кайсы амалдарды жакшы көрүшүн жана кайсыларын жакшы көрбөшүн баян кылды. Мен албетте силерге өз нафсимди көздөп саясат жүргүзбөймөн. Жардам сурап ылтыжа кылына турган зат бир гана Алла. Алладан башка эч ким, эч нерседе эч кандай күч жана кубат жок. Ушуну билип койгула, калыс Алла үчүн эмне амал кылган болсоңор, демек, Роббиңерге итаат кылыпсыңар. Өз үлүш, насибеңерди сактап калыпсыңар, шаттык-ыракатка жетишипсиңер, өз ыктыярыңар менен кылган таатыңарды өзүңөрдөн мурун барып тура турган нафл ибадат деп эсептегиле, берген «карызыңар» силерге толук кайтарылат жана муктаж болгон убагыңарда силерге сыйлыгыңар берилет. Кийин эй Алланын пенделери, дүйнөдөн өтүп кеткен жар-боордошторуңар жөнүндө ойлоп пикир жүргүзүп көргүлө. Алар акыретке эмнени жиберген болушса, өлгөндөн кийин ошол нерсени таап, же бактысыздыкка дуушар болушту же бак-таалайга жетишишти. Албетте, Алла эч бир шериги жок зат, Аны менен пенде ортосунда – пендеге жакшылык берүүгө же андан жамандыкты буруп жиберүүгө себеп боло турган насаб (тууганчылык) жок. Пенде Аллага итаат кылып, Анын амрине эргешсе гана жакшылыкка жетишет жана жамандыктан баанек табат. Артында тозок болгон жакшылык жакшылык эмес, артында бейиш болгон жамандык жамандык эмес. Бул сөздөрдү айтуу менен өзүмө да, силерге да, Алладан магфират сурап каламын. Пайгамбарыңарга салату-саламдар жолдогула. Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатуху».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *