«Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!»

بسـم الله الرحمن الرحيم

لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

«Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!»

Алла Таала айтат:

قُلْ يَاأَيُّهَا الْكَافِرُونَ لاَ أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ وَلاَ أَنَا عَابِدٌ مَا عَبَدتُّمْ وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

– «(Эй Мухаммад) айткын: «Эй капырлар! Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын. Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер. Мен силер ибадат кылган нерсеге ибадат кылуучу эмесмин. Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер. Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!». [109:1-6]

Ибн Касир өз тафсиринде айтты: Бул сүрө мушриктер кылып жаткан амалдан өзүнүн тазалыгын билдире турган сүрө. Сүрө бу иште таза болууга буюруп жатат. Алла Тааланын:

قُلْ يَاأَيُّهَا الْكَافِرُونَ

– «(Эй Мухаммад) айткын: «Эй капырлар!». [109:1]

аяты бүткүл жер жүзүндөгү бардык капырларды өз ичине алат. Бирок, бул кайрылуу Курайш капырларына айтылган. Айтылышынча, Курайш жахыл-наадандыгы себептүү, Расулулла с.а.вды бир жыл өздөрүнүн буттарына, бир жыл ал кишинин маъбуду т.а. Аллага ибадат кылууга чакырды. Ошондо Алла Таала Расулу с.а.вга ушул сүрөнү түшүрдү жана ал кишини алардын дининен бүтүндөй таза болууга буюрду. Жана (ал кишиге) айтты:

لاَ أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ

– «Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын». [109:2]

Т.а. буттар жана ушуга окшогон нерселерге.

وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ

– «Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер». [109:3]

Ал шериги жок жалгыз Алла. «مَا» бул жерде «من» маанисинде. Алла Таала айтты:

وَلاَ أَنَا عَابِدٌ مَا عَبَدتُّمْ وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ

– «Мен силер ибадат кылган нерсеге ибадат кылуучу эмесмин жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер». [109:4-5]

т.а. силердин ибадатыңарды кылбаймын б.а. ал жолдон жүрбөймүн жана ага эргешпеймин. Балким, Алла жакшы көрө турган жана ыраазы боло турган жосунда Ага гана ибадат кыламын. Ошондуктан, Алла Таала айтат:

وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ

– «Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер».     [109:5]

т.а. Аллага ибадат кылууда Анын буйруктарына жана шариятына эргеше албайсыңар, балким, өз нафсиңер тарабынан кээ бир нерселерди ойлоп таптыңар. Кудум Алла Таала айткандай:

إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلاَّ الظَّنَّ وَمَا تَهْوَى الْأَنْفُسُ وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مِنْ رَبِّهِمْ الْهُدَى

– «Ал (мушрик)терге (пайгамбар алайхис-салам аркылуу) Роббилери тарабынан хидаят (Куран) келип турган абалда алар жалаң күмөнгө жана көңүл каалоолоруна гана ээрчишти го!». [53:23]

Ал киши алардан жана алардын бардык кылып жаткан бардык иштеринен таза болгон. Себеби, обиддин ибадат кыла турган маъбуду жана амал кыла турган ибадаты болуш керек. Расул с.а.в жана ал кишинин айланасындагылар Аллага Ал көрсөткөн жол менен ибадат кылышар эле. Ошондуктан, Ислам сөзү «лаа илаха иллаллоху Мухаммадур росулуллох». Т.а. «Алладан башка маъбуд жок, Расул с.а.в алып келген жолдон башка жол жок» дегени. Мушриктер болсо Алладан башка нерселерге Алла уруксат бербеген нерселер аркылуу ибадат кылат. Ошондуктан, Расулулла с.а.в аларга:

لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

– «Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн». [109:6]

деди. Кудум Алла Таала айткандай:

وَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقُلْ لِي عَمَلِي وَلَكُمْ عَمَلُكُمْ أَنْتُمْ بَرِيئُونَ مِمَّا أَعْمَلُ وَأَنَا بَرِيءٌ مِمَّا تَعْمَلُونَ

– «(Эй Мухаммад), эгер алар сени жалганчы кылышса, анда айткын: «Менин кылган ишим өзүм үчүн, силердин ишиңер өзүңөр үчүн. Силер менин ишимден тазасыңар, мен да силер кылып жаткан ишиңерден тазамын».    [10:41]

дагы Алла айткандай:

لَنَا أَعْمَالُنَا وَلَكُمْ أَعْمَالُكُمْ

– «Биздин иштерибиз өзүбүз үчүн, силердин иштериңер да өзүңөр үчүн”.  [28:55]

Бухарий айтат:

لَكُمْ دِينُكُمْ

– «Силердин диниңер өзүңөр үчүн». [109:6]

дегенде – куфр,

وَلِيَ دِينِ

– «Менин диним өзүм үчүн».  [109:6]

дегенде – Ислам түшүнүлөт.

Саййид Кутб «Зилал» китебинде:

قُلْ يَاأَيُّهَا الْكَافِرُونَ لاَ أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ وَلاَ أَنَا عَابِدٌ مَا عَبَدتُّمْ وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

– «(Эй Мухаммад) айткын: «Эй капырлар! Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын. Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер. Мен силер ибадат кылган нерсеге ибадат кылуучу эмесмин. Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер. Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!».   [109:1-6]

Инкар, жазм жана таъкиддин хашма ыкмаларын иштетип инкардан кийин инкар, жазмдан кийин жазм, таъкидден кийин таъкид иштетилгендигин айтты.

«قُلْ» айткын. Бул буйрук катъий илахий буйрук болуп, бул акыйда иши Алланын иши жана Мухаммад с.а.в үчүн эч кандай ыктыяр жоктугун көрсөтүп турат. Себеби, Алла Таала буйругу кайтарылбай турган Буюруучу жана өкүмү рад кылынбай турган Аким зат.

قُلْ يَاأَيُّهَا الْكَافِرُونَ

– «(Эй Мухаммад) айткын: «Эй капырлар!». [109:1]

Алла аларга өз акыйкаттары менен кайрылып, аларды өз сыпаттары менен сыпаттады. Себеби, алар динде эмес жана момун да эмес. Балким, алар капырлар. Демек, силердин жолуңар менен алардын жолу бирикпейт.

Ошентип, сүрөнүн башы жана бул сүрөнүн кайрылуу менен башталышы бул эки жол биригиши эч бир үмүт кылынбай турган башка-башка жолдор деген акыйкатты уктурууда.

لاَ أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ

– «Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын.   [109:2]

Эми менин ибадатым силерден ибадатыңардан башка жана менин Маъбудум силердин маъбудуңардан башка.

وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ

– «Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер».     [109:3]

Силердин ибдатыңар менин ибадатымдан башка, силердин маъбудуңар менин Маъбудумдан башка. Бу мурунку катардагы сүйлөм-жумланы жумлаи исмия менен таъкиддөө болуп, ушул сыпатта бекем турууга жана үзгүлтүккө учуратпай дайыма улантууга далалат кылат.

وَلاَ أَنَا عَابِدٌ مَا عَبَدتُّمْ

– «Мен силер ибадат кылган нерсеге ибадат кылуучу эмесмин».         [109:4]

Бул сүйлөм экинчи катарды таъкиддөө үчүн кайра келтирилип жатат, муну менен бул жерде күмөн гө эч бир орун калбасын. Кийин:

وَلاَ أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ

– «Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллага) ибадат кылуучу эмессиңер».     [109:5]

деген аят биргиши эч качан мүмкүн болбогон айрылыш, өз ара келишиши мүмкүн болбогон карама-каршылык, өз ара кошулушу жана байланышы мүмкүн болбогон ажыралуу акыйкатын тыянак кылып келтирүүдө.

لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

– «Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн».              [109:6]

Бул тыянак ушул эки жолдун ар жактама толук түстө башка-башка жол экендиги жана экөөсүнүн бири-бири менен бирикпеши ачык-айкын экендиги туурасындагы корутунду.

Бул ажырымда толук карама-каршылык бар экендигинин белгилерин анык көрсөтүп берүү үчүн зарыл эле. Ушул карама-каршылык себептүү бул эки жол бирер нерседе бири-бири менен биригиши эч качан мүмкүн эмес. Бул карама-каршылык этикат-ишенимдин маани-мазмунундагы, тасаввур-элестетүүлөрдүн негизиндеги, манхаж-программанын акыйкатындагы жана жол табиятындагы карама-каршылыктан турат.

Анткени, тавхид бир манхаж болсо, ширк башка манхаж. Бул экөөсү бири-бири менен эч качан бирикпейт. Тавхид – адамды бүткүл барлыкта эч шериги болбогон жалгыз Алла тарапка жетелөөчү жол. Тавхид адам өз акыйдасын, шариятын, кыймат-өлчөөлөрүн, адеп-ахлагын жана турмуш жөнүндөгү, барлык жөнүндөгү бардык тасаввурларын ала турган жакты да белгилеп берет. Адам бул нерселерди ала турган жак болсо Алла т.а. эч кандай шериги болбогон жеке-жалгыз Алла.

Ушундан келип чыгып, турмуштун бардык тармактары ачык жана жашыруун көрүнүштөгү ширк аралашпаган абалда, мына ушул негизге курулат. Мына ушул анык көрүнүштөгү ажыралуу даъватчылар үчүн да, даъват кылып жаткан кишилер үчүн да зарыл.

Жахилият наадандык-караңгылык, Ислам болсо Ислам. Экөөсүнүн ортосундагы айырма өтө чоң. Нажат табуунун жолу болсо жахилияттан бүтүндөй чыгып, Исламга бүтүндөй өтүү. Бул нерсе жахилияттагы бардык нерселерден ажыралып Исламга, андагы бардык нерселерге хижрат кылуу.

Бул жолдо таштала турган биринчи кадам – даъватчынын жана анын сезим-туйгуларынын тасаввур, манхаж жана амал жагынан жахилияттан бүтүндөй үзүлүү менен ажыралып туруусу. Бул үзүлүү жолдун жарымында учурашууга (келишишүүгө) жол койбойт.

Демек, жахилият Ислам кийимине оронуп алып, өзүн канчалык зыйнаттап көрсөтпөсүн жана Исламдын атын канчалык айтышпасын, жамап-жаскоого, орточо чечимге жана жолдун жарымында келишүүгө эч кандай орун жок.

Даъватчынын сезим-туйгуларындагы мына ушул көрүнүштүн өзгөчө ажыралып турушу эң негизги нерсе болуп, даъватчы бул жолдун тигилердин жолунан бүтүндөй башка экендигин, алардын өз дини, анын болсо өз дини бар экендигин, алардын өз жолу жана анын өз жолу бар экендигин, алардын жолунда бир да кадам алар менен кадам ташташы мүмкүн эместигин жана өзүнүн милдети аларга эч кошаматчылык кылбастан о.э. өз дининдеги аз гана же көп нерседен баш тартпастан, аларды өз жолуна жүргүзүү экендигин сезет.

Эгер алар анын жолуна жүрүшпөсө, анда толугу менен араны ачып коюу, бүтүндөй бөлүнүү жана ачыктан-ачык мамилени үзүү жарыя кылынат.

لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

– «Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн». [109:6]

Бүгүнкү күндө Исламга даъват кылуучулар ушундай араны ачып коюуга, толугу менен ажыралууга жана жахилият менен алаканы бүтүндөй үзүүгө абдан мужтаж. Алар өздөрүнүн Исламды жаңыдан тикелеп жаткандыктарын, өздөрү алып барып жаткан Исламга болгон даъват алгачкы доорлордогу даъваттын кудум өзү экендигин т.а. жахилият ортосунда алып барылган даъват жана жахилияттан бүтүндөй ажыралуу экендигин сезүүгө өтө муктаж. Даъватчы:

لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

– «Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн». [109:6]

деп, бул менин диним десе, анда мына ушул нерсе – даъватчы өз тасаввурларын, өлчөмдөрүн, акыйдасын жана шариятын – бүт баарын Алладан, турмушунда жана турмушунун бардык тармактарында Аллага эч нерсени шерик кылбай, бир гана Анын Өзүнөн ала турган калыс (нукура таза) тахвиддир.

Мына ушундай толук ажыралуу болбосо, караңгылык, кошоматчылык жана жамап-жаскоого урунуу сакталып кала берет. Исламга болгон даъват мындай күчсүз, куру-кулку, жат-бегене негиздерге курулбайт, балким, үзүл-кесил чечкиндүүлүк, ачык-айкындуулук, каармандык негиздерине курулат. Исламдын биринчи күндөрүндөгү даъват жолу мына ушундай:

لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

– «Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн».   [109:6]

деп айтмак».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *