«Силерге уруксат беришимден мурун ага ыйман келтирдиңерби?»

Quran

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ

 آمَنتُمْ بِهِ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ

– «Силерге уруксат беришимден мурун ага ыйман келтирдиңерби?»

وَأُلْقِيَ السَّحَرَةُ سَاجِدِينَ ۩ قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ الْعَالَمِينَ ۩ رَبِّ مُوسَى وَهَارُونَ ۩ قَالَ فِرْعَوْنُ آمَنتُمْ بِهِ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ إِنَّ هَذَا لَمَكْرٌ مَكَرْتُمُوهُ فِي الْمَدِينَةِ لِتُخْرِجُوا مِنْهَا أَهْلَهَا فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

«Сыйкырчылар сежде кылып жыгылышты. Алар: «Ааламдардын Роббиси, Муса менен Хорундун Роббисине ыйман келтирдик»,-деп айтышты. Фиръавн: «Силерге уруксат беришимден мурун, ага ыйман келтирдиңерби? Албетте бул силердин шаарда жүргүзгөн айла-амалыңар. Шаардан анын калкын чыгаруу үчүн кылган айлаңар. Жакында билесиңер» – деди».  [7:120-123]

Алланын Китебиндеги мына бул аяттар замандардын өтүшү менен аттары, убакыттары, мекендери канчалык өзгөрсө да, бирок, адамдардын оозун жабууга мажбурлоодо, хак калимасын айтуудан тосууда, хакты айтуучу адамдарды алардан уруксат суроо жана айтууга мажбур кылууда, ал тургай, ыйман келтирүүдө уруксат суроого мажбур кылууда, кийин, Алланын жолуна даъват кылып жаткандарды куугунтуктоодо, аларды кол салуу, өлтүрүү, террор иши менен алектенет деп сыпаттоодо заалымдардын вокыйлыгы бири-бирине окшоп кетишин баяндайт. Мына бул улуу аяттарга бир назар таштайлы. Алла Субханаху ва Таала Муса алайхис-саламды Фиръавнга жана анын кавмына жиберди. Муса алайхис-салам аларды адамдардын Роббиси болгон Аллага даъват кылды. Заалым Фиръавнга өзүнөн башка кудайдын болушу өзүнө абдан чоң балээ болуп көрүндү. Мусадан айтып жаткан нерсесине хужжат-далил келтирүүнү талап кылды:

إِنْ كُنتَ جِئْتَ بِآيَةٍ فَأْتِ بِهَا إِنْ كُنتَ مِنْ الصَّادِقِينَ

«Эгер сен ыраскөйлөрдөн болсоң, анда далилиңди келтир». [7:106]

Фиръавн Муса айткан нерселерине далил келтире албайт деп ойлоду. Бирок, анын күмөндөрү жокко чыкты, Муса өз Роббисинин аяттарын, далилдерин келтирди, анын таягы тирүү жыланга айланды. Анын колу чөнтөгүнөн чыгар замат куду күн нурундай шоола чачкан жаркыраган ак нерсеге айланды. Фиръавнга бул нерсе сыйкыр болуп көрүндү. Ал Мусанын далилдерин бекер кылуу үчүн сыйкырчыларды топтоду. Алла таала сыйкырчылар менен Муса алайхис-саламдын Фиръавн жана анын эли топтоло турган майрам күнү топтолушун каалады:

قَالَ مَوْعِدُكُمْ يَوْمُ الزِّينَةِ وَأَنْ يُحْشَرَ النَّاسُ ضُحًى

«Ал айтты: «Силердин топтолуу үчүн убада кылган күнүңөр зыйнат күнү-майрам күнү жана адамдар күндүз күнү топтолушат». [20:59]

Алла таала Фиръавнды адамдардын алдында шерменде кылыш үчүн бул ишти кылган эле.

Учурашуу болуп өттү. Муса алайхис-саламдын хужжат-далилдери ачык даана болуп көрүндү. Сыйкырчылардын сыйкыры жалганга чыкты. Алар иштин хак экенин, Муса келтирген нерсе сыйкыр эмес, Мусанын ыраскөйлүгүн, Кудай тарабынан жиберилген элчи экенин тастыктоочу хужжат экендигин билишти. Сыйкырчылар ыйман келтирип, сежде кылып жыгылышты:

قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ الْعَالَمِينَ ۩ رَبِّ مُوسَى وَهَارُونَ

«Алар: биз ааламдардын Роббиси, Муса менен Хорундун Роббисине ыйман келтирдик,-деп айтышты». [7:121-122]

Мына ушул жерде Фиръавнга абдан катуу мусибат болду. Бул абал ага ар бир нерсени таш-талкан кылып жибере турган чагылгандай тийди. Мусанын далилдерин жок кылууга даярданган, анын ыраскөйлүгүн жокко чыгарууга күбө боло турган сыйкырчылар аларга хак көрүнгөн учурда, алар Мусанын хак экенин, Роббил ааламин тарабынан жиберилген Пайгамбар экенин, анын айтып жаткан нерсеси акыйкат экенин, хактан башка нерселер жалаң адашуу, залалат экенин далилдөөчү күбөлөргө айланышты.

Фиръавн адамдардын көзү алдында өзү сунуш кылган учурашуунун натыйжасын кабыл ала албады. Ал өжөрлүк кылып текебердик атына минди, айткан сөзүнөн кайтты, ойлогон бүтүмүнөн кайтты. Ал каар атына минди. Сыйкырчылар эмне үчүн менден сурабастан ыйман келтиришти деди:

قَالَ فِرْعَوْنُ آمَنتُمْ بِهِ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ

«Фиръавн айтты: Силерге уруксат беришимден мурун ага ыйман келтирдиңерби». [7:123]

Фиръавн сыйкырчылар ыйман келтирүү үчүн андан уруксат суроолорун каалады. Анын бул кылган иши куду бүгүнкү күндөгү заалымдар Исламга даъват кылуучу адамдар алардан уруксат суроолорун каалагандай эле. Алардын көзү көр болгондон кийин, дили да көр болгон. Алла аларды жок кылсын! Каякка бармак эле?! Мына ушундан кийин Фиръавн сыйкырчыларды Мусага жардам берүүдө айыптаты. Фиръавн Муса сыйкырчыларга сыйкыр илимин үйрөткөн эң чоңу деп, ага доомат кылды. Фиръавн:

إِنَّهُ لَكَبِيرُكُمْ الَّذِي عَلَّمَكُمْ السِّحْرَ

«Муса силерге сыйкыр илимин үйрөткөн эң чоңуңар».  [20:71]

деди. Кийин Фиръавн сыйкырчылар Муса менен биргелешип, шаар жөнүндө купуя тил бириктиришкен, адамдар үчүн жамандык ойлоп чыгышкан, адамдар бул жерден коркуп качып кетүүгө мажбур болуш үчүн адамдарды террор кылууга, шаарларды кыйрандыга айландырууга келишип алышкан,–деген жалааны жапты.

إِنَّ هَذَا لَمَكْرٌ مَكَرْتُمُوهُ فِي الْمَدِينَةِ لِتُخْرِجُوا مِنْهَا أَهْلَهَا

«Албетте бул, шаардан анын калкын чыгаруу үчүн жүргүзгөн айлаңар». [7:123]

Мына бул нерсе, азыркы замандын фиръавндары айтып жаткан сөздүн дал эле өзү. Алар амру-маъруф, нахий-мункар кылып жаткан, динин бекем кармап заалымдарды зулумунан кайтарып жаткан, Ислам өкүмдөрүн жер жүзүнө колдоого аракет кылып жаткан, адамдардын тынчтыгын, саламаттыгын ойлоп жаткан чыныгы момун кишилерди «алар террорист, адамдарды коркууга салуучу, кыйратуучу»-деп сыпаттай башташты.

Аллага даъват кылуу өтмүштө да, азыркы күндө да, мындан кийин кыяматка чейин да Алланын душмандарына оор батат. Акыйкат сөз алардын кулагына кудум моюндарына кылыч урулгандай урулат. Алар мурунку пикирлештеринин башына түшкөндөй, кара күндү күтүп жашашат.

Мен шашылыш берилген бул тафсирди жыйынтыктоодон мурун, сыйкырчылардын позициясында болгон маанилүү төңкөрүштү эстетип өтүүнү ылайык деп таптым. Фиръавн аларды чакырган учурда, иштин башталышында алардын бар максаттары Фиръавндан сыйлык-акы алуу эле. Эгер алар Мусаны жеңип, аны жалганга чыгарышса, Фиръавн аларга өзүнө жакындаштыруу сыйлыгын убада кылган:

قَالُوا إِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِنْ كُنَّا نَحْنُ الْغَالِبِينَ ۩ قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ لَمِنْ الْمُقَرَّبِينَ

– «Алар айтышты: «Эгер биз жеңсек, сөзсүз бизге сыйлык болобу?». Фиръавн: «Ооба, сыйлык болот жана албетте силер мага жакын кишилерден болосуңар»,-деди».   [7:113-114]

Алар капыр болгон чагында бар болгон абалы ушундай эле. Алар ыйман келтиришкенден кийин, напистери тазалангандан кийин, жүрөктөрү тынчтангандан кийин Фиръавндын коркутуусунан, зулум кылуусунан коркушкан жок. Фиръавн аларды катуу азапка салуу менен коркутту:

فَلَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلَافٍ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ فِي جُذُوعِ النَّخْلِ

– «Албетте силердин колу бутуңарды карама-каршысына кесем жана курма дарактарынын шактарына асып коём». [20:71]

Бирок, бул коркутуу аларга күч-кудурет, улуулук берди жана ыймандарын күчөттү. Фиръавндын коркутууларына кылган жооптору кудум алардын ыйманы сыяктуу улуу болду. Алар айтышты:

فَاقْضِ مَا أَنْتَ قَاضٍ إِنَّمَا تَقْضِي هَذِهِ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا

«Эмнеге өкүм кылсаң кыла бер, сен болгону ушул дүйнөдө гана өкүм кыласың». [20: 72]

Башкача айтканда, дүйнө алардын алдында арзыбаган бир нерсеге айланды. Алар жете турган жыхаттын улуу сообунун алдында дүйнө кадыр-барксыз нерсеге айланды. Алар капыр болгон учурларында эң биринчи сураган нерселери Фиръавндан ала турган сыйлыктары эле. Т.а. алар бүткүл дүйнөгө салыштырганда эч нерсе тең келбей турган сыйлыктан башка нерсени үмүт кылышпаган эле. Эми алар азыр ыйман келтиргенден кийин, бүткүл дүйнө бардык-неъмат маталары менен бирге алардын көздөрүнө арзыбаган нерсе болуп калды. Алар күнү-түнү Алланын ыраазылыгына көз тигип, кеңдиги асман жердин кеңдигине барабар, таквадарлар үчүн даярдалып коюлган бейишке умтулуп андан башка нерсеге умтулбай калды.

Ыймандын адам калбына бере турган тирүү, жандуу таасири мына ушул. Исламдын улуу даъватчыларында ыйман дал ушундай болушу важып. Бул ыйман аларды Алланын китебине, Расулунун Сүннөтүнө туруктуу, бекем байлашы керек. Алар душмандарынын алдында тоолордон да бекемирээк турушу керек. Алланын жолунда дүйнө алар үчүн арзыбас нерсе болуп, душмандары аларды «террорчулар, бузгунчулар» деп сыпатташы аларга зыян кылбашы керек. Бул байыркы жана жаңы жалаалар болуп, байыркы тарыхтын фиръавндары аны кандай айткан болсо, бүгүнкү күндүн фиръавндары да аны ошондой кайталап айтышууда. Бул нерсе алардын эч нерсеге арзыбастыгына, төмөн-пастыгына далил жана мусулмандардын хужжатынын алдында, алардын хужжаты эч нерсеге жарабай турган нерсе экендигине далил:

وَيُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُحِقَّ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ وَيَقْطَعَ دَابِرَ الْكَافِرِينَ

«Алла таала акыйкатты Өз калималары менен акыйкат кылууну жана капырларды натыйжасыз, акыбетсиз калтырууну каалайт». [8:7]

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *