Сабыр – ушул баскычтагы азык-зат

Сабыр – ушул баскычтагы азык-зат

Мактоолор ааламдын Роббси Аллага болсун, салату-саламдар Анын Пайгамабары Мухаммад с.а.в га болсун. Ва баъд:

Алла Субханаху ар бир нерсени өз-өз ордуна коёт о.э. тандоону, сактоону жана жардамды бул иштерге акылуу болгон адамдарга гана берет. Ал эми, бул нерселерге акылуу болбогондорго болсо, жардамсыз таштап коюу болот.

Нафс кежирлик кылат, шайтан васваса кылат, дүйнө көркөм көрүнөт жана көбүнчө хаво (көңүл кушу) үстөм келет. Чындыгында, пенде мына ушул нерселер менен акыретте анын нажаты жана жеңиши болгон нерсенин ортосун тосууну каалайт. Мына ушул төрт нерсе – эң ашынган душмандарыбыз. Качан гана биз нафстан, шайтандан, дүйнө жана хаводон үстөм болсок, ошондо гана адамдардан болгон душмандарыбыздан үстөм болууга кудуреттүү болобуз. Эгер бул төрт нерсе бизден үстөм келсе, биз кубат жагынан душмандарыбыз менен тең болуп калабыз жана буга кошумча, алардын артыкча кубаттары да калат. Натыйжада, биз жеңилебиз. Биз бул жазып жаткан сөздөр – нафстан, шайтандан, дүйнө жана хаводон үстөм болууга жардам бере турган насааттар. Эй даъватчы боордош, бул нерселерге өзүң бир карап бак. Биз бул насааттан, өзүбүз көрүп турган тешикти бекитүү үчүн жана кордукту оңдоо үчүн, жакшылыкка далалат кылууну гана максат кылдык. Биз бул сөздөрүбүз менен насаат кылууга аракет кылдык. Бирок, бул нерсе амал (иш жүзүндөгү аракеттерибиз) менен болмоюнча, бул тешик бүтөлбөйт, ката оңолбойт жана жакшылык ишке ашпайт. Бул болсо, эй азиз боордош, сенин жана баарыбыздын милдетибиз. Демек, сөздөрдү угуп коюу эле эмес, балким, аны түшүнүү жана ага амал кылуу максат кылынат.

وَقُلْ اعْمَلُوا فَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ وَسَتُرَدُّونَ إِلَى عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

– «Айткын: «(Каалаган) ишти кыла бергиле. Анткени, Алла, Анын Пайгамбары жана момундар кылган иш-амалдарыңарды көрүп турат жана жакында гайбу шахадатты (т.а. жашыруун жана ашкере нерселердин баарын) билүүчү Затка кайтарыласыңар. Анан Ал зат силерге кылып өткөн амалдарыңардын кабарын берет». [9:105]

Иншалла, тезде азап-алам кетип, ажр калат

Эй боордош! Билип койгун, сен акыйкат жолдо жүрүп, Исламга амал кыла баштаганыңда, абдан көп мусибат жана кыйынчылыктарга о.э. көптөгөн сыноолорго туш келишиң мүмкүн.

Эгер сен акыйкатта бекем турсаң жана сыноого сабыр кылсаң, тезде кыйынчылык кетип, иншаалла, сага ажр-сооп калат. Карабайсыңбы, жайдын мээ кайнаткан ысыгында орозо туткан адамдын ачкалыктан жана чаңкагандыктан тарткан азабы ал ичкен бир жутум суу менен кетет. Ал Пайгамбар с.а.в дын мына бул сөзүн кайталап жүрөт: «Чаңкоо кетти, тамырлар ным болду. Иншалла, ажр калды…». Бейишке биринчи кадамыңдын кириши менен сен учураган ар кандай машакат, сага жеткен ар кандай кайгы-каcырет жана Алланын жолунда сага жеткизилген ар кандай азап бүтүндөй жок болуп кетет жана сенден суралат: «Сен кыйынчылык көрдүңбү?» Сен болсо бейишке түшүрүлгөнүңдөн кийин: «Жок, эй Роббим! Эч кандай кыйынчылык көргөнүм жок» дейсиң.

Имам Ахмаддан: «Момун ырахаттын даамын качан табат?» – деп суралды. Ал киши: «Бейишке биринчи кадамын койгондо», – деп жооп берди.

Чындыгында эле, сенин азап-машакаттарың таркап кетет, балким, азап-машакаттар кубаныч-шаттыкка жана бакты-таалайга айланат. Натыйжада, ажр-сооп сага жар болот. Жана Алла Таала сага Өз фазли-жоомарттыгын зияда кылып, Өзүнө ылайыктуу болгон берешен-карамы менен сени улуу кылат. Мына ошондо сен дин жолунда көбүрөөк күч сарптап, дагы да көбүрөөк азарланган болушуңду, Роббиңдин жолунда дагы да уйкусуз сапарлар кылып, дүйнөдөн көбүрөөк нерселерди таштаган болушуңду, Алланын жолунда курмандыкка чалган нерселериңден көрө көбүрөөк нерселерди курман кылган болушуңду арзуу кыласың. Балким – шейиттер арзуу кылганы сыяктуу – шейиттерге болгон Алланын фазли-карамын көрүп, сен да Алланын жолунда өлтүрүлүшүң үчүн дүйнөгө кайтууну, кийин тирилип, дагы өлтүрүлүп, кийин тирилип дагы өлтүрүлгөн болушуңду арзуу кыласың.

Сыноо учурунда кантип бекем тура аласың?

Айрым адамдар мага: «Менин Исламга моюн суна баштаганыма эч канча болгон жок. Көп сыноолорго туруштук бере албай каламбы, сабыр кыла албай каламбы деп корком», – дешет. Мен бул боордошко Набий с.а.в дын мына бул: «Кимде-ким сабыр кылса, Алла ага сабыр берет» жана «Кимде-ким жакшылыкты кааласа, ага берилет, кимде-ким жамандыктан сактанса, мушарраф кылынат (ошого жетиштирилет)», – деген хадистерин эстетемин. Демек, ким сабырдын себептерин кармаса, Алла аны сабыр менен ырыскылайт. Ким алсыздык-сабырсыздыктын жана жеңилүүнүн себептерин кармаса, өзү кармаган себептер менен мусибатталат.

وَمَا ظَلَمَهُمْ اللَّهُ وَلَكِنْ أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

– «Аларга Алла зулум кылбады, балким, алар өздөрүнө зулум кылышты». [3:117]

Ошондуктан, эй мусулман боордошум, сабыр-таакат кыл. Аз гана убакытка напсиңди сабыр кылууга мажбурла. Иншалла, ошондон кийин нафсиң сабыр кылуучу жандардан болот, балким, ыраазы болуучу (көнүгүүчү) нафиске айланат. Ал эми, сага кыйынчылыктар катуу болуп, сыноо зияда болуп, мусибаттар көбөйүп кеткенде, жамандыкка буюруучу нафсиң сага дүйнөгө бурулушуң керектиги жөнүндө айтат – аз гана убакытка болсо да –  ушул нафсиң сага каршы кежирлик кылат, сен бул чакта анын тизгинин колго алышың үчүн жана ал сени менен башкарылышы үчүн  о.э. жаман көрүүчү нафистен жакшы көрүүчү нафиске айланышы үчүн, Алланын амирине итаат кылган абалыңда нафисиңди башкарышың важып болот. Эгер сен ушуну кааласаң, ага айт: Эй нафс, сен Алла тарапка жүрүшүң керек болгон жолдун чоң бөлүгүн басып койдуң, азы калды. Эй нафис, буга сабыр кыл. Өткөн жакшы амалдарыңды, Алланын жолунда уйкусуз болгон күнү-түндөрүңдү, жылдар бою тарткан машакаттарыңды кандайдыр бир арзыбас ирмем үчүн сая кетирбе. Албетте, бул бир сааттык сабыр кылуу. Ушул саатта сабыр кыл. Бул сыноонун мөөнөтү кудум меймандын конок болуу мөөнөтү сыңары. Анын конок болуу мөөнөтү кандай аз. Меймандын колу ачык мезбанга айткан мактоолору болсо кандай лаззаттуу. Эй сабыр кадамдары, амал кыл, аз эле калды. О.э. ал боордош нафси менен – Бишр ал-Хофий ал киши менен сапарга чыккан шакиртеринин бири менен кылган – ишти кылышы керек. Жолдо киши чаңкап калды. Ал Бишрге: «Мына бул кудуктан суу ичебиз», – деди. Ал киши: «Кийинки кудукка чейин сабыр кыл» деди. Кийинки кудукка жеткенде болсо, кийинки кудукка деди. Ал киши ар бир кудукка келишкенде, кийинки кудукка чейин сабыр кылды, шакиртин түшүндүрүп-жубатып бара берди. Кийин ага карап: «Дүйнө ушул түстө кесип өтүлөт», – деди.

Имам Ахмад рахимахулланын бир ажайып сөзү мени таң калтырды. Ал киши бул сөздү кайталап жүрөр эле: «Бул дүйнө тамак болуп тамак эмес, ичимдик болуп ичимдик эмес, ал ушунчалык тез өтүп кете турган аз гана күндөр». Бул сөздөрдү абдан көп пикирлөө керек. Кийин ал нафсине кайрылуу үчүн бир мөөнөткө токтор эле: «Эй нафс, көрбөйсүңбү, дүйнө ахли сен мусибаттангандан көрө көбүрөөк мусибат жана балээлер менен мусибаттанууда. Кийин бул кыйынчылыктар үчүн аларга ажр да берилбейт, Алла аларды сабыр менен да ырыскыландырбайт». Адатта алар ушул мусибаттар себептүү кайгы-капа, кыйынчылык жана үмүтсүздүк, балким, жинди абалында болуп калышпайбы? Бир машинанын чөгүп, анда бүткүл үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары өлгөнүн укпадыңбы?! Алардын мусибатынын алдында сенин мусибатың эмне болуптур? «Сен үчүн эң чоң мусибат душмандарыңдын сени өлтүрүшү болсо, бул сен үчүн мусибат эмес, балким, даңк жана жашоо болуп, бул кандай гана улуу жашоо». Кийин ал нафсине мындай дейт: «Сага душманың тарабынан эмне мусибат жетиши мүмкүн? Сени бир ай, эки ай, бир жыл же бир нече жыл, ал тургай, өмүр бою камашы мүмкүн. Өмүрүңдү Алланын жолунда өткөзүшүңдүн сыймык экендиги сага жетиштүү. Сага сыймык жагынан Юсуф а.с дын жолунда болушуң жетиштүү. Негизи, ал киши бир нече жылдар зынданга таштап коюлган. Жамандыкка буюруучу нафсиңе айт: Эй нафс, Аллага күнөө кылгандыктары үчүн камактарды толтуруп жаткан миңдеген адамдарды көрбөй жатасыңбы? Ошондой болгон соң, Аллага итаат кылганың үчүн мусибаттанышың сага сыймык-го! Арзыбас көз ирмемдик ыплас шахваты себептүү өлүмгө өкүм кылынган кимсени көрбөйсүңбү? Ал бир кызды зордуктаган эле. Дагы шайтанга жана наркотикалык заттарга белилгендиктери үчүн өмүр бою камакка өкүм кылынгандарды жана алардан башка өтө көптөгөн адамдарды көрбөйсүңбү?».

Ажеп эмес, мына ушул нерселер обиддер даражасына жетишишиңе себеп болсо. Себеби, эчендеген боордоштор кандайча жашоонун акыйкатын кыйынчылыктарда гана билип алышкан. Дагы канчалаган боордоштор бар, аларды Куран токтото албаган эле, алар анын максаттарын түшүнө албаган эле жана алар анын ажайып өкүмдөрүн түшүнүп жете албаган болчу. Эми алар кыйынчылыктарда гана бул нерселерди билишти, мейли, алар мурун Куран жаттаган жана тафсирлерди окуган болушса да. Бул сыноолор аркылуу кошумча китептерден окуп жете албаган илим даражаларына жетишилет жана идирек кыла албаган маанилер идирек кылынат. О.э. окуп, үйрөнүп, жаттап таба албаган халават-канааттанууну табышат. Бул нерселер Аллага тобокел кылуу, инабат, Алладан коркуу, тооба жана Алланын ыраазылыгы сыяктуу маанилер.

Мына бул сөздү айткан шайхул-Ислам ибн Таймийяны Алла рахмат кылсын: «Менин бейишим, бак-бостонум менин көкүрөгүмдө. Мен сапар кылсам, ал мени менен бирге болот, мени менен шерик. Менин туткун кылынышым – мен үчүн халават, өлтүрүлүшүм – шахадат, өлкөмдөн сүргүн кылынышым болсо – саякат».

Кимде-ким иш убагында оюн-күлкү менен алек болсо, акы алуу убагында өкүттө калат.

Эй боордош, ибн Жавзиянын мына бул сөзүн эсте: «Аллага ыйман келтирген момун адам иш акы алып иштөөчү (мандикер) кишиге окшойт. Сунуш заманы күндүн жарык маалына окшойт. Ылайда иш кылып жаткан адам таза-кымбат кийимдерди кийиши мүмкүн эмес. Балким, иш убагында сабыр кылышы керек. Иштен бошогондон кийин жуунуп, жакшы кийимдерди киет. Эми кимде-ким иш убагында оюн-күлкү менен алек болсо, эмгек акы берилип жаткан убакта өкүнүчтө калат. Сунуш кылынган нерселерде суздук кылгандыгы үчүн азапталат».

Дүйнөнүн бардык нерселери жок болуучу мата болуп, Алланын алдында чымындын канатынчалык да салмакка ээ эмес. Момун боордош ар дайым дили жана тили менен – жүрөгү ыйманга толгон Фиръавн сыйкырчыларынын өз доорунун фиръавнына жана бардык доорлордогу фиръавндарга айткан – сөздөрүн кайталап жүрүшү керек:

فَاقْضِ مَا أَنْتَ قَاضٍ إِنَّمَا تَقْضِي هَذِهِ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا

– «Эми кыла турган өкүмүңдү кыла бер. Сен бар болгону мына ушул дүйнөдө гана өкүм кыласың». [20:72]

Боордошторубуз өз нафсине – бул тогут-шайтандар дүйнөнү момундарга каршы болгон шоокум-сүрөөн, бакырык-чакырык жана коркутуп-үркүтүүлөр менен толтуруп таштаган күндө да – күнөөкөрдүк кордугу, бактысыздыгы тогуттарды эч качан таштабашын эстетип коюшу важып болот. Хасан Басрийдин айткан сөзү да дал ушуга далалат кылат. Ал киши: «Тогуттар качыр жана аттарда кердейип жүрүшсө да, осийлик (күнөөкөрдүк) кордугу алардын жүздөрүнөн эч качан өчпөйт. Анткени, Алла өзүнө осийлик кылган кимселерди албетте кор кылат».

Бул маанилерди жалаң ахли ыйман, солих, Роббисин чындап тааныган кишилер гана сезет. Ошондуктан, алардын жана тогуттардын заманы бүтүп бара жаткандыгын билишет. О.э. алар баскычтарды тез басып өтүүнү жана тез аракет кылууну көздөгөндүктөрү үчүн, сыноо медресесин жакшы өтөө сыймыгы бар экендигин жакшы билишет.

Эй даъватчы боордош! Алла Өзүнүн даъватын көтөрүп чыгууга жетиштирген адам!

Машакат жана коркунучтар алдында сабыр кылышың сага улуулук жана сыймык алып келүү үчүн жетиштүү. Арты-артынан келип жаткан сыноолордон кийин да акыйкат үстүндө бекем тур. Биз Алладан амандык тилейбиз. Сен да улуу сыноо медресесинен өзүнө жараша тарбия менен тарбияланып, өзгөчө жасалгалар менен жасанып чыккан адамдардын катарында болушуң үчүн бекем тур. Алар бул медреседен ар кыл аралашмалардан таза болгон нукура алтын сыяктуу нафистери таза, дилдери тунук, күнөөлөрү кечирилген, тообалары кабыл кылынган жана Роббилерине итаат кылган о.э. Аллага чындап тобокел кылган, Алладан башка нерселерге кол шилтеген кишилер эле. Кимде-ким бул медреседен ийгилик менен чыккан болсо, ал дин имамдарынан бир имамга, туура жолго жетелөөчү жетекчилерден бир жетекчиге айланат.

وَجَعَلْنَا مِنْهُمْ أَئِمَّةً يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا لَمَّا صَبَرُوا وَكَانُوا بِآيَاتِنَا يُوقِنُونَ

– «Алар (өз диндери жолундагы балээ-кыйынчылыктарга) сабыр-таакат кылышкан соң, Биз алардан (адамдарды) туура жолго баштай турган жетекчилерди чыгардык». [32:24]

Бул сыноо медресесинен Аммар ибн Ясир, Билал ибн Рабох, Сухайб, Салман, Хаббаб ибн Аратт, Хабиб ибн Адий жана башка сахабалар жетишип чыгышты. Мына ушул медреседен Саид ибн Жубайр, Малик ибн Анас, Абу Ханифа жана өз заманында алардын эң чоң шакиттеринен, кийин болсо, үммөттүн чоң устаздарынан болгон Имам Ахмад ибн Ханбал, о.э. Ибн Таймийя, ибн Каййим жана Сарахсий сыяктуулар жетишип чыгышты. О.э. сен да биринчи мугалими жана баштоочусу улуу Расул с.а.в болгон чоң медресенин бүтүрүүчүлөрүнөн болосуң. Бул медресенин негиздөөчүсү Расулулла с.а.в: «Мен Алланын жолунда эч ким азарланбаган азарлар менен азарландым», – дээр эле.

Көрбөйсүңбү, эгер Курайш мушриктери Сухайб Румийдин мал-мүлкүн тартып алышпаганда, ал киши «Абу Яхя соодада чоң пайда кылды» деген даражага жетише алар беле? Көрбөйсүңбү, Ясирдин үй-бүлөсү Курайш мушриктери колунан азаптарды татып көрбөгөндө: «Сабыр кылгыла, эй Ясирдин үй-бүлөсү, силердин бара турган жериңер бейиш» деген ызат-урматка жете алышар беле? Ухуд согушунда Анас ибн Назирдин мүчөлөрү бөлөк-бөлөк кылып кесип ташталбаганда, ал: «Эгер ал Аллага ант ичкенде, Алла аны антында бар кылган болор эле (т.а. антында турган кылар эле)» деген сыйга жетише алар беле? Эгер Билал ибн Рабох Умайя ибн Халаф менен анын малайларынын колунда азапталбаганда, ал «Саййидибиз Билал» деген даражага жетпеген болор эле. Юсуф а.с зынданда сабыр кылбаганда:

أَيُّهَا الصِّدِّيقُ

– «Эй Сыддык». [12:46]

деген даражага жетише албас эле. Эгер ражеъ асхабдары Алланын жолунда учураган нерселерге сабыр кылбаганда, Алла мына бул:

وَمِنْ النَّاسِ مَنْ يَشْرِي نَفْسَهُ ابْتِغَاءَ مَرْضَاةِ اللَّهِ

– «Адамдардын арасында Алланын ыраазылыгын табуу үчүн өз жанын бере турган заттар да бар», [2:207]

деген аятта зикир кылган кишилерден болбос эле. Эгер Муаз ибн Жабалдын сабыры, Алланын жолундагы каармандыгы, Хандак согушу күнүндөгү канын төгүшү жана Бани Курайза туурасында адилеттүү өкүм чыгарышы болбогондо, ал «Муаздын өлүмүнөн Рахмандын аршы титиреп кетти» деген даражага жете албас эле. Ухуд күнү жана андан мурун Абдулла ибн Харамдын каармандыгы, эхсаны жана сабыры болбогондо, Алланын мына бул сөзүндөгү даражага жетише албас эле: «Эй пендем! Менден эмнени үмүт кылсаң үмүт кыл, сага акыйкатты беремин». Эгер Саййид Кутбдун өз мээнетиндеги жана өлтүрүлүп жаткандагы сабыры о.э. туруктуулугу болбогондо, ал кишинин сөздөрүнүн таасири болбос эле.

Дүйнөдө ушундай бир чоң күнөөлөр болуп, аларга зор жакшылыктар жана катуу сыноолор гана каффарат болот. Ошондуктан, Алла Азза ва Жалла өз досторунун күнөөлөрүнүн чоңу-кичинесине, башы-аягына каффарат болушу үчүн, аларга сыноолорду тагдыр кылат. Ошондон кийин, алар Роббилерине каталары алардан өчүрүлгөнүн жана алар бул нерселер менен икрам кылынгандыгын, бул нерсе Ал тарабынан болгон фазл экендигин жана бул инъамдар Анын аларга тартуулаган неъматы экендигин айтышат. Термизий Абу Хурайрадан рыбаят кылган мына бул хадиси шариф да мына ушул мааниге ишара болсо ажеп эмес. Абу Хурайра айтты, Расулулла с.а.в: «Момун жана мумина үчүн Аллага жолукканга чейин нафсинде, перзентинде жана мал-мүлкүндө сыноо бар. Ырас, анын катарлары бар болгон соң, сыноолор токтобойт», – деди.

Ухуд согушу башталышынан мурун сахаба Абдулла ибн Жахш Саъд менен ибн Абу Ваккас бир четке чыгышты жана ал экөөсүнүн бири дуба кылууга, башкасы омийн деп турууга келишип алышты. Абдулла ибн Жахштын дубасы мына мындай болду: «Эй Кудайым, мени каары катуу, абдан күчтүү адамга туш келтир, мен аны менен Сенин жолуңда согушамын. Ал да мени менен согушат, кийин мени өлтүрөт да, мурдум менен кулагымды кесип алат. Эртең мен Сага жолуккан убагымда, Сен: «Эй Абдулла, сенин кулак-мурунуң эмне себептен кесилген?» деп сурайсың. Ошондо мен: «Сенин жана Расулуңдун жолунда» деп жооп беремин. Ошондо Алла Таала: «Туура айтасың» дейт». Кандай гана укмуш ажайып дуба! Бул көңүлдөрдөгү бардык нерсе ширин нерсеге айланган эле. Бул иш бул жолду таттуу эсептеп, анын даамын татып көргөн, Алланын ыраазылыгынан башканы эңсебеген, Аллага итаат кылган о.э. Анын жолунда өлтүрүлгөн абалда Ага туш болуудан башка нерсени маанилүү деп эсептебеген адам тарабынан гана пайда болот. Албетте, бул адамдар жана аларга окшогондор Алланын мүмкүндүк беришине, нусратына жана анын тандоосуна ылайык. Чындыгында эле, Абдулла ибн Жахш каалаган нерсе ишке ашты. Ал киши Ухуд соушунда шейит болду. Мушриктер ал кишинин мурдун кесип ташташты. Айрым адамдар бул улуу сахабий Абдулла ибн Жахштын Курайштын улуу үй-бүлөсүнөн экендигин билишпесе керек. Ал киши Расулулла с.а.в дын аммасынын (атасынын эжесинин) уулу болгон. Алар ушундай бир кавм болуп, алардын мүчөлөрү бөлөк-бөлөк кылып кесип ташталганда да, алар адамдардын ак-карасына каршы күрөшкөндө да, аларга адамдардын баары биригип бир жаадан ок атышканда да жана алар мекендеринен, элдеринен бөлүнүп калганда да – өздөрүнүн бакты-таалайы бир гана мына ушул жолдо экендигин сезишер эле. Алар бир сөзмөрдүн мына бул сөзүн кайталап жүрүшөр эле: «Бизде бир неъмат бар. Эгер падышылар аны билишкенде, мына ушул нерсе үчүн кылычтар менен согушушмак». Бул адамдарга дүйнө иштеринин эч бири маанилүү эмес болчу жана аларды Ислам үчүн о.э. аны жер жүзүндө үстөм кылуу үчүн аракет кылуудан башка нерсе алек кыла албас эле. Себеби, алардын дилдери: «Алла жолундагы өлүм кандай таттуу» деп кыйкырар эле. Биз айтып өткөн адамдар бул жолду таттуу эсептешкен жана бул жол үчүн жолдун машакатын, кыйынчылыгын жана азабын кетире турган халават-канааттанууну табышкан. Балким, бул халават азапты жагымдуу нерсеге, ачууну таттууга, кыйынды оңойго, кымбатты арзанга айландырган. Ошондуктан, алардын ыраазылыгы Акыйкат Ээсинин ыраазылыгында болгон жана алардын махабаты Алла Субханаху сүйгөн нерсеге болгон.

[уландысы бар]

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *