Куддус эки тарых арасында

Al-Qudus

Азыркы кылымдагы көпчүлүк жазуучулар, авторлор, лекторлор жана муфаккирлер (пикир ээлери) Куддус темасына анын моддий (материалдык) жана вокеий (реалдуу) жагына токтолуп өтүшөт. Бирок анын ыйыктыгын белгилеп бере турган рухий жагына этибар беришпейт. Муну менен алар батыштык муфаккирлердин жолун тандаган болушат жана алардын турмуш жөнүндөгү көз карашы болгон динди турмуштан ажыратуу акыйдасына ылайык жүргөн болушат.

Алар Куддустун тарыхый жагына токтолуп, байыркы замандарга чейин созулуп баруучу эң алгачкы доорлордон тартып, Куддуста биринин артынан бири жашап өткөн коомдор, элдер жана мамлекеттер басып өткөн доорлорду да тилге алып өтүшөт. Куддустун башталгыч доорунда жашап өткөн — ябусийлер. Себеби, алар бул шаарды негиздеген. Ошондуктан бул шаар Ябус деп аталган эле. Бул нерсе милодий жыл санагынан 3000 жыл илгери болгон. Кийин фиръавндар (фараондор) жана жөөттөр сыяктуу бул шаарга кирип, аны ээлеген коомдордун дооруна өтөт. Алардан кийин бул шаарды ассурийлер ээледи. Кийин вавилондуктар Куддусту ассурийлерден тартып алды. Ошондон кийин вавилон падышасы Навуходоносор II жөөттөрдү вавилонго сүргүн кылды жана ал жерде аларды кулдарга айлантты. Ошондуктан Яхудо падышалыгы б.з.ч. 586-жылы кыйрады.

Кийин перстер бастырып келип б.з.ч. 538-жылы вавилондуктардын үстүнөн жеңишке жетишти. Кийин б.з.ч. 332-жылы Александр Македонский бастырып келди. Андан кийин Куддуска б.з.ч. 63 жылда Рим колбашчысы чабуул жасады жана аны ээледи. Анын орунбасары Геродостун доорунда Иса алайхис-салам төрөлдү. 610-640 жылдары Ираклий тактын ээлеген учурундагы византиялыктардын доорунда перс падышасы Кисронун кошуундары батыш тараптан бастырып келип, Сирия менен Палестинаны ээледи. 614-жылы перс кошууну Куддусту ээлеп, 90 минг масихийди кылычтан өткөрдү. Бирок, Ираклий кайтып келип, өз күчтөрүн топтоду жана болжол менен 623-жылы перстерди жеңди. Мына ушул доордо Ислам келди жана Расулулла с.а.вдын каты Ираклийге жетип барды. Пайгамбарыбыз бул катта Ираклийди Исламга даъват кылды. Ираклий ошол кезде Химс шаарында турар эле.

Ушул доордон баштап Куддустун башка бир жаңы тарыхы башталды. Тарыхчылар окуялардын мындай тарыхый тизмегин арабтар Куддусту биринчи болуп курган жана ошол жерде жашаган кишилер экендигин далилдөө үчүн келтиришет. Себеби, ябусийлер — канъонийлер, т.а. канъонийлер болсо — арабтар. Бирок, бул нерсе Куддус темасынын моддий тарабы. Ал эми Куддуска болгон көз караштын Ислам алып келген башка бир тарабы да болуп, Куддус жана анын тегерегиндеги нерселерге таандык болгон шаръий өкүм жагынан алганда мына ушул тарап сүйөнүлө турган таяныч жана негиз болуп калды. Ушул жагынан алганда Куддустун тарыхы төмөндөгүдөй болот:

  1. Куддустун тарыхы эң оболу анын ыйыктыгы жагынан башталат. Анткени, Куран Алла Тааланын:

سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلًا مِنْ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا إِنَّه هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ

— «(Алла) бир түнү Өз пендеси (Мухаммадды), ага аят-мөжизаларыбыздан көрсөтүү үчүн (Меккедеги) Масжидул Харамдан (Куддустагы) Биз айланасын берекелүү кылып койгон Масжидул Аксага саякат кылдырган (бардык айып-кемчиликтен) таза Зат. Чындыгында ал угуучу, көрүүчү Зат».  [17:1]

деген сөзү түшкөндөн баштап Куддустун ыйыктыгын, т.а. анын акыйдага бекем байланыштуу экендигин далилдеп берди. Бул болсо үчүнчү мечит, т.а. Мединаи Мунаввара мечити, Расулулла с.а.вдын хижратынын мечити пайда болушунан мурун болду. Алла айланасын берекелүү кылуу менен Куддустун ыйыктыгын дагы да бийик көтөрдү. Натыйжада, ал жогорудагы аятта айтылган Исронун (түнкү саякаттын) жана Расулулла с.а.вдын меърожго чыгуусунун орду болду.

Ошентип, иштер өз табияты боюнча жүрдү жана Расулулла с.а.в үчүн иш бүткүл Арабстан жарым аралында өз ордун тапды. Фатх-жеңиштер өзүнүн табигый кыймылында уланды. 15-хижрий, 636-миладий жылы Абу Убайда р.а кол башчылыгындагы кошуун Куддусту курчап алган учурда, Умар ибн Хаттаб р.а Куддустун ачкычтарын патриарх Сафрониюстан өткөрүп алды. Куддустун ыйыктыгынын дагы бир далили, анын Каъба кыбыла болуп өзгөргөнгө чейин, 16 ай бою мусулмандар үчүн намаздарында жүздөнө турган кыбыла болгондугу.

  1. Куддус тарыхындагы экинчи иш:

Умар d Куддустун ачкычтарын өткөрүп алган учурда шаардагы абалдын туруктуу болушуна негиз болгон иштин табияты — Умардын куддустуктарга тынчтык-амандык жана ибадатканалардын корголушу жаатынан Куддустагы абалдын туруктуу болушуна негиз болгон бир хужжат бериши, о.э. алардан жизя алуунун ордуна Куддуста жөөттөрдөн бирер кимсе алар менен бирге жашабоосу туурасындагы ахднама алышы  болду. Насронийлер Куддуста күндөлүк турмуштарын Умардын ахднамасында айтылган абалдын негизинде бейкуттук, тынчтык-амандык жана бейпилдикке өткөзүштү. Бул ахднама азырга чейин бар, аны патриархтар бүгүнкү күнгө чейин өздөрүндө сактап келишүүдө.

Ошол мезгилден тартып Куддус исламий жерге айланып, анын үстүнөн Ислам өкүмдөрү жүргүзүлдү жана ал Ислам бийлигине моюн сунду. Анын тынчтык-амандыгы мусулмандардын амандыгына байланыштуу болуп калды. Анын калкы Ислам букаралыгына (жарандыгына) ээ болду. Ошентип, Куддус корголо турган Ислам диярына (өлкөсүнө) айланды. Ошондуктан, коргоо жана сактоо, о.э. ага бирер душман кол сала турган болсо же бирер зордукчул баскынчы аны ээлеп ала турган болсо, аны кайтарып алуу бардык мусулмандарга кыямат күнүнө чейин парз болуп калат.

  1. Биз айтып өттүк:

سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلًا مِنْ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا إِنَّه هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ

— «(Алла) бир түнү Өз пендеси (Мухаммадды), ага аят-мөжизаларыбыздан көрсөтүү үчүн (Меккедеги) Масжидул Харомдан (Куддустагы) Биз айланасын берекелүү кылып койгон Масжидул Аксого саякат кылдырган (бардык айып-кемчиликтен) таза Зат. Чындыгында ал угуучу, көрүүчү Зат». [17:1]

аяты түшүшүнөн мурунку жана Умар Куддустун ачкычтарын өткөрүп алгандан мурунку нерселер эч бир этибарга алынбайт жана алардын эч бир амалий кыйматы жок. Булардын бардыгы азыркы күндө бекер кылынган болуп, алардын эч бир этибары жана кыйматы жок. Насронийлер болгону ибадаттарын жана диний каада-салттарын өтөөдө Ислам аларга берген укукка ээ болушат. Алар ахднамаларга жана хужжаттарга (документтерге) катуу урмат менен мамиле кылышса, тынчтык-амандыкта болушат. Себеби, Алла Таала тарыхта өткөн бардык нерселерди жана тарыхка таандык болгон укуктарды бекер кылды. Алла Таала алардын бардыгын бекер кылды жана жогоруда айтылган аят түшкөн учурдан башталган акыйкаттарды заман жана амал тарабынан өзгөрбөс, бекем кылып койду. Себеби, ахли зимма өкүмдөрү, жизя өкүмдөрү, өз ара ахднама түзгөн жана амандык сураган кишилердин укуктары туурасындагы өкүмдөрдүн бардыгы катъий нусустар менен белгиленген жана халифалар, волийлер, иш башкаруучулар жана казылар тарабынан бул өкүмдөр иш жүзүндө турмушка колдонулган. Ушуну менен бирге насронийлерге өз диний каада-салттарын өтөөгө толук мүмкүндүк берилген, алардын укуктары урмат кылынган, иштери этибар менен башкарылган, алардын арыздары мусулмандар сыяктуу бап-барабар укукта көрүлүп чыгылган, о.э. алардын диний жайлары корголуп, аларга зыян жеткирүү же кол салынышына жол коюлбаган.

  1. Кресттүүлөрдүн согуштарынан мурунку доор:

Адам баласына колдонуп жаткан түзүм жана мыйзамдардын табиятынын бири мындай, аларды турмушка колдоо жана аткаруу да адамдар тарабынан болот, о.э. алар бул түзүм жана мыйзамдарды ката же туура колдошот. Ошондуктан жаман колдоо жүз берген бир нече доорлор өтөт. Бул нерсе (туура же ката колдоо) пикирдин туруктуу орношушуна жана өнүгүшүнө байланыштуу. Ушуга ылайык, эгер башкаруучу жана аткаруучу кишилер аң-сезим, такыба, ыклас, жаркын пикир жана пикирий бийиктикке ээ болушса, ушуну менен бирге аларда фикрат (идеология) жана анын турмушка колдоо тарыйкаты ачык-айкын жана коомдо бекем орношкон болсо, анда, турмушка колдоо чырайлуу түстө ишке ашат. Болбосо, анын тескерисинче болот.

Бир канча доорлор өттү. Мына ушул доорлордо аер-биерде көптөгөн топтор жана жамааттардын ортосунда ички күрөш кызып кетти. Бул болсо, исламий коомго бөлүнүүнү жана тынчсыздыкты алып келди, т.а. ошол кезде жаман колдонуу жана иштерди жаман башкаруу жүз берди.

  1. Кресттүүлөрдүн согуштары жана Салохуддиндин келген доору:

Бул доор абдан оор доор болуп, бул кездерде кандуу окуялар болуп өттү. Себеби, ошол доор өз агымындагы үндөөчү факторлор жагынан болобу же тарыхый жактан ээлеген майданы жагынан болобу, же ашынган кектүү баскынчылар ишке ашырган жырткычтык жана кылмышкер көрүнүш жагынан болобу, айтор, эч айырмасыз, адамкерчилик жосундар чөйрөсүнөн чыгып кеткен эле.

Куддусту коргоочулары бир нече айлар бою үзгүлтүксүз түрдө катуу каршылык көрсөтүшкөндүктөрүнөн кийин европалыктар шаарга бастырып киришти жана бүткүл кектерин, каар-заарларынын ууларын төгүп салышты. Алар шаардагы бардык мусулмандарды өлтүрүп, союп, отко күйгүзүп жок кылышты. Аердеги жөөттөрдү жөөт ибадатканасына топтоп, өрттөп жиберишти.

Кийин Салахуддин Айюбий жүрүш кылып келди жана кресттүүлөрдүн кол башчысы Годефри кирген тешик аркылуу Куддуска кирди. Бирок ал насронийлерди кылычтан өткөргөн жок. Балким, бирер аял, бөбөк же кары адамга азап жеткирбестен, бардыгын шаардан чыгарып жиберди. Абалы начар кишилерге чыгып кетүүгө жардам берди.

Насроний жана мусулман тарыхчылары кресттүүлөрдүн баскынын каралап, анын адамзат тарыхындагы кара барак экенин чечмелеп беришип, Салахуддиндин шаанине, анын адамкерчилигине жана жеңилгендерге кылган адамдык мамилесине мактоолор жаадырышат.

  1. Эми Осмонийлер өкүм жүргүзгөн доорго келсек, султан Салим I бул журттарга 1517-жылы кирди. Ал Мисирге (Египетке) да кирди жана ага халифалык байъаты берилди. О.э. ал Куддуска да кирди. Азыркы доордо биз көрүп турган салабаттуу курулуштар, касрлар жана имараттардын көбү Осмонийлер тарабынан курулган. Себеби, алар гүлдөтүп-өркүндөтүү иштерине артык даражада маани беришер эле. Мында Осмонийлерге «баскынчылар» деп доомат ташын ыргыта турган кимселерге каршы жооп турат. Чындык мына мындай, Осмоний Халифалык Ислам кол тийгистигин толук 4 кылым бою, т.а. 1517-жылдан 1917-жылга чейин коргоп келди. Биз о.э. Осмонийлер Исламды жаюу үчүн Европада ишке ашырган фатхтарын эч качан унутпайбыз. Алар, ал тургай, Вена дарбазаларын кагышты жана Римге жакындашып барышты. Бүгүнкү күндө болсо, мусулмандарга толуп ташкан Балкан регионунда Европа насронийлери мусулмандарды куугун жана кысымга алууда. Босния, Герцоговина, Косово жана Македония окуялары буга ачык далил.

1882-жылы Осмоний өкмөт бир мыйзам чыгарды. Бул мыйзамда жөөттөрдүн Палестинага көчүп келишине жана жерлерди сатып алышына катъий тыюу салынды. Кийин бул мыйзамды кайра көрүп чыгып, жөөттөрдүн келип жашоолорун бир ай мөөнөткө чектеп койду. Ким ушул мөөнөттөн ашык тура турган болсо, куугунтуктала турган жана чыгарып жибергенге чейин изделе турган болду.

1914-жылы биринчи дүйнөлүк согуш жарыя кылынган кезде, Осмонийлер сионисттерди куугунтуктоого киришишти. Жамал Паша Палестина аймагында жайгаштырылган төртүнчү армиянын башчысы катары өз өкүмү астына кирген бардык жерлерде ар кандай сионисттик ураандарды көтөрүп чыгууга тыюу салуучу бир буйрук чыгарды. Ал о.э. ибраний (жөөт) тилинде жазылган ар кандай плакатка да тыюу салып койду жана сионисттик кыймылга тиешелүү болгон басмаканалар менен финансылык кагаздардын бардыгын конфискация кылды. О.э. Палестинага жашыруун кирип алган жөөт мекемелеринин баарын жокко чыгарды. 1915-жылы 25-январда чыккан билдирүүдө өкмөт бул иштерди өзүндөгү маалыматтарга таянып, т.а. айрым бир элементтердин сионизм урааны астында Палестинада жөөт мамлекетин тикелөө үчүн фитна уюштуруп жаткандыктарын далилдей турган маалыматтарга таянып кылгандыгы айтылган.

Мындан мурун султан Абдулхамиддин улуу позициялары көзгө урунган эле: Султан Абдулхамид мындай дейт: «Сионизм Палестинада дыйканчылык менен алектенүү үчүн эгин жерлеринин өзүнө эле ээ болууну каалабастан, балким, бир өкмөт тикелөөнү жана бул өкмөттү чет өлкөдө өкүлдөрү болушун да каалоодо. Мен алардын ачкөз каалоолорун абдан жакшы билемин. Ошондуктан, бул паскеч наадандыкка каршы катуу күрөшөмүн. Алар (т.а. сионисттер) мени алардын ниеттерин билбейт же алардын урунууларын кабыл алат деп ойлошот. Алар мына муну жакшылап билип алышсын, алардын ниеттери ушундай болгон соң, мамлекетибиздеги ар бир адамдын калбы аларга карата каар менен толуп ташат. Осмоний мамлекет аларга ушундай назар менен карайт. Ошондуктан мен аларга Палестинада мамлекет тикелөө идеясынан алыс болууларына кеңеш берем. Себеби, мен алиге чейин алардын эң чоң душманымын».

Халифа Абдулхамид рахимахуллох шейх Абу Шамматка жазган катында өзүнүн халифалыктан түшүрүлүшүнүн себебин баяндап мындай дейт: «… бул киришүүдөн кийин мен бул маселеге тарых мойнундагы бир аманат сыпатында токтолуп өтмөкчүмүн. Менин халифалыкты таштап кетишиме «Жан Түрк» аты менен таанылган иттихад (биримдик) коомунун башчылары өткөргөн сыгымдар, коркутуулар себеп болду. Ошондуктан мен Исламий Халифалыкты таштап кетүүгө мажбур болдум. Ошол иттихадчылар ыйык Палестина жеринде жөөттөрдүн улуттук мекенинин тикеленишине ыраазы болушумду сурап, катуу туруп алышты. Алардын катуу туруп алууларына карабай, кескин түрдө бул сунушту четке кактым…».

Сионизм жетекчиси Теодор Харзал мындай дейт: «Султан мага ушул жоопту жолдоду: «Доктор Харзалга жеткирип койгула, ал бүгүндөн кийин бул ишке эч кандай күч сарптабай эле койсун. Себеби, мен бул журттун бир карыш жери да башкаларга өтүп кетишине ыраазы эмесмин. Анткени, бул журт менин жеке мүлкүм эмес, балким, ал элимдин мүлкү. Элим болсо, бул өлкөнүн топурагын өз каны менен суугарган. Ошондуктан, эң жакшысы, жөөттөр миллион-миллион алтындарын өздөрүндө сактап коюшсун».

  1. Куддуска карата Британиянын баскынчылыгы:

Өздөрүн «арабтардын эркин кишилери» деп аташкан кимселердин максаттары жүзөгө ашты. Бул кимселер Британияга жалынып-жалбарып, аларды «түрктөрдүн зулумунан» куткаруу үчүн тез жетип келишин суранышкан эле.

Кийин 1917-жылы 11-декабрь күнү күтүлбөгөндө Лорд Алленби Куддуска ал-Халил дарбазасы аркылуу жөө кирип келди жана чукул кырдаал жарыялады. Ошол кезде Куддус шаар башкармалыгынын башчысы Муса Казим Паша Хусайний эле. Алленби Харам (ал-Акса) мечитине кирди. Аны менен бирге Палестина муфтийси Камил эфенди Хусайний да бар эле. Алленби Куддуска киргенден кийин, минбарда туруп сөз сүйлөдү жана өзүнүн душмандыкка толо «Мына эми гана кресттүүлөрдүн согушу аягына жетти деген сөздөрүн айтты.

Британия мындан мурдараак жөөттөргө Палестинаны улуттук мекен кылып берүү туурасында убада берген эле. Бул убада тарыхка «Бельфур (ошол кездеги Британиянын тышкы иштер министри) убадасы» деген ат менен кирди.

1916-жылы 10-июнда Хусайн ибн Али козголоң жарыялады жана колонизатор капырлар менен желкеме-желке туруп Осмоний мамлекетке каршы согушту. Лорд Алленби коргоо министрлигине согуш бүтөрү менен жиберген отчётунда бул козголоң жөнүндө мындай сөздөрдү айткан эле: «Арабтардын түрктөргө каршы бул козголоңу шериктештерге (союздаштарга) согушта чечүүчү натыйжаларды колго киргизишине абдан чоң жардам берди».

Франция менен Британиянын ортосунда «Сайкс Беко» келишимине кол коюлуп, аны аткарууга киришилген кезде о.э. Месопотамия аймагы жана Шам өлкөсү ушул эки мамлекеттин ортосунда бөлүштүрүлгөн учурда Палестина бул келишимге киргизилбеген эле. Себеби, Палестина кийинчерээк жөөттөргө мекен болуп калуусу үчүн ага өзгөчө, атайын бир план иштелип чыгылган эле.

Ошондуктан, Британия Улуттар лигасы (БУУнун мурунку аты) тарабынан берилген 25 жыл мөөнөткө чейин Палестинанын үстүнөн мандатка (өкүлдүк укугуна) ээ болуп алды. Анын мындан максаты Палестинаны жөөттөргө мекен кылып даярдап берүү, т.а. Бельфур убадасын аткаруу эле. Ошондуктан ал жөөт улутуна таандык, фанат сионист Герберт Самуэлди Палестинанын үстүнөн 1920-жылдан 1925-жылга чейин башкы комиссарлык кызматына дайындады.

Британия жыландардын башы. Ал бардык ыпластыктардын энеси жана Исламий Үммөттү элүүдөн ашык майда мамлекетчелерге бөлүп таштаган мамлекет.

Британия мандатка ээ мезгилинде исламий вакф жерлерин 99 жыл мөөнөткө ижарага алуу мүмкүндүгүн жаратып бере турган «ижарага берүү» мыйзамын иштеп чыкты. Көпчүлүк жөөт жана насронийлер ээлик кылган турак жайлар ошол мыйзам боюнча алынган жерлерге курулган. Кийин Британия жөөттөрдүн Палестинага көчүп келүүлөрүн жеңилдештирди жана жерлердин жөөттөргө сатылышына уруксат берди. Бельфур убадасын аткаруу үчүн иштерди даяр кылып алгандан кийин Палестина маселесин БУУга тапшырды. 1947-жылы Америка Палестинаны бөлүштүрүү туурасында токтом чыгаруу үчүн Британия менен биргеликте бул маселени өз мойнуна алды. 1948-жылы Британиянын мандаты бүттү жана ал өзүнүн танкалары менен курал-жарактарын жөөттөргө калтырып, Палестинадан чыгып кетти. О.э. 1948-жылы 15-майда жөөттөр мамлекетинин тургузулгандыгын жарыя кылды.

Ошентип, Британия жөөт мамлекетин өзүнө плацдарм кылуу үчүн мына ушул рак сымал безди мусулмандар өлкөсүндө пайда кылды. Ал мына ушул плацдарм жана араб акимдери аркылуу бул региондогу өзүнүн таасирин бекемдемекчи эле.

Бирок, Американын ниети Британияны өз колонияларынан чыгаруу жана анын ордун ээлөө болгондуктан, азыркы учурда исламий дүйнө, т.а. Жакынкы Чыгыш региону жалаң өзүнүн (Американын) таасири өтө турган аймак болушуна бар күчү менен уруна баштады. Ошондуктан, Палестина жана арабий аймак маселесин ушул чөйрөгө киргизди. Себеби, ал нефть булактарына ээ болуп алууга бар күчү менен умтулууда. О.э. ал Жолон деңсөөсүндө жана башка жерлерде өзүнүн аскердик базаларын куруу сыяктуу Палестина жана анын айланасындагы маселелердин чечиминин натыйжасында келе турган пайдаларга да ээ болууну каалоодо.

Бул кандуу окуялар биз, мусулмандар ага отун болушубуз үчүн байма-бай уланууда жана улам ылдамдап барууда.

Палестина маселеси бүгүнкү күндө эки тараптын ортосундагы саясий маселеге айланды:

Биринчи тарап: Бардык мусулмандар.

Экинчи тарап: Колонизатор капыр мамлекеттер менен жөөттөр.

Демек, ал — бүткүл мусулмандардын өлүм же өмүр маселеси. Бирок, бүгүнкү күндө мусулмандардын алар тарабынан өкүл боло турган мамлекети жок. Жөөттөр болсо кыянатчыл фитналар акыбетинде күчтүү мамлекетке ээ болуп алды. Бул мамлекет мусулмандардын күчтүү, калыс мамлекети курулса гана жок болот. Күчтүү Ислам мамлекети жөөттөр менен алардын артында турган кимселерди коркууга салып, тып-тыйпыл кылуулары үчүн, аларды түп-тамыры менен сууруп таштоо үчүн жана Расулулла с.а.вдын: «Силер албетте жөөттөргө каршы согушасыңар, аларды өлтүрөсүңөр, ал тургай, таш да: эй мусулман, мына бул жөөт артымда жашырынып турат, кел, аны өлтүр, — дейт» деп бизге башарат бергениндей жөөттөр мамлекети кыйратылгандан кийин, Палестинаны Ислам диярына кайтаруу үчүн жөөттөргө каршы аёосуз согуш алып барат.

Мындай иштерсиз бул рак сымал без Исро жана Меърож жеринен эч качан жок болбойт. Демек, мусулмандардын үстүндөгү важып милдет — Алланын шариятын турмушка колдоо, жыхат туусун көтөрүп чыгуу жана Палестинаны кайтарып алуу үчүн өздөрүнүн мамлекетин тикелөөгө аракет кылуу. Бул мамлекет болсо, жалаң туура жолдогу Халифалык мамлекети болот. Анткени, Халифалык мамлекети Расулулла с.а.в: «…соң Халифалык Куддусту өзүнө башпаанек кылат, ошол жерде анын турак жайы болот жана аерден аны эч ким, эч качан чыгара албайт» деп башарат бергениндей, Куддусту өзүнө башпаанек кылат.

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمْ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْفَاسِقُونَ

— «Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган заттарга, куду илгери өткөн (ыйман-этикаттуу) заттарды жер жүзүндө халифа-өкүмдар кылганындай, аларды да жер жүзүнө халифа-орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин жеңүүчү кылууну, о.э. алардын абалын кооп-коркунучтардан кийин тынчтык-бейпилдикке айландырып коюуну убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бирер нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин неъматка күпүрдүк кылса, демек, алар итаатсыз кимселер».  [24:55]

Фатхий Салим