«Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, силер үстөм болуучусуңар»

بسـم الله الرحمن الرحيم

وَأَنتُمُ الأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ

«Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, силер үстөм болуучусуңар»

Алла Таала айтат:

وَلاَ تَهِنُوا وَلاَ تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ إِن يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِّثْلُهُ وَتِلْكَ الأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاءَ وَاللّهُ لاَ يُحِبُّ الظَّالِمِينَ وَلِيُمَحِّصَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ

– «Куфрга каршы күрөштө суздашпагыла жана кападар болбогула. Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, силер үстөм болуучусуңар. Эгер силерге жаракат жеткен болсо, ал коомго да куду ушундай жаракат жеткен. Алла чыныгы ыйман келтирген кишилерди билиши о.э. араңардан шейиттерди иргеп алышы үчүн бул күндөрдү (т.а. жеңүү жана жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айландырып турабыз. Алла залим кишилерди сүйбөйт. Ошондой эле, Алла ыйман келтирген заттарды (күнөөлөрүнөн) тазалоо жана капырларды кыйратуу үчүн (бул күндөрдү адамдар арасында айландырып турат)».      [3:139-141]

Ибн Касир бул аяттын тафсиринде мындай дейт: «Кийин Алла Таала момундарга көңүл улап айтат:

وَلاَ تَهِنُوا

– «…суздашпагыла». [3:139]

Тагыраак айтканда, Ухуд согушунда болуп өткөн иштердин айынан алсырабагыла.

وَلاَ تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ

– «…жана кападар болбогула. Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, силер үстөм болуучусуңар». [3:139]

Тактап айтканда, эй момундар, акыбет жана нусрат силердики.

إِن يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِّثْلُهُ

– «Эгер силерге жаракат жеткен болсо, ал коомго да куду ушундай жаракат жеткен».      [3:140]

Т.а. эгер силерге жаракат жана өлүм мусибаты жеткен болсо, душманыңарга да ушуга жакын өлүм жана жаракат мусибаты жетти.

وَتِلْكَ الأيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ

– «Бул күндөрдү (т.а. жеңүү жана жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айландырып турабыз». [3:140]

Т.а. акыбет силердики болсо да, кээде душманды силерден үстөм кылып коёбуз. Себеби, бул иште Биздин жашыруун хикматыбыз бар. Ошондуктан да, Алла Таала айтат:

وَلِيَعْلَمَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ

– «Алла чыныгы ыйман келтирген кишилерди билиши үчүн…». [3:140]

Ибн Аббас айтат: «Ушуга окшош абалдарда душманга каршы согушууга ким сабыр кыла алышын көрүшүбүз үчүн».

وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاء

– «…о.э. араңардан шейиттерди иргеп алыш үчүн».       [3:140]

Т.а. Анын жолунда согушушат жана Аны ыраазы кылуу үчүн жандарын сайышат.

وَاللّهُ لاَ يُحِبُّ الظَّالِمِينَ وَلِيُمَحِّصَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ

– «Алла залим кишилерди сүйбөйт. О.э. Алла ыйман келтирген заттарды (күнөөлөрүнөн) тазалоо үчүн…». [3:140-141]

Т.а. эгер күнөөлөрү болсо, аларды каффарат кылат, болбосо, жеткен мусибаттарга карап даражаларын көтөрөт.

وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ

– «…жана капырларды кыйратуу үчүн». [3:141]

Т.а. алар жеңишке жетишкен соң, адинен ашып бузукулук кылышты. Анан, бул иштери алардын кыйрашына, өчүп жок болуп кетишине себеп болду».

Саййид Кутбдун «Зилол»унда мына бул аяттардын тафсиринде келет:

وَلاَ تَهِنُوا وَلاَ تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ

– «Куфрга каршы күрөштө суздашпагыла жана кападар болбогула. Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, силер үстөм болуучусуңар». [3:139]

Алсырабагыла, мусибаттарга, жоготууларга капа болбогула. Силер бийиксиңер… Акыйдаңар бийик. Себеби, силер жалгыз Аллага сежде кыласыңар, алар болсо бир махлукка. Туткан жолуңар бийик. Себеби, силер Алла көрсөтүп берген жолдон жүрөсүңөр, алар болсо бир махлуктун жолунан. Ойной турган ролуңар бийик. Себеби, силер бүткүл адамзатты жолго салуучу насаатчысыңар, алар болсо жолдон адаштыруучу. Жердеги макамыңар бийик. Себеби, силер Алла убада кылган жердин мураскорусуңар, алар болсо жок болуп унутулат. Ушундай болгон соң, чындап момун болсоңор, алсырабагыла, капа да болбогула. Себеби, мусибаттардын болуп турушу Алланын мыйзамы. Жихад, балээ жана сыноолордон кийинки акыбет силердики.

إِن يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِّثْلُهُ وَتِلْكَ الأيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاء وَاللّهُ لاَ يُحِبُّ الظَّالِمِينَ وَلِيُمَحِّصَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ

– «Эгер силерге жаракат жеткен болсо, ал коомго да куду ушундай жаракат жеткен. Алла чыныгы ыйман келтирген кишилерди билиши о.э. араңардан шейиттерди иргеп-тандап алышы үчүн бул күндөрдү (жеңүү жана жеңилүү күндөрүн) адамдар  арасында айландырып турабыз. Алла залим кишилерди сүйбөйт. О.э. Алла ыйман келтирген заттарды (күнөөлөрүнөн) тазалоо жана капырларды кыйратуу үчүн (бул күндөрдү адамдар арасында айландырып турат)». [3:140-141]

Момундарга жеткен мусибатка окшош мусибат капырларга да жеткен. Биерде мүмкүн Бадр казатына ишара кылынып жаткандыр. Мүмкүн Ухуд казатынадыр. Бул казатта жеңиш – алгач мусулмандар тарапта болуп, кийин жаачылар Пайгамбар с.а.вдын буйругуна итаат кылбагандыктары себептүү – капырлар тарапка өттү. Ооба, бул жеңилүү буйрукка моюн сунбоого, өз ара тартышууга ылайык жаза болчу жана Алланын өзгөрбөс мыйзамынын аткарылышы эле. Себеби, жаачылар ортосундагы тартышуу олжо үчүн болгон эле. Негизи, Алла согуштардагы жеңишти дүйнөнүн арзыбас маталарына байлабай турган, жалгыз Кудай үчүн күрөшө турган заттардын маңдайына жазган. Бул иштин болушу, ушуну менен бирге, Алланын жердеги мыйзамынын аткарылышы да эле. Бул мыйзам – күндөрдүн адамдар ортосунда, алардын амал жана ниеттерине карай, ар түрдүү болуп туруу мыйзамы. Бир күн булардыкы болсо, бир күн алардыкы. Мына ошондо момун ким да, мунафык ким экендиги билинет. О.э. каталар да аныкталып, тумандар таркайт.

Кеңдиктен кийинки тардык жана тардыктан кийинки кеңдик – бул эки нерсе адам рухияти менен дилинин түпкүрүн көрсөтөт. О.э. алардагы кирлик менен тазалыктын даражасын, ыргылжыңдык менен туруктуулуктун даражасын, Аллага болгон ишеним менен үмүтсүздүктүн даражасын, Алланын кадарына таслим болуу менен керкайыштыктын даражасын аныктайт. Мына ошондо сап ылганат. Ким момун, ким мунафык экендиги билинип калат. Башында кимдин кандайлыгы билинбей, бардыгы аралаш-торалаш жүргөн болсо, эми саптан дос эместер чыгып кетип, мүчөлөрдүн арасында теңдештик жүзөгө келет.

Дегинкиси, момун ким, мунафык ким экендигин Алланын Өзү билет. Ал зат дилдердин ичиндегиден да кабардар. Ал эми, окуялар жана күндөрдүн адамдар ортосунда түрдүү болуп айланып турушу дилдин түпкүрүн ачып көрсөтүп, аны адамдар турмушундагы чындыкка, ыйманды баары көрүп тура турган амалга о.э. мунафыктыкты да адамдар көз алдында көрүнүп тура турган кылмышка айландырат. Ошондуктан да ага эсеп жана жаза аралашат. Анткени, Алла Субханаху адамдарды алар жөнүндөгү Өзү билген нерселери себептүү эмес, алар тарабынан кылынган амалдар үчүн жазалайт. Мында кеңдик тардыктан айырмаланбайт. Нечендеген дилдер бар, тардык учурунда сабыр-такааттуу болушат да, кеңдикке жетишкен соң өздөрүнөн кетип калышат. Момун дил болсо кыйынчылыкка сабыр кылат, кеңдик келгенде өзүнөн кетип калбайт. Ар эки абалда тең Аллага жүздөнүп, ар бир жеткен жакшылык да, жамандык да Алланын уруксаты менен болушуна ишенет.

Алла бул жамаатты ушундай тарбиялайт. Муну менен алар жеңүү жана жеңилүүлөрдүн себептерин билип алышсын. Муну менен Аллага болгон тобокел артсын. Муну менен алар бул жолдун табиятын жана милдеттерин анык билип алышсын.

وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاء

– «…о.э. араңардан шейиттерди иргеп-тандап алышы үчүн…». [3:140]

Бул терең маанини берүүчү ажайып сөз – иргелген шейиттер. Аларды Алланын Өзү мужахиддердин арасынан тандап алат. Демек, Алланын жолунда шейит болуу кайгы эмес, жоготуу эмес, тескерисинче иргелүү, тандалуу, урматталуу, өзгөчөлөнүү.

Мындай шейиттиктин талабы – жерде Кудайлык Пайгамбар с.а.в алып келгениндей жалгыз Алланыкы болушу үчүн, Алла адамдар үчүн болушун каалаган жана Пайгамбар с.а.в алып келген жол көрсөткүч, үстөм, моюн сунула турган жана инсан турмушунун бардык тармактарын башкара турган түзүм болушу үчүн жихад кылуу.

Ушул талап амалга ашып, Алланын жолунда жан берген киши шахид-шейит болот. Т.а. Алланын андан ушул шахадатты өтөөнү талап кылгандыгынын, анан, ал аны өтөгөндүгүнүн, кийин Алла аны шейит кылып, ага ушу макамды бергендигинин шахид-күбөсү болот.

وَاللّهُ لاَ يُحِبُّ الظَّالِمِينَ

– «Алла залим кишилерди сүйбөйт». [3:140]

Куранда көбүнчө зулум делинет да, андан ширк көздө тутулат. Себеби, бул эң жаман иш. Мурунураак Алланы жалган дечүлөр туурасындагы мыйзам айтылып өтүлгөн эле. Азыр болсо Алланын залимдерди жакшы көрбөшү тастыкталып жатат. «Албетте, Алла залимдерди сүйбөйт», деген сөз момундун ичинде зулумга жана залимге карата каршылык-ирээнжүү сезимин ойготот.

وَلِيُمَحِّصَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ

– «О.э. Алла ыйман келтирген заттарды (күнөөлөрүнөн) тазалоо жана капырларды кыйратуу үчүн (адамдар арасында бул күндөрдү айландырып турат)». [3:141]

Ылгоо тандоодон кийинки даража болуп, ал дил ичинде кече турган жараян. Ал дилди илдеттерден, шек-күмөндөрдөн, шыпырынды-таштандылардан тазалап, кыралыкты кетирип, туманды таркатып, аппак-азат, акыйкат үстүндө бекем болууга шарт жаратып берүү үчүн адамдардын ичиндеги караңгы жайларга чырак кармайт.

Көбүнчө инсан өзүнүн ичин, андагы жашыруун жолдорду, бурулуштарды билбейт. Көбүнчө ал өзүндөгү алсыздыктын жана кубаттын маңызын, ичинде орношуп калган бирер нерсе менен козгомоюнча көрүнбөй турган чөгүндүлөрдүн маңызын аңдабайт.

Күндөрдү адамдардын ортосунда түрдүү кылуу менен, кеңдик менен тардыкты арты-артынан коюу менен Алла Субханаху Өзү башкарып жаткан бул тандоодо момундар өздөрүнүн ичиндеги мурун билинбеген нерселерди билип алышат.

وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ

– «…жана капырларды кыйратуу үчүн». [3:141]

Т.а. дил ылгоо менен шыпырынды-таштандылардан тазаланып, хак үстүндө туруктуу-бекем болгон соң, өзүнүн хак аркылуу батылды жоготуу жаатындагы мыйзамын ишке ашырат».