«Бул пайгамбарлар өткөндөрүнөн кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн» (3)

بسـم الله الرحمن الرحيم

لأَلاَّ يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ

«Бул пайгамбарлар өткөндөрүнөн кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн» (3)

Алла Таала айтат:

لأَلاَّ يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ

– «Бул пайгамбарлар өткөндөрүнөн кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн (пайгамбарларды жибердик)». [4:165]

Саййид Кутб рахимахулла ушул аяттын тафсирине үчүнчү тараптан жандашып мындай дейт:

«Жана акыры келип, Алланын мына ушул нанкөрдүк (жакшылыкты билбегендик) кыла турган, чегинен аша турган адам вужудуна карата илим жана адилет, этибар жана камкордук, фазл жана рахматында көрүнгөн Жаратуучуга таандык улуулук каршысында баш ийип бир аз турайлы. Мына ушул вужуддун Алла тарабынан ага берилген кубат жана такааттары, анын тутумунда хидаят жана залалатка карата жөндөмдүүлүктөрү бар экендигин, ага тартуу кылынган акыл аттуу куралдын мүмкүнчүлүктөрүн, жандар жана кыйырлардагы хидаят-ыйманга үндөөчү белгилерди билүү каршысында бир аз токтойлу.

Алла бул улуу куралды кээде шахваттар менен каалоолор өзүнө оодуруп алышын, кээде болсо жандар жана кыйырлардагы эсепсиз мөмөлөрдөн көңүл кушу, наадандык, кесирдик тосуп коюшун билгендиктен, рисалат жана баян жибергенден кийин гана хидаят жана залалат жоопкерчилигин анын мойнуна жүктөдү. Ошондон кийин да ага турмуш жолун түзүүнү эмес, Өзү даярдап түзүп койгон жолду колдонууну тапшырды. Калган иштерди болсо анын өз ыктыярына коюп берди. Адам кудум бир падышадай Алланын моюн сундуруп бергенинен пайдаланып, каалаганын ача берди, каалаганын өзгөртө берди. Кыскасы, кээде жаңылышып, кээде жаңылбай, кээде тайгаланып, кээде тайылбай өз жолунан бара берди.

Адилеттин улуулугу каршысында бир аз туралы. Мына эмесе, Парвардигердин тозоктон эскертүүчү жана бейиштин кушкабарын жеткизүүчү пайгамбарларды жибербеши адамдардын Аллага каршы далилы эсептелсе-ээ! Негизи, аалам китеби, адамдын ички дүйнөсү Жаратуучунун барлыгы менен бирлигин, тадбири менен тагдырын, кудурети менен илимин көрсөтүүчү күбөлөргө жана белгилерге толтура. Негизи, адам табияты өз Ээсине байланышып моюн сунууга үндөөчү ышкы-шыкка толгон. Аны менен жандар жана кыйырлардагы Жаратуучунун бирлигине далалат кылуучу буталар ортосундагы уйгундукту, үндөштүктү айтпайсызбы. Негизи, күбөлөрдү эсептеп, натыйжаларды чыгарып ала турган акылды да берип койгон. Ушуга карабастан, Алла Субханаху бул нерселердин иштен чыгышын, өчүп кетишин, ката-кемчиликтерден куру эместигин эсепке алып, адамды аалам, табият жана акылдын ага каршы далил болушунан азат кылып, ага пайгамбарлар жиберди. Алар бул аппараттар бузулгудай болсо, аны рисалатта өз көрүнүшн тапкан илахий чындык таразалары менен оңдоп алышат. Мына ошондо гана алар чыныгы күбөлөргө айланып, ыкрар болуу, итаат кылуу, эргешүү милдети адамдын мойнуна жүктөлөт. Милдетти аткарбаса, акылуу түрдө жазаланат.

Адам деп аталган бул жанзатка карата көрсөтүлүп жаткан этибар менен камкордуктун, фазл менен мархаматтын улуулугу каршысында бир аз туралы. Ааламдардын Роббиси бул жанзатты, анын канчалык алсыз-байкуштугун биле туруп, аны аздектеп, чексиз салтанат – жердеги орун басарлык мансабына ылайык тапты. Ооба, бул салтанат адамга карата чексиз даражада үлкөн.

Негизи, адам тутумунда кээде өчүп-жоголуп турушун эсепке албаганда, аны хидаятка баштоо жөндөмүнө ээ болгон пикир да, акыл да бар. Бирок, мээримдүү Парвардигердин этибары, камкордугу, фазл-мархаматы адамды ушул факторлорго таштап койбостон, ага изме-из пайгамбарлар жиберүүнү ыктыяр кылды. Нанкөр адам болсо, аларды жалганчыга чыгарды. Аларга каршы күрөштү, чындыктан жүз үйүрдү, жолдон адашты. Ушундай кылгылыктардан кийин да Роббиси андан өз мархаматын аябады, аны пайгамбарлары колунда хидаят табуудан куру калтырбады, пайгамбарлар жибербей туруп аны кылмыштарына жараша дүйнөдө да, акыретте да жазалабады. Пайдасын билбеген ал наадан болсо жүз үйүрдү, капыр болду, тооба кылбастан, чындыкка кайтпастан капыр абалында өлүп кетти.

Таң калыштуу жери, адам мезгили келип Жаратуучусунан кажатсыз болуп алат имиш, ага Парвардигери көрсөтүп жаткан этибар-камкордуктун, фазл-мархаматтын, хидаят-диндин, пайгамбарлардын кереги жок имиш. Бардык нерсени өз акылы менен таап алат имиш. Негизи, акыл Алланын жолу менен туураланып, оңдонуп турбаса, адамдын кажетин чыгара албайт. Муну билген Алла рисалат жана баяндан кийин гана ага жаза дайындады.

Бийик акылдар эркин абалында да рисалат алып чыккан чокуну багындыра алат деген сөз алдоо жана чалгытуу гана, эң эле бери дегенде ката жана залалат. Табиятынан таасирчен болуп жаратылган акыл рисалаттын эң туура көрсөтмөсү менен жүрүп жатканда, колдонуу жараянында кокус чөйрөдөн таасирленип, ката кетирген күндө да, анын катасы жүрүп жаткан сааттын катасына окшойт. Иштеп жаткан сааттын катасы менен иштен чыккан, таштанды, бузук сааттын катасынын ортосундагы айырма асман менен жердей.

Акылдын рисалат аркылуу жеткен чокусуна андан башкасы аркылуу жете албашы – адамдын рисалатка муктаж болбой коё албашынын бир белгиси. Тарых, сейрек кездешүүчү жөндөмгө ээ акылдардын бирөө жарымынын да – же бир этикат-ишеним элестетүүлөрүндө, маънавий адеп-ахлакта, же бир турмуш түзүмүндө, ушул түзүмдүн бирер бир мыйзамы жаатында – катардагы карапайым, орточо акыл рисалат аркылуу тапкан хидаятка жетип бара алганын көрсөтпөгөн.

Афлатун (Платон) менен Арасту (Аристотель) эң бийик акыл ээлери экендиги анык, ал тургай, Арастунун акылы адамзат тааныган эң улуу акыл дешет. (Бул Алланын рисалаты менен хидаятынан жат болгондордун сөзү). Эгер биз мына ушул «даанышман»дын өз илахы жөнүндө сүрөттөп берген элестетүүсүн рисалат менен хидаяттанган карапайым мусулмандын өз Илахы туурасындагы элестетүүсүнө салыштыра турган болсок, алардын ортосундагы укмуштуу аралык көзгө даана көрүнөт.

Байыркы Египетте Ахнотун тавхид акыйдасына жетип барды. Ал тургай, анын Ибрахим жана Юсуф а.с дардын рисалаларындагы тавхид этикатынан таасирленгенин этибарга албаган тагдырыбызда да, баары бир анын этикатындагы уламыштар жана боштуктар менен карапайым мусулмандын тавхиди ортосунда зор айырма бар.

Эми кулк (адеп-ахлактуу мүнөз) туурасында токтоло турган болсок, Исламдын алгачкы доорунда Пайгамбар с.а.в дын тарбиясын алган карапайым адамдарга бүткүл тарых аралыгындагы самовий рисалат таалимин албаган менмин деген улуулар да тең келе алышпайт.

Негиздер, түзүмдөр, мыйзамдар туурасында болсо, Ислам кучагындагы эриш-аркактыкты, үндөштүктү, улуулук-бийиктикти башка жактан таба албайбыз. Ислам түптөгөн ошол теңдешсиз, кайталангыс коомду, ошондой эриш-аркактыкты, үндөштүктү, ошондой ыңгайлуулукту, беймаралдыкты эми эч качан, эч каерден учуратпайбыз.

Маданий утуктар менен баа берүү жарашпайт. Анткени, материалдык маданият аны келтирип чыгаруучу илимдин өнүгүшүнө карай өнүгүп бара берет. Турмуш таразасы болсо, ар дайым бакыт, дил тынчтыгын бере турган, адамдык такааттарга басым өткөзбөй турган, аларды өз абалындай иштетүүлөрүнө коюп бере турган ошол уйгундук жана үндөштүк болуп келген, адамзат толук Ислам менен жашаган убагында жеткен чокусуна кайтып жетише албады. Турмуш Ислам кучагынан чыккан соң, тең салмактуулугун жоготту. Туруксуздукка дуушар болду. Кайсы бир тараптар жалт-жулт жангандай көрүнгнү менен, башка тараптар бүтүндөй өчтү, күлгө айланды. Кайсы бир жактар үлкөндөшкөн болсо, ал башка жактардын жемирилишинин эсебинен болду. Адамзат каргашага, балекеттерге, бактысыздыктарда туш болду»

[аягы]

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *