Ажалдын (өмүрдүн) акырына жетиши – бул өлүмдүн жападан-жалгыз себеби

Биз сезип-билип турган вокыйлык (турмуш чындыгы) жана Курани Каримдеги ачык аяттар биз көрүп турган тирүү организмдердин т.а. өсүмдүктөр, айбанаттар жана адамдардын бардыгы акыр-түбү өлүмгө дуушар болушуна катъий далалат кылат. Бул дүйнөдө бар болгон же келечекте эми келе турган ар кандай тирүү жандыктын бүт баары күндөрдүн бир күнүндө өлүмгө дуушар болуп, акыры аягында Алла Тааланын Өзү гана калат. Адам да, жашоо да, аалам да жок болот. Курани Карим муну ачык баян кылган. Алла Таала мындай дейт:

كُلُّ مَنْ عَلَيْهَا فَانٍ وَيَبْقَى وَجْهُ رَبِّكَ ذُو الْجَلَالِ وَالْإِكْرَامِ

– «Жер жүзүндөгү бардык жан-жаныбар жок болуучу. Улуулук жана айкөлдүк ээси болгон Роббиңердин жүзү-Өзү гана түбөлүк калат». [55:26-27]

Адамдар өлүмдүн себебин, айрыкча, адам өлүмүнүн себептерин талкуу кылган кезде, аларды ойлор ар тараптарга алып кетип, акыйкаттан алыстатып жиберди. Айрымдар, вабо ооруусуна чалдыгып өлгөн адамда өлүмдүн себеби вабо деп; же өлүмүнөн мурун ракка чалдыгып кесел болгону үчүн андагы өлүмдүн себеби рак деп; же өлүмдүн себеби бычактын сайылышы, октун тийиши, баштын кесилиши же жүрөктүн токтоп калышы ж.б.у.с. деп көрсөтө турган болушту.

Айрым адамдар болсо, бул иштерди өлүмдүн түздөн-түз себептери деп санап, ушунун негизинде, жогорудагы нерселер болсо, өлүм болот, эгер болбосо, өлүм да болбойт дешти. Демек, өлүмдүн жүз бериши, алардын түшүнүгү боюнча, ажалдын (өмүрдүн) бүтүшү менен эмес, балким, ушул себептердин жүз бериши менен болот. А бирок, мусулмандар өз тилдери менен адам ажалынын жетиши себептүү өлөт дешет. Алар тили менен Алла тирилтүүчү жана өлтүрүүчү Зат деп кайта-кайта айтышса да, бирок, өлтүрүүчү – алардын ою боюнча – Алла Таала эмес, балким ушул себеп.

Ал эми, бул маселенин түпкү мазмуну мындай, өлүмдүн себеби бир эле нерсе, ал – ажалдын аягына жетиши жана Алла Тааланын тирилтүүчү (өмүр берүүчү) о.э. өлтүрүүчү зат экендиги. Курани Карим аяттары бере турган ачык-айкын түшүнүк мына ушуга далалат кылат . О.э. маселенин түпкү мазмуну дагы мындай, бирер нерсе себеп болууга жарактуу болушу үчүн, мусаббабты (се6ептин артынан келип чыккан натыйжаны) анык келтирип чыгарышы шарт. Мусаббаб болсо, өз себебинин өзүнөн гана келип чыккан натыйжа. Бул болсо абалдын тескериси. Себеби, абал – ошол нерсе адатта жүз бере турган өзгөчө кырдаалдарга тиешелүү шарт. Бирок, бул нерсе (бул жерде нерседен өлүм назарда тутулууда) кээде кечигет да, жүз бербейт. Себепке да, абалга да, бир мисал алып көрөлү. Мисалы, тирүүлүк – айбандын өз алдынча кыймылдашынын себеби, эгер айбандын жаны бар болсо, ал өз алдынча кыймылдай алат. Эгер анда жан жок болсо, өз алдынча кыймылдай албайт. Бул болсо, өсүмдүктү өндүрүүгө карата болгон жамгырдын тиешесинин тескериси. Себеби, жамгыр – өсүмдүктү өндүрүү үчүн себеп эмес, балким, ал өсүмдүк өнө турган абалдардын бири. Анткени, жамгыр адатта өсүмдүктү өндүрөт. Бирок, кээде жамгыр жаайт да, өсүмдүк өнбөйт, кээде өсүмдүк жердеги нымдуулуктан да өнө берет. Вабо кесели, октун тийиши жана башкалар да жамгырга окшойт. Анткени, кээде бул нерселер болгону менен, бирок, өлүм жүз бербейт. Кээде болсо, адатта өлүм жүз бере турган ушул нерселерден бири болбостон туруп деле өлүм боло берет. Ошондуктан, вабо, саратан ооруусу, сууга чөгүү, октун тийиши ж.б. – булар адатта өлүм жүз бере турга абалдар, бирок, алар өлүм үчүн себеп эмес.

Өлүм жүз бере турган нерселердин көбүнө о.э. өлүмдүн өзүнө да байкоо салган киши вокыйда буга анык ишенет. Анткени, ал адатта өлүм жүз бере турган бул нерселер болсо да, өлүм жүз бербей жатканын, кээде болсо бул нерселер болбосо да, өлүм жүз берип жатканын көрөт. Мисалы, бир кишиге өлтүрө турган даражада бычак сайылат. Дарыгерлер да аны өлтүрө турган сокку деп бир кыл пикирде болушат. Кийин бычак сайылган киши өлбөйт, балким, айыгып кетет. Кээде болсо, көрүнө турган себепсиз да жүз берет. Мисалы, адам жүрөгү кокусунан согуудан токтоп калат да, ал ошол замат өлөт, дарыгерлер терең изилдөөлөр өткөзгөндөн кийин да, жүрөктүн токтошу жүз берип жаткан абалдын түрү аларга сырдуу бойдон кала берүүдө. Мындай абалдар өтө көп болуп, аларды дарыгерлер жакшы билишет. Бүткүл дүйнөдөгү ооруканалар миңдеген мындай окуялардын күбөсү болгон. Ошондуктан, дарыгерлер: баланча оорулуудан медицина көрсөтмөсү боюнча үмүт жок, бирок, кээде андай оорулуу айыгып да кетет. Бул биздин илимибизден сыртта дешет. Жана дагы баланча оорулуу айыккан, ага эч кандай коркунуч жок, ал коркунучтуу мезгилден өткөн дешет, андан соң ошол оорулуунун кесели кокусунан кайталап калат да, ал өлөт. Булардын баары ушуга ачык далалат кылып жатат, демек, бул нерселер, ал (өлүм) үчүн себептер эмес. Эгер өлүм үчүн себептер болгондо, өлүм кечикпеген болор эле о.э. ошол себептер болбостон туруп өлүм жүз бербес эле. Демек, бул себептердин бир жолу болсо да, кечигишинин өзү жана өлүмдүн ошол себептерсиз бир жолу болсо да, жүз беришинин өзү мына ушуга катъий далалат кылат, алар өлүм үчүн себеп эмес, балким, өлүм жүз бере турган абалдар. Ал эми, мусаббаб т.а. өлүмдү келтирип чыгара турган чыныгы себеп бул нерселер эмес, балким, алардан башка нерсе.

Мүмкүн кээ бир кишилер мындай дешер: «Туура, адатта өлүм жүз берип жаткан бул нерселер себеп эмес, балким, абалдар. Себеби, алар өлүмдү пайда кылууда кээде чегинет т.а. алар жүз берет го, бирок, өлүм жүз бербейт. Бирок, бул жерде сезип-көрүп турулган бир нече себептер бар, алардан анык өлүм жүз берет жана кечикпейт. Демек, алар өлүмгө себеп болот. Мисалы, мойнуна кылыч чаап, башты үзүп таштоону алсак, андан өлүм анык жүз берет жана кечикпейт. Жүрөк токтоп калышынан да өлүм анык жүз берет жана кечикпейт. Демек, адамдын денесиндеги бул жана ушуга окшогон мүчөлөрдүн жараланышынан өлүм анык жүз берип, алар өлүмгө себеп болот». Дагы айтышат: «туура, моюнга кылыч менен чабуу өлүм үчүн себеп эмес, балким, өлүм абалдарынын бири. Жүрөккө бычак саюу да өлүм үчүн себеп эмес, балким, өлүм абалдарынын бири ж.б.у.с. Бирок, моюндун кесилиши жана жүрөктүн токтоп калышы өлүм үчүн себеп. Эми, ушундай болгон соң, эмне үчүн бул нерселерди өлүмдүн себеби дебейбиз?»

Мунун жообу мындай, моюнду кесүү, башты үзө чабуу өз-өзүнөн болбойт, ал моюндун өзү, баштын өзү тарабынан пайда болбойт. Алар жалаң сырттагы таасир этүүчү күч тарабынан ишке ашырылат. Демек, ал убакта моюндун кесилиши (т.а. анын денеден үзүлүшү) өлүм үчүн себеп болууга жарабайт. Балким, кесүүнү аткарган иш – ошол өлүмдүн себеби болгон деп болжол кылынат, эч качан кесүүнүн өзү эмес. Себеби, кесүү иши өз-өзүнөн болгону жок, балким, сырткы таасир көрсөтүүчү күч себептүү ишке ашырылууда.

О.э. жүрөктүн токтошу да, жүрөктүн өзү тарабынан жүз бербейт, балким, ага сырттагы күч зарыл. Демек, ал убакта жүрөктүн токтошу да өлүм үчүн себеп болууга жарабайт. Балким, жүрөктүн токтошуна себеп болгон иш ошол өлүмдүн себеби болгон, анын себеби жүрөктүн токтошунун өзү эмес деп болжол кылынат. Себеби, жүрөктүн токтошу өз-өзүнөн болбойт, балким, сырткы таасир көрсөтүүчү таасир себептүү жүзөгө келет.

Ушуга караганда, моюндун кесилиши же жүрөктүн токтошу өлүм үчүн себеп болот деп болжол кылынышы таптакыр мүмкүн эмес. Демек, сырткы таасир көрсөтүүчү таасир гана өлүмгө себеп дештен башка болжол калган жок.

О.э. өлүмдүн себеби сырткы таасир көрсөтүүчү күч да боло албайт. Себеби, аклый жактан да, вокыий жактан да далилденген, кээде сырткы таасир көрсөтүүчү күч болот, бирок, өлүм жүз бербейт, кээде болсо, сырткы тасир көрсөтүүчү күч болбой туруп эле өлүм жүз берет. Себеп чыныгы себеп болушу үчүн мусаббапты анык келтирип чыгарышы керек. Демек, чыныгы себеп т.а. өлүмдү келтирип чыгара турган чыныгы себеп бул нерселерден башка нерсе дештен башка ылаажы калган жок.

Бул чыныгы себепке акыл жол таба алган жок, себеби, ал сезүү-идирек чөйрөсүнө кирбейт. Демек, аны бизге Алла Таала кабар бериши жана өлүмдүн чыныгы себеби жөнүндөгү бул кабарга ыйман келтиришибиз үчүн ал Алла Тааладан субуту катъий жана маанисиндеги далаты да катъий болгон далил болушу керек. Себеби, ал акыйдалардын катарынан эсептелет. Акыйда болсо, катъий далил менен гана сабыт болот.

Алла Таала маанилеринде да, далалатында да катъий болгон бир нече Куран аяттарында бизге өлүмдүн себеби – ажалдын акырына жетиши жана Алла Тааланын Өзү гана өлтүрүүчү Зат экендиги – кабар кылынганын көрдүк.

Бул аяттардын айрымдарына дагы бир жолу ишара кылсак жетиштүү болот. Ал зат айтат:

وَمَا كَانَ لِنَفْسٍ أَنْ تَمُوتَ إِلاَّ بِإِذْنِ الله كِتَابًا مُّؤَجَّلاً

– «Ар бир жан Алланын уруксаты менен жана анык белгилеп коюлган мөөнөттө гана өлөт». [3:145]

т.а. өлүмдү белгилүү бир мөөнөткө чейин убактылуу мөөнөт кылып жазды. Алла Таала белгилеп жазып койгон бул ажалды (мөөнөттү) өзгөртүү бир да кишинин колунан келбейт. Анткени, Алла Таала айтат:

وَلَن يُؤَخِّرَ اللَّهُ نَفْسًا إِذَا جَاء أَجَلُهَا وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ

– «Алла эч бир жанды ажалы келген убагында (өлтүрбөстөн) калтырбайт. Алла кылып жаткан амалыңардан кабардар».  [63:11]

Эгер Алла жандар үчүн ажалдарды белгилеп койгон болсо, демек, улуттар үчүн да ажалын белгилеп койгон, алар андан өтүп кетиши мүмкүн эмес. Анткени, Алла Таала айтат:

وَلِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌ فَإِذَا جَاء أَجَلُهُمْ لاَ يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً وَلاَ يَسْتَقْدِمُونَ

– «Ар бир жамаат үчүн ажал бар. Анан качан аларга ажалы келсе, аны бирер мөөнөткө аркага да, алдыга да сүрө алышпайт». [7:34]

مَّا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَأْخِرُونَ

– «Эч бир үммөт-муун өз ажалынан озуп кете албайт, (аны) артка да жылдыра албайт». [23:43]

Бул этикадий түшүнүктүн мусулмандар назарындагы таасири:

Аң-сезимдүүлүк менен пикирлеп, терең ой жүгүрткөндөн кийин «өлүмдүн себеби – ажалдын аягына жетиши, бул ажалды Алла Таала анык белгилеп койгон, бир да көз ирмемге аны өзгөртүүгө же кыскартууга эч кимдин, эч нерсенин кудурети жетпейт» деп катъий этикат кыла турган мусулмандардын коркпос, эр жүрөк, тайманбас адам экендигин көрөсүз. Мындай мусулман өзү, үммөтү жана дини маселесинде Алла анын мойнуна парз кылып жүктөгөн важып милдеттерди жана жоопкерчиликтерди өтөө үчүн кыйынчылыктарды жеңип өтөт жана Алла Тааладан өзгө эч кимден коркпостон, кооп-коркунучтун иримине өзүн таштайт. Сиз бул мусулмандын каерде болбосун, эч бир кишиден тартынбастан акыйкат сөздү айтып жатканын жана – ким тарабынан болушуна карабастан – мункар иштен кайтарып жатканын, бул жаатта эч кимге кошоматчылык кылбаганын, жагынбаганын көрөсүз.

Расулулла с.а.в сахабаларын акыйданы мына ушундай ачык-айкын түшүнүү негизинде даярдады. Натыйжада, алар Куранда: «Алардын (т.а. момундардын) мисалы, кудум бутактар чыгарып күчкө толгондон кийин жооноюп, өз бутагында тик турган, дыйкандарды таң калтырган өсүмдүккө окшойт. Момундардын алгач-башында күчсүз-азчылык болушуп, кийин аста-секин көбөйүп, күчкө толуп кетишинин бир өсүмдүккө окшотулушу алар себептүү капырларды капа кылуу үчүн» деп айтылгандай, Расулулла с.а.в â менен бирге, кудум бутактар чыгарып, күчкө кирген жана эккен дыйканды кубандырган өсүмдүккө окшоп аста-секин күч-кубатка толгон инсандар болуп жетишишти. Жана муну көрүп капырлар кайгыга чөгүштү. Алар (сахабалар) ал зат с.а.в âдан кийин хидаят жарыгына, согуштун баатырларына, илимдин шам-чырагына, дүйнөнүн алдыңкылыларына жана жетекчилерине айланышты.

Билал ибн Рабах, Хаббаб ибн Арат жана Сумайялар дал ушундай инсандар эле. Алар акыйкатты ашкере айтышар эле, азап-кыйноо ар кандай даражага жеткен болсо да, ага сабыр кылышар эле, Холид ибн Валид, Абу Мехжан ас-Сакафий жана Умму Насиба ал-Ансарийлер согуш жана жихад майдандарында дал ушундай инсандар болушту.

О.э. Абу Бакр Сыддык менен Умарул Фарук Ислам жана мусулмандарды сак-сергектик менен коруучу уйкусуз көздөргө, акыйкат алдында токтоп, ага таянуучу инсандарга айланышты.

Бул эле эмес, балким, мусулмандардын баары Бадр, Муъта, Ахзаб, Хунайн, Кодисия, Ярмук, Айни Жолуд согуштарында мына ушундай эрдиктин үлгүлөрүн көрсөтүштү. Алар өлүм ооз ачып турган бул согуштарда өлүмдөн коркушкан жок, тескерисинче, алар Алла жолунда шейит болууну эңсеп, өлүмдү арзуу кылышты.

Биз үчүн көркөм үлгү жана жол башчы болгон зат Мухаммад Расулулла с.а.в â да пайгамбар кылып жиберилгенден тартып Рафикул Аъла (Алла Таала)нын алдына барганга чейин өз турмушунун ар бир көрүнүшүндө мына ушундай эрдиктин үлгүлөрүн көрсөттү. Пайгамбарыбыздын ажал Алланын колунда экендигине ыйман жана ишениминен башка куралы жок туруп, жалгыз абалында Курайшты жана анын жеткчилерин талкууга чакырды. Алар ал кишини шылдың кылышты. Ошондо ал зат с.а.в â аларды чакырып: «Угуп жатасыңарбы, эй Курайш жамааты, билип койгула, менин жаным анын колдунда болгон Затка ант болсун, силерге союлууну алып келдим» деп, аларга тик карады.

Ал кишинин абасы Абу Талиб Курайш жетекчилеринен өкүл болуп, ал киши менен сүйлөштү, ошондо абасына: «Эй абаке, алар бул ишти ташташым үчүн күндү оң жагыма, айды сол жагыма коюшса да, Алла аны үстөм кылмайынча, же мен аны деп өлүп кетмейинче таштабаймын» – деди.

Ал зат с.а.в âдын Худайбия жылы Курайштын согушка чыккандыгынын кабары жетип келгенде, ал киши мындай жооп берген: «Курайш эмне деп ойлоп жатат? Аллага ант болсун, Алла мени пайгамбар кылып жиберген нерседе Алла үстөм кылмайынча же өлгүнүмчө аны деп жихад кыла берем».

Хунайн күнүндө болсо, мусулмандар кокусунан күтүүсүздөн кылынган чабуулдун коркунучунан эсин жоготуп аркага кайтып, тарап кеткен убакта Расул с.а.вâ бир топ асхабтары жана ахли-байттары менен бекем турду. Аларды чакырды жана Аббаска кыйкырып сүйлөөгө буюрду. Асхабтар чакырыкты угар замат: “Лаббайка, лаббайка (эмне десең кылабыз)» деп кайтып келишти.

Ислам акыйдасын жана шариятты мына ушундай аң-сезимдүүлүк менен түшүнүү негизинде акылдар ойгонот, адамдар жана үммөттөр боюн керип бутка турат, мамлекеттер тикеленет, хазарат-цивилизациялар гүлдөп-өсөт, адилеттүүлүк өкүм сүрөт. Натыйжада, коомдордон зулум, бузукулук, чектен чыгуу көрүнүштөрү, мусулмандар турмушунан болсо, коркоктук, экиленүү жана баш ийип көз каранды болуу белгилери жоголот.

Ошол убакта Ислам душмандарынын жана алардын жүгүртөктөрү болгон саткын акимдердин, жеңилген уламалардын жана Батыш сакофаты менен сугарылган жазуучулардын бизди «террорду жактырып, аны ишке ашыра турган, зордук-зомбулукка кызыктырып, аны колдоп-кубаттай турган террористтер» деп сыпаттоолору бизге зыян келтире албайт. Биз Алла жолунда шейит болууну эңсеп, жүрөгүбүздө ага карата арзуу ойготобуз.

Анткени, Аллага ант болсун, Мединада Ислам ансарлары пайда болору менен, Исламдын биринчи мамлекети тикеленген. Ал жердеги жөөт жана мунафыктардын айла-амалдарын да мусулмандардын күч-кубаты жана Расулулла с.а.вâдын мусулмандарга даанышмандык жана хикмат менен жетекчилик кылгандыгы жок кылган эле. Ошол кезде жер жүзүнүн эл жашаган жеринин жарымына Ислам рисалатын эртең эле өлүп кете турган жандарын түбөлүк өлбөй турган жандарга саткан жихад бөлүктөрү алып чыккан эле.

Бирок, капырлар мусулмандар турмушунан халифалыкты жок кылып, алардын турмушунан Исламды узакташтыргандан кийин жана аларды Батыштын батыл-жараксыз түзүмдөрү жана бузук хазараттары башкарып, Ислам менен башкарууну кайтаруу үчүн иш алып барып жаткан ар бир калыс кишини ар түрдүү жолдор аркылуу куугунтуктап, жазалагандан кийин, мындай эрдиктер каяктан болушу мүмкүн деп ойлошу мүмкүн. Бирок, мына ошол капырлар жана алардын жүрөктөрү айбаттуу Ислам баатыры качан эле ойгонгонун билишпейт. Эми Алла буюрса, жер жүзүндөгү эч бир күч аны кайта кишендей албайт. Тескерисинче, бул баатыр Алланын мусулмандарга анык нусрат-жеңиш бериши жөнүндөгү убадасы жүзөгө чыкканга чейин өз иш-аракетин токтотпой уланта берет.

Алла Субханаху ва Таала айтат:

هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ

– «Ал (Алла) Өз пайгамбарын туура жол жана акыйкат дин менен – мейли мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат». [61:9]

Алла Субханаху ва Таала жакында – инша Алла – акыйкат дин болгон Ислам динин т.а. Мухаммад с.а.в дын динин бардык диндер, түзүмдөр жана мыйзамдар үстүнөн үстөм кылат. Алла өз ишинде үстөм, бирок, көп адамдар муну билишпейт.

Алла саййидибиз Мухаммад с.а.вага, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана асхабтарына – алардын баарына салату-саламдар жолдосун. Акыркы жалынып-жалбаруубуз бүткүл ааламдардын Роббиси Алллга хамд айтуу.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *