Мына ушул силердин тарыхыңар,…

kaaba-340x160

Мына ушул силердин тарыхыңар, эми аны менен бүткүл дүйнөнү кезгиле жана Пайгамбарлык программасы негизиндеги Халифалыкка аракет кылгыла.

Исламга жана Ислам Үммөтүнө пикирий чабуул кылуу жүзү каралык болуп, бул ар түрдүү көлөмдөрдө, ар түрдүү көрүнүштөрдө алып барылууда. Анын көзгө даана көрүнгөнү Султандарга тиешелүү өкүмдөргө болгон чабуулу. Ким Исламда Султандарды жокко чыгарып, аларга каршы чабуул кылса, ким Ислам төрт хулафои рошидин (төрт туура халифанын) доорунан башка доорлордо турмушка колдонулбаган деп айтса, ким Ислам эки шайхтын доорунда гана турмушка колдонулган деп эсептесе, сиз андай кимселерди өздөрүнүн бүткүл көңүл борборун фитналар (азгыруучу жаңжалдар) деп атап жатышкан нерселерди көрсөтүүгө каратып жатышканын, буга далил кылуу үчүн заиф-күчсүз рыбаяттарды топтоп жатышканын, улуу тарыхыбыздын нурлуу тараптарынан көз жумушуп, бул Үммөттүн улуу заттарын, азаматтарын, айрыкча капырларды жана алардын эң чоң башчылары болгон римдиктерди багындырган кишилерди кара кылып көрсөтүп жатышканынын күбөсү болосуз. Римдиктер, алар менен бирге европалыктар капитализмге көчүп өтүшкөнүнө карабастан, өздөрүнүн биз менен болгон тарыхтарын унутушкан жок. Ушул себептен алардын кеги жашыруун болуп, айла-амалдары чексиз болуп, алдап-адаштыруулары сезилбес болуп, булардын баары терең тамыр жайган. Ал тургай, мамлекет да аларга өтүп калып, Халифалыгыбызды оодарып таштады, жамаатыбызды таркатып, олжолорубузду талашты, ар-намысыбызды тебелеп-тепсешти. Алар биз өз динибизден кайтып, алардын динине эргешмейинче такыр токтошпойт да, ыраазы да болушпайт. Бирок алар буга жетише албайт. Себеби, мурунку эстеликтер сакталып калган жана Ислам дини, албетте, жеңишке жетишет. Үммөт өз динине кайтып, Халифалык жүзөгө келет. Себеби, нусрат-жеңиш Алла тарабынан акыйкат убада кылынган. Нусрат берүү, халифа кылуу жана үстөм кылуу колунда болгон Зат Үммөткө жардам бериши важып. Кудайга миң мертебе шүгүр, Анын калимасын эч нерсе өзгөртө албайт, казасын кайтара албайт жана Ал Заттан көрө туура сүйлөөчү зат жок. Римдиктерди өздөрүнө тарткан жана балбандыгы менен аларды моюн сундуруп койгон Үммөтүбүздүн улуу инсандарынан бири – казатчы Хажы Маймунун Накбия Харунар Рашид. Римдиктер да, алардын малайлары да Харунар Ращидди араккор, арсыз, адилетсиз, залим деп сүрөттөшкөн. Бирок, ал жөнүндө айрым кабарлар жана аалым, акын, тарыхчы кишилердин күбөлүктөрү да бар. Ошон үчүн урматтуу окуучуга аларды окуп үйрөнгөндөн кийин гана, Харунар Ращид жөнүндө тыянак кылууларына сунуш кыламын. Окурман ушуну жакшы билип койсун, бүткүл тарыхыбыз капырлар жана алардын малайларынын колуна түшүп калгандыктан чукур үйрөнүлүүгө муктаж.

Анын римдиктерге кылган казаты:

Жахшаярий «Вазирлер жана катчылар» китебинде мындай дейт: «Рашид казат кылууну катуу жакшы көргөндөрдөн болуп, бир жыл хаж кылса, бир жыл казат кылар эле жана арка жагына «ажы» алды жагына «гозий (казатчы)» – деп жазылган кемзир кийчү эле. Римдиктердин падышасы Накфур Харунар Рашидден жарашуу келишимин талап кылган эле. Накфур келишимдин шартына өзү жана уулунан тышкары кол астындагы римдиктердин ар бир балакатка жеткен жаранынан бир динардан төлөөнү сунуш кылган эле. Рашид муну кабыл албады. Кийин Яхё ибн Холид келишимди кабыл алууга кеңеш берди. Ушундан кийин Рашид менен Накфур келишим түзүүгө ыраазы болушту. Рашид Накфур менен келишим түзүп жарашты. Яхё Накфурду Рикка деген жерге алып барганында, Накфур келишимди бузду да, кыянатчылык кылды. Яхё ибн Холид бул кыянатчылыктан Рашиддин кабардар болушун каалабады, себеби, ал Рашидге келишим түзүүгө кеңеш бергендиги себептүү жемеленишинен өзүн алып качты. Кийин ал «Маккий» деп таанылган акын Абдулла ибн Мухаммадга бул ишти ыр кылып Рашидге окуп берүүгө буйруду. Маккий Рашидге ушул мазмундагы ырды окуп берди:

Сен берген убада сөзүн Накфур бузду мында

Ага каршы атылат өлүм огу эми күндө

Момундар амирин курсант кылгын

Алла берген фатх ал үчүн улуу мында

Рашид Яхёга мындай деди: «Сен мага бул кабарды Маккийдин тили менен түзүп айлакердик кылгандыгыңды билдим. Харунар Рашид ушундай деп, римдиктерди көздөй жүрүш кылды жана Хереклсти фатх кылды. Хераклс фатх кылынгандан кийин Накфур Рашидге жумшак мамиле менен жазылган кат жөнөттү. Табарий бу каттын текстин өзүнүн тарых китебинде мындай деп келтирет: «Жана Накфур өзүнүн улуу руханийлери менен биргеликте, Хереклсте туткунга алынган күң кыз жөнүндө мындай деп кат жазды: «Момундардын амири Абдулла ибн Харунга, римдиктер падышасы Накфурдан. Салам алейкум, амма баъд. Эй падыша, сенде менин ушундай бир кажетим бар. Бу сен үчүн, диниң жана дүйнөң үчүн андай деле зыян жеткизбейт. Кажет ушу, мен уулума болуп койгон Хериклс айылынан болгон бир күң кызды уулума тартуу кылсаң. Эгер кажетиме жардам берүүнү макул көрсөң, ушундай кыларсың. Ассаламу алайка ва рохматуллохи ва барокатуху». Табарий өзүнүн тарых китебинде Харунар Рашид күң кызды тартуу кылып, аны менен бирге кат жазып жибергендигин кең-кесири баяндаган.

Көңүл буруу керек болгон жери, Накфурдун бу катындагы адеби, сылыктыгы жана ошол казатка түздөн-түз себепчи болгон биринчи катына бүтүндөй тескери келет. Жогрудагы китептин ээси Накфурдун мурдагы каты жөнүндө мындай дейт: «Кийин Рашидге мындай деп кат жазды: «Римдиктер падышасы Накфурдан, арабтар падышасы Харунга, аммо баъд. Менден мурда болгон падыша айым (королева) сени (шахматтагы) пешка ордунан рух ордуна көтөрүп койгон экен жана падыша айым сен такыр акылуу болбогон малы-дүйнөсүн сага өткөзүп койгон экен.  Бирок бул иш аялдардын алсыздыгы жана акмактыгы. Эгер бу катымды окуган болсоң, мага падыша айымдын малы-дүйнөсүн кайтарып бер, болбосо, биз менен сенин ортоңдо кылыч болот». Рашид катты окугандан кийин, кыжырданып ордунан туруп кетти жана каттын арткы бетине мындай деп жооп жазды: «Бисмиллахир Рохманир Рохим. Момундар амири Харунар Рашидден римдиктердин ити Накфурга. Эй капыр уулу, катыңды албетте окудум, катка жооп болсо, сен кулагың менен уга турган эмес, балким, көздөрүң менен күбө боло турган иш (т.а. фатх) болот». Харунар Рашид ушундан кийин ошол күндүн өзүндө эле жүрүш кылды жана Хераклске жетип барып, аны фатх кылды, шаардын олжолорун алып, өзүнүн таш-талканын чыгарды. Ошондо Накфур Харунга ар жылы хираж төлөп турууну Харундан сурады. Харун кабыл алды.

Харунар Рашид римдиктер менен болгон казатта курман болгон. Суютий «Халифалар тарыхы» китебинде: «Рашид Хурасандагы Батуста курман болгон» деп жазган.

Анын кылган ибадаттары:

Казат кылуу ибадат болсо да, бирок Харунар Рашид халифа болгондугу үчүн, казат мамлекеттер аралык алакаларда ар кыл болгондугу үчүн, биз аны өзгөчө башка тема кылып ажыраттык. Анын башка ибадаттары жөнүндө Багдадий «Багдад тарыхы» китебинде мындай дейт: «Анын айрым досторунун айтымына караганда, ал дүйнөдөн өткөнгө, кеселдикке чалынганга чейин, ар күнү жүз рекеттен намаз окур эле жана бардык малы-дүйнөсүңөн ар күнү 1000 дирхам садага берер эле. Эгер хаж кылса, өзү менен 100 фикх уламасын уулдары менен кошуп хаж кылдырып берчү эле. Эгер хаж кылбаса, ар жылы жалпы каражат жана үстүңкү кийим-кечелер менен бирге 300 кишини хаж кылдырып берер эле».

Масъудий анын адамдар менен хаж кылган жылдарын санап өттү: 170, 173, 174, 175, 176, 177, 178, 179, 181, 186, 188 хижрий жылдар.

Захабий «Тарых» китебинде мындай деген: «179-жылы Рашид орозо айында умра кылды. Ал хаж айында хаж кылганга чейин эхрамын чечкен жок жана үйүнөн Арафатка чейин жөө басып барды».

Абдул Фидо Мухтасар китебинде мындай деди: «179-жыл кирди. Ошол жылы Рашид хаж кылып, Багдаддан баштап эхрамга кирди».

Вакыдийдин санадына негизделип ибн Асокир да мындай дейт: Вакыдий мындай деди: «Харунар Рашид хаж кылды да, Мединадан өттү. Ошондо Яхё ибн Холидке «Мединаны, зыярат жайларды, Набий с.а.вга Жабраил кандай түшкөндүгүн, кайсыл тараптан келгендигин жана шейиттердин кабырларын жакшы биле турган адамды мага шерик кылып бериң», – деди. Яхё ибн Холид мага адам жөнөткөн эле, жетип келдим. Бул аср намазынан кийин эле. Мага: Эй шайх, момундардын амири – Алла аны азиз кылсын – акыркы куптанды мечитте окууну каалады. Биз менен бирге жүрүп, зыярат жайларга бизди токтотуң жана Жабраил келген жерди көрсөтүң. Мен акыркы куптанды окуп болгондон кийин, шамдарды алып тышка чыктым, чыксам эки эшекте эки киши турган экен, Яхё – «жанагы киши кана?» – деп сурады. Мен «бул жердемин» дедим жана аны мечиттин имараттарынын алдына алып барып, – «мына ушул жерде Жабраил келген» – дедим. Алар эшектеринен түшүп, эки рекеттен намаз окушту да, бир саат дуба кылышты. Кийин эшектерине миништи, мен аларды ар бир жерге, ар бир зыярат жайга алып бардым, алар болсо намаз окуп, кайрат менен дуба кылышчу. Мечиттин бардык тарабын бүткөнгө чейин ушу калыпта уланттык. Кийин багымдат убактысы кирип, муаззин азан айтты. Яхё мага – момундардын амири – Алла аны азиз кылсын – эч такыр токтобой ыйлады, сиз көрсөткөн жерлер аны өтө таң калтырды, – деди…». Кысса узак уланат.

Газзолий «Фазоихул ботиния» китебинде мындай деп айтат: «Ибрахим ибн Абдулла Хурасанийден икая кылынат, ал мындай деди: «Атам менен бирге Рашид хаж кылган жылы мен да хаж кылган элем. Күтүлбөгөндө биз Рашиддин алдында туруп калдык, ал майда таштар үстүндө жалаңайлак турар эле. Ошондо ал колдорун көтөрүп, титиреп, ыйлап туруп дуба кылды: «Эй Раббим, Сен Сенсиң, мен болсо менмин. Мен күнөөгө дайым кайтуучумун, Сен магфиратка (кечиримдүүлүккө) дайым кайтуучусуң, мени кечиргин».

Илим издөө жана хадис рыбаят кылуу үчүн сапар кылышы:

Суютий «Халифалар тарыхы» китебинде казы Фузайл өзүнүн кээ бир рисаласында мындай дегенин айткан: «Рашидден башка илим издеп сапар кылган эч бир падышаны көрбөгөнмүн. Ал эки уулу Амин жана Маъмун менен биргеликте Малик ибн Анастан – Алла рахмат кылсын – Муватта укканы сапарга чыккан». Өзү негизи, Муватта Харунар Ращиддин египеттиктердин үйүндө (маалымат) угушу болгон. Фузайл мындай деди: «Кийин Харунар Рашид Искандарияга Салохуддин ибн Айюбдан илим укканы барып, аны ибн Тохир ибн Авфтан укту».

Хадис издеп сапар кылгандыгы жөнүндө ибн Асокир «Дамашк тарыхы» китебинде айтып өтүп, Атик ибн Якуб Зубайрийдин санадынан рыбаят кылат. Атик мындай деди: «Харунар Рашид Мединага келди. Ал Малик ибн Анаста Муватта китеби болуп, аны адамдарга үйрөтүп жатканынан кабар тапкан эле. Ошондуктан, Маликтин алдына Бармокийди жөнөттү. Жөнөтүп жатып, ага мындай деди: «Маликке салам айткын, дагы айтып койгун, мага китепти алып келип, окуп берсин». Бармокий Маликке салам айтты. Ошол учурда Харунар Рашиддин алдында казы Абу Юсуф бар эле. Ал: «Эй момундардын амири, Ирак калкынын билишине караганда, сиз Малик ибн Анаска ишиңиз түшүп, адам жөнөтсөңүз, ал сизге тескери иш тутуптур-го, анын ишин чечиң эми», – деди. Рашид ушундай абалда турганда, Малик ибн Анас кирип келди да, салам берип отурду. Рашид айтты: «Эй Абу Омирдин уулу, мен сизге адам жөнөтсөм, тескери иш тутупсуз-го?». Малик айтты: «Эй момундардын амири, мага Зухрий мындай кабар кылды, ага Харижа ибн Зайд ибн Сабыттан, Сабыт болсо атасынан ушундай деп айтат: Зайд ибн Сабыт айтты: «Мен Пайгамбар с.а.вдын алдында:

لاَ يَسْتَوِي الْقَاعِدُونَ مِنْ الْمُؤْمِنِينَ

– «Момундардын өздөрү соппо-соо боло туруп…»  [4:95]

– деген аятты жазып жаткан элем, ибн Умму Мактум да Пайгамбар с.а.вдын алдында турган эле. Ошондо ал – эй Расулулла, менин көзүм ажыз-го, азыр болсо ушуну жакшы билип турам, Алла Азза ва Жалла жыхаттын абзелдиги жөнүндө аят түшүрдүбү? – деп сурады. Расулулла с.а.в – билбедим – деди.

Менин калемим курмадан болуп, али кургап үлгүрбөстөн, Пайгамбар с.а.вдын саны менин саныма тийип кетти. Кийин Пайгамбар с.а.в вахийдин күчүнөн өзүн жоготуп койду. Кийин өзүнө келип отурду да мага: «Эй Зайд:

لاَ يَسْتَوِي الْقَاعِدُونَ مِنْ الْمُؤْمِنِينَ

­– «Момундардын өздөрү соппо-соо боло туруп…».   [4:95]

– деп жазың», – деди». Имам Малик деди: «Эй момундардын амири, Жабраил жана периштелер элүү миң жылдык узак жерден алып келген бир тамга мен үчүн эң улуу, эң азиз нерсе. Алла Таала сизди бийик даражага көтөрдү жана илимиңизди мына ушул орунга койду. Ушундай болгон соң, илимди бекер кетирген жана Алла да анын азиздигин бекер кетирген кимселердин биринчиси болуп калбаң». Ошондо Харунар Рашид ордунан турду да, үйүнө чейин Малик ибн Анас менен бирге жөө басып, андан Муватта китебин окуттуруп укту. Рашид Маликти өзү менен бирге жумшак күрсүгө отургузду. Ал Маликтен окуп үйрөнмөкчү болуп турган эле, Малик «менден үйрөнөсүзбү?» – деп сурады. Рашид «мен анча убакыттан бери бирөөдөн окуп үйрөнбөгөн элем» – деди. Малик ага «адамдардын илим үйрөнүүлөрүн менден үзүп коюп, жалгыз өзүңүз үйрөнөсүзбү?» – деди да, бу сөздү кошумча кылды: «Шексиз, илим жеке бир адамды деп, жалпы көпчүлүктөн тыйылып коюлса, Алла андай илимди жеке кишиге пайдалуу кылбайт». Мына ушундай деп, Рашидди Маъан ибн Исага Куран үйрөнгөнү тапшырды. Рашид эми окумакчы болуп турган эле, Малик ибн Анас ага айтты: «Эй момундардын амири, мен журтубуздагы ахли илимдерди (илимдүүлөрдү) илим алып жатышканда кичи пейил, адептүү болууну жакшы көрүшөт деп билемин». Харунар Рашид бул сөздөрдөн кийин, жумшак күрсүдөн түшүп, Маъан ибн Исанын жанына отурду».

Ибн Жавзий болсо, «Мунтазам» аттуу китебинде мындай деди: «Харунар Рашид хадистерди Малик ибн Анас, Ибрахим ибн Саъд аз-Зухрийден жана көпчүлүк хадисти болсо өзүнүн атасынан уккан. Бул сөздү андан казы Абу Юсуф жана Шафиъийлер рыбаят кылышкан. Харунар Рашид хадисти, хадис ахлин (хадисчилерди) аябай жакшы көрчү эле».

Суютий тарых китебинде мындай деди: «Ал атасынан, чоң атасынан жана Мубарак ибн Фазаладан хадис үйрөнгөн. Муну анын уулу Маъмун жана башкалар рыбаят кылышкан. Ал халифалардан өзгөчөлөнүп турчу жана дүйнө падышаларынын улуусу болуп, казатты жана хажды көп кылчу зат эле».

Харунар Рашид рыбаят кылган хадистер:

Харунар Рашид рыбаят кылган хадистердин  бирин Суютий «Халифалар тарыхы» деген китебинде мындай деп жазат: «Савлий айтты: Бизге Абдуррахман ибн Халиф чоң атасы Хусайн ибн Сулаймануз Забийден хадис айткан, ал Рашиддин хутбасын уккан экен. Рашид өз хутбасында мындай деди: Мубарак ибн Фазала мага Хасандан, Хасан болсо Анастан хадис айткан, Расулулла с.а.в: «Курманын жарымын болсо да эхсан кылып, тозок отунан сактангыла» – деди. Дагы ал мага Мухаммад ибн Али, Саъид ибн Жубайрдан, Саъид болсо ибн Аббастан, ибн Аббас Али ибн Абу Талыптан ушундай хадис айткан, Расулулла с.а.в: «Ооздоруңарды таза туткула, себеби ооз – Курандын жолу» – деди».

Харунар Рашид рыбаят кылган хадистердин дагы бирин ибн Асокир тарых китебинде Маъмундун санады негизинде ушундай келтирет: Маъмун деди: Харунар Рашид мага Малик ибн Анастан, Малик Абу Салихтен, Абу Салих болсо Абу Хурайрадан бир хадис айтты: Расулулла с.а.в: «Сапар кылуу да азаптын бир бөлүгү» деген хадисти айтты.

Харун жөнүндө Жахис да мындай деди: Мага казы Абу Юсуф бир хадис айтып берди. Абу Юсуф айтат, мен Харунар Рашиддин алдында эртең менен тамактанып жаткан элем, колумдагы бир сугум оокат түшүп, чачылып кетти. Ошондо Харунар Рашид мындай деди: «Эй Яъкуб, түшкөн сугумуңузду алың, мага Махдий атасы Мансурдан, ал атасы Мухаммад ибн Али ибн Абдулладан, ал атасы ибн Аббастан мына мындай хадисти айткан: Расулулла с.а.в мындай деди: «Кимде-ким кантактадан (столдон) төгүлгөн нерсени алып жесе, сүйүктүү балдарын ырыскыландырган болот».

Алланы эстегенде дуу-дуу аккан көз жаштары жөнүндө:

Хатиб өзүнүн тарых китебинде Мансур ибн Аммордун санады негизинде ушундай жазат: «Алланы эстеп жаткан убакытта көздөрүнөн дуу-дуу жаш аккан заттардан үч кишини гана көргөнмүн: Фузайл ибн Иёз, Абу Абдуррахман Аз-Захид жана Харунар Рашид».

Ал дагы Абдулла ибн Умар Каварийдин санады негизинде мындай жазат: «Абдулла айтты: Харунар Рашид Фузайл ибн Иёз менен учурашып калганда, Фузайл ага мындай деди: Эй жүзү жаркыраган зат, сиз мына ушул Үммөткө жоопкерсиз, мага Лайс Мужахидден ушундай икая кылат, Алла Тааланын:

وَتَقَطَّعَتْ بِهِمْ الْأَسْبَابُ

– «(Ал күнү аларды байлап-бириктирип тура турган) шылтоо-себептер үзүлөт».       [2:166]

– деген аятынан дүйнө үчүн өз ара байланышып калгандар назарда тутулган экен. Фузайлдан бул сөздү уккан Рашид өңгүрөп ыйлап жиберди».

Анын Расулулла с.а.вды жана сүннөттү катуу улуулап кадырлаганы жана бидъаттан өзүн алып качканы жөнүндө:

Хатиб Багдадий өзүнүн тарых китебинде мындай деп жазат: Абу Муаъвий айтты: мен Рашиддин алдында Пайгамбар с.а.вдын атын айтышым менен эле, ал «саййидиме Алланын салат-саламы жаалсын» дээр эле. Харзозул Коиддин санады негизинде да Хатиб ушундай дейт: Харунар Рашиддин алдында элем, көзү ажыз Абу Муовия кирип келди, аны менен Курайш тарабынан келген бир киши дагы бар эле. Ошондо хадис туурасында сөз болуп жаткан эле. Абу Муовия Аъмаш рыбаят кылган бир хадисти айтып калды. Бул хадисти Аъмаш Абу Салихтен, Абу Салих болсо Абу Хурайрадан рыбаят кылган – Муса алайхис-салам Адам алайхис-салам менен учурашып калыптыр да, андан – «бизди бейиштен чыгарып жиберген Адам сенсиңби?» – деп сураптыр. Абу Муовия бу хадисти айтып болгондон кийин, курайштык киши андан: «Адам алайхис-салам Муса алайхис-саламга каерде учураптыр?» – деп сурады. Ошондо Харунар Рашид катуу кыжырданып кетти да: «Эй кудайсыз, кандай обу жок адамсың, кылычты бериң! Расулулла с.а.вдын хадисин кадырсыздандырасыңбы?» – деп ачуулана берди. Абу Муовия болсо, аны – эй момундардын амири, ал шашылып айтып жиберди, түшүнбөдү – деген сөздү кайра-кайра айтып, араң тынчтандырды.

Ибн Жавзий «Мунтазам» китебинде мындай рыбаят кылат: «Харунар Рашид сүннөттү катуу урмат кылуучу жана бидъаттан өзүн алып качуучу зат эле… Ал жалгандан бирөөнү мактаган кишини сөкчү эле. Бир күнү ал валийлердин биринин аны макташынан ачууланып, капа болуптур да, бээ алманы алып, валийге карата атыптыр, ушундай катуу атыптыр, аны өлтүрө жаздаптыр, кийин валийди анын алдынан чыгарып жиберишиптир.

Ибн Асокир ибн Атийядан рыбаят кылат, ибн Атийя ушундай деди: Харунар Рашид бир кудайсыз адамды кармап, башын алууга буйруду. Кудайсыз Рашидден: «эмнеге башымды аласың?» – деп сураган эле, ал мындай деди: «Пенделерди сенден кутултмакчымын. Сен Расулулла с.а.в айтты деген, бирок Расулулла с.а.в алардын бир да тамгасын айтпаган миң хадисти каерден алдың? Хадистерди тамгама-тамга терип чыккан Абу Исхак Форозий жана Абдулла ибн Мубарактардын алдында сага жол болсун». Ибн Асокир дагы Саъидул Укайлийден рыбаят кылат, Рашид Мединага келгенде, Расулулла с.а.вдын Кара Куба жана аймактагы минбарларына көтөрүлүп чыгууну өтө улуу иш деп айтты.

Илимге болгон махабаты жана уламаларды урмат кылып, аларга кичи пейилдик кылышы жөнүндө:

Хатиб мындай дейт: Харунар Рашид фикхти жана фукахаларды (фикх аалымдарын) жакшы көрчү, ырга жана акындарга, уламаларга ашык инсан болуп, адабиятчыларды чын дилден урмат кылчу эле. Ал дин жөнүндө, дин туурасында талашып-тартышууну жактырбас эле, муну жакшы натыйжага алып барбайт – деп билер эле. Али ибн Мадийний мындай дейт: Абу Муовиядан мындай дегенин укканмын: «Мен күндөрдүн биринде момундардын амири Харунар Рашид менен тамактанган элем. Колума суу куйган адамдын ким экендигин билбедим. Ошондо Харунар Рашид – Эй Абу Муовия, колуңузга суу куйган киши кимдигин билдиңизби? – деп сурады. Мен – жок, билбедим – дедим. Ал – мен куйдум – деди. Мен – сиз суу куйдуңузбу, эй момундардын амири? – деп бышыктап сурадым. Ал мындай деди: Ооба, сиздеги илимди урмат кылып ушундай кылдым…». Асмоъийден мындай рыбаят кылынат: «Мен Харунар Рашиддин алдына кирген элем.көпчүлүк менен межлис кылып, тыгыз сыгылышып отурушкан экен. Ошондо ал мага – «Эй Асмоъий, ой тообо, бизди көрбөй, билбей эле алдыбызга бастырып кирдиңиз-а!!» – деди. Мен ага – эй момундардын амири, эч кайсы журт мени сизден кийин жабыштырбады. Ошон үчүн алдыңызга келдим – дедим. Ал мени отурууга буйруган эле отурдум. Ал мага эч нерсе дебеди. Качан адамдар таркап, алардан азырагы гана калган убакытта, ал ордунан турду да, мага козголбоого ишара кылды. Мен межлис (жыйын) бүткөнгө чейин отурдум. Жыйын бүтүп, экөөбүз менен эки кызматчы жигиттен башка эч ким калбады. Ошондо ал менден – «эй Абу Саид «жабыштырбады» дегениңиз эмне?» – деп сурады. «Жабыштырбады» дегеним «кармап калалбады» дегеним – дедим да, ыр токуп айттым:

Колуңузга дирхам жабыштырып

Дагы биринде кылыч туттуңуз

Колу ачыктыгыңызга ушунун өзү

Жетиштүү деп билиңиз

Ал ырды угуп «жакшы токудуңуз, бизди көпчүлүк ичинде урмат кылып, жалгыз калганыбызда ушундай таалим бериң» – деди да, мага 5.000 динар берүүгө буйруду».

Суютий «Халифалар тарыхы» аттуу китебинде айтышынча, анын жакшы адаттарынан бири ушул эле, ал ибн Мубарактын өлгөнүн уккандан кийин, ага аза тутту жана кол астындагыларды да аза тутууга буйруду.

Жакшынакай башкаруусу жана букарасына мээримдүүлүгү жөнүндө:

«Халифалар тарыхы» китебинде Суютий мындай деди: Харунар Рашид 189-жылы римдиктерден мусулмандарды сатып алды жана алардын мамлекеттеринде бир да мусулман туткун калбады. Табарий да өзүнүн тарых китебинде мындай дейт: Рашид өз волийси Хартамага жазган келишим катында мындай деди: Момундар амири Харунар Рашидден Хурасан чек ара волийлерине, анын иштери жана хыражына волий кылып коюлган Хартама ибн Аъянга, анын милдети Алладан таква кылып, Ага итаатта болуу (баш ийүү), Алланын амрине моюн сунуп, ар дайым буйругун күзөтүп туруу, кыла турган ар бир иштеринде Алланын Китебин имам кылып, ошол Китеп адал кылган ишти адал деп, ал арам кылган ишти арам деп билүү. Китептеги бири-бирине окшоштуктарды көргөндө токтолуп, чукур үйрөнүп чыгуу. Китепти Алланын дининдеги эң бийик фикх деп, Алланын Китебиндеги эң биринчи илим деп билип, жалаң ошондон гана маселе суроодон турат.

Ибн Жавзий «Мунтазам» аттуу китебинде мындай дейт: «Рашид кылган казаттардын биринде кар-жамгыр өтө кыйнап жиберди. Ошондо бурадарларынан бири ага – «эй момундардын амири, биздин кыйын абалыбызды көрүп жатасызбы, акыры букара аманат-го?» – деди. Рашид ага мындай деди: «Унчукпаң, букарага жатып уктоо, бизге болсо уйкусуз туруу важып. Букаранын албетте коруктоочу сакчылары болушу лазым».

Масъудий «Муравваж» деген китебинде мындай дейт: Харунар Рашид римдиктердин дарыясы менен Кулзум дарыясын Фармага туташ жерлери менен кошуп жиберүүнү максат кылган эле. Ага Яхё ибн Халидул Бармакий жол көрсөтүп мындай деди: «Римдиктер адамдардан Масжидул Харамды тартып алып, алардын маркаптары (арабалары) Хижаз жерлерине чейин кирип барды». Рашид бу сөздөн кийин бу ишти токтотуп койду.

Оокат-азыкка көп акча сарптоону жаман көрүшү жөнүндө:

Масъудий «Муравваж» китебинде мындай деди: Ибрахим ибн Махдий мындай икая кылат: «Мен Харунар Рашидди Риккага барып, мейман болууга чакырдым. Ал меникинде мейман болду. Ал тамакты суутпастан ыссык бойдон жээр эле. Хантахтага идиштерди коюп жаткан элем, өзүнө жакын жердеги идиштердин арасынан балык эти салынган идишти көрүп калды. Аны кесмекчи болгон эле, майда эттер кесүүгө кичинелик кылды. Ошондо ал – «эмнеге оокатыңды кесип болбой жатат?» – деп сурады. Мен – «эй момундардын амири, булар балыктардын тилдери» – дедим. Ал – «идишиңдеги тил жүз чакты чыкса керек?» – деп сурады. Ошондо күзөтүп турган кызматчысы – «эй момундардын амири, 150дөн артык чыгат» – деди. Харунар Рашид ошондо андан балыктардын баасынын канчалыгын ант ичип айтышын сурады. Кызматчы 1.000 дирхамдан артыкка сатып алгандыгын айткан эле, Рашид колдорун дубага ачып – «мага 1.000 дирхам келтирмейиниңерче эч нерсе татпаймын» – деп ант ичти. 1.000 дирхам келтирилгенден кийин, аны садага кылып жиберүүгө буйруду жана «бул садага 1.000 дирхамды бир идиш жана балыкка сарп кылып, ысрап кылганыңа каффорат болушун үмүт кыламын» – деди. Кийин идишти кызматчыларынын бирине берип, бурадарым Ибрахимдин короосунан тышкарыга чык да, биринчи туш келген тилемчиге берип жибер – деди». Ибрахим дагы мындай деди: Рашиддин колундагы идиштин баасы 270 динар эле. Ошон үчүн кызматкерлеримдин бирине Рашид кызматкери менен бирге чыгып, тилемчиден идишибизди кайра сатып алууга буйруп, көзүм менен ишара кылдым. Рашид муну сезип калды да, кызматкерине деди: «Эй бала, идишти тилемчиге бергенден кийин, ага – момундардын амири сага бул идишти 200 динардан кем баага сатпооңду дайындады, идиш андан кымбат экен – деп дайындап кой» – деди. Рашиддин кызматкери ушундай кылды. Аллага ант ичип айтам, кызматкерим идишти тилемчиден 200 динардан кемге сатып алуунун өтөөсүнөн чыга алган жок.

Ибн Асокир Ибрахим ибн Махдийден рыбаят кылат, Ибрахим мындай деди: «Бир күнү Харунар Рашиддикинде элем. Ал ашпозду чакырып «тамактардын арасында бордокунун эти барбы?» – деп сурады. Ашпоз – бордоку этинин бардык жеринен бар – деди. Рашид – «тамак менен бирге алып кел» – деди. Эт алып келингенден кийин андан бир тиштем оозуна салган эле, Жаъфар ибн Бармакий күлүп жиберди. Рашид колундагы эттин бир бөлүгүн коюп, «эмнеге күлүп жатасыз?» – деп сурады. «Эч нерсе эмес, эй момундардын амири, өткөн күндөгү мени менен бир күң кызыбыздын ортобуздагы бир сөз эсиме түшүп күлдүм» – деди. Рашид: «ошол сөздү мен сенден угууга акылуумун, айтып бер» – деди. Жаъфар: «оозуңуздагы этти жеп болсоңуз, айтамын» – деди. Рашид оозундагы этти алып ыргытып жиберди да: «Аллага ант ичемин, айтып бер» – деди. Жаъфар айтты: «эй момундардын амири, бордоку этинен болгон мына ушул тамак сизге канчага түшкөн?». Рашид – 4 дирхамга – деди. Жаъфар – жок, 400.000 дирхамга түшөт – деди. Рашид – кантип? – деп сурады. Жаъфар мындай деди: «Сиз бүгүнкү күндөн анча убакыт мурда ашпозуңуздан бордокунун этин талап кылган элеңиз, «андай эт жок» – деди. Сиз ага – ашкананы бордокунун этинен куру кылбагыла, ар дайым мына ушундай эт болсун – дедиңиз. Бир момундар амиринин ашканасына деп ар күнү бирден бордоку соёбуз да, базардан эт сатып албайбыз. Демек, ошол күндөн бүгүнгө чейин бордоку этине сарпталган акча 400.000 дирхамга жетти. Сиз өзүңүз болсо, мына ошол күндөн бери – бордоку этин жеймин – деп сураган жоксуз, бүгүн гана сурадыңыз жана мен момундар амири мына ошол эттен эми гана бир тиштеп жеди да, бу ага 400.000 дирхамга түштү, деп күлдүм». Харунар Рашид бу сөздөрдү угуп, өкүрүп ыйлап жиберди. Алдындагы хантахтаны алып таштоого буйруп, өзүн-өзү – күнүң бүттү, күнүң бүттү, эй Харун – деп сөгө баштады. Ал муаззин аср намазына азан айтканга чейин ыйдан токтогон жок. Кийин, ал ошол замат эки Харамдын кембагалдарына 2 миллион ажыратып,ар бир Харамдагы кембагалдарга 1 миллиондон садага берүүгө буйруду. Багдаддан батыш жана чыгыш тараптарына да 2 миллион садага берүүнү, Куфа жана Басрага 1 миллион садага берүүгө буйруду. Кийин аср намазын окуганы чыкты. Асрдан кайтып, шамга чейин ыйдан токтободу. Шамдан кайтып келгенден кийин, анын алдына казы Абу Юсуф кирди жана – «эй момундар амири, сизге эмне болду, бүгүн ыйдан токтобой жатасыз?» – деп сурады. Рашид ага өзүнүн каалоосу үчүн чоң акча сарптаганын, андан бир тиштем гана ооз тийгенин айтып берди. Ошондо Абу Юсуф Жаъфардан – сойгон бордокуларыңар айнып калар беле же адамдар жеп жиберер беле? – деп сурады. Жаъфар – адамдар жеп жиберет – деди. Ошондо Абу Юсуф Рашидге карап – курсант болуң, эй момундар амири, өткөн күндөр сарптаган акчаңыздан мусулмандардын жеши менен жана бүгүнкү күндө садага берүүгө жетишишиңиз менен, дагы Алладан коркуп, коркуу сизге насип кылгандыгы менен Алладан бир нече эсе сооп алдыңыз. Акыры Алла Таала:

وَلِمَنْ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِ جَنَّتَانِ

– «Парвардигери (алдында) туруудан корккон киши үчүн эки бейиш бар». [55:46]

– деген, деп Харунар Рашидди тынчтандырды. Ошондон кийин гана Рашид тамак алып келүүнү сурады жана бу кечки тамак ал үчүн ошол күнкү түшкү жана кечки тамак болду».

Ал туурасында кээ бир адамдардын сөздөрү:

Хатиб Багдадий Абдурраззактын санады негизинде мындай дейт: Мен Фузайл ибн Иёз менен бирге Меккеде отурган элем. Ошондо алдыбыздан Харун өтүп калды. Фузайл ибн Иёз мындай деди: «Адамдар аны жактырышпайт, мен үчүн болсо, жер жүзүндө андан көрө азизирээк инсан жок. Ал тургай башын коюп жатса да, мен муну улуу иш деп эсептеймин».

«Камил» аттуу китепте ибн Асир мындай дейт: Фузайл ибн Иёз мындай деди: «Эч кимдин өлүмү мен үчүн Харунар Рашиддин өлүмүндөй оор болбогон. Алла менин өмүрүмдөн алып, анын өмүрүнө кошушун өтө-өтө каалар элем. Бу абал анын досторуна анча оор иш болду. Харун дүйнөдөн кайтып, фитналар башталгандан кийин, о.э. Маъмундун шаанине «ал Куранды махлук деген имиш» деп куру жалаа кылынгандан кийин, адамдар шайх айткан сөзүн өзү жакшы билүүчү эле – дешти».

Масъудий «Муравваж» аттуу китебинде мындай дейт: Мухаммад ибн Али Абдиюл Хуросоний Харунар Рашиддин сыпаттары жөнүндө мындай дейт: ал хаж кылууга ар дайым бекем турчу, арты-артынан казатка барчу. Мекке жолдорунда ишканалар, суу тосмолорун жана сарайларды курууга кайраттуу эле. Ал мындай иштерди Меккеде да, Минада да, Арафатта жана Мединаи Мунавварада да кылган. Ал адилеттүү инсан болгону үчүн да кылган эхсаны бардык адамдарга татырлык болгон. Кийин ал чек аралар курган, шаарларды көрктөндүрүп, чептер курган. Мисалы, Тарсус, Узуна, Умрул Масиса жана Маръаш сыяктуу. Аскердик казармалар, муробиттер (аймактык аскерлер) үчүн жайлар жана жолоочулар үчүн мейманканалар сыяктуу имараттарды келиштирип, мыкты кылып курган. Кызматчылары да ага эргешип, анын жолунан жүрүшкөн, букарасы анын имамдыгына таянып, иштерине дайым эргешкен. Ошондуктан, батыл-акыйкатсыздыкты талкалап, акыйкатты жүзөгө чыгарды, байрактарды желбиретип, башка үммөттөр алдында өзгөчө болуп көрүнүп турар эле.

Суютий мындай дейт: Савлий Яъкуб ибн Жаъфардан рыбаят кылат, Харун халифа болгон биринчи жылы эле кошун жыйып, римдиктер тарапка казат кылды жана казаттан Шаъбан айында кайтып келди да, жылдын акырында адамдар менен хаж кылды. Эки Харамга өтө көп малы-дүйнө садага кылды. Харунар Рашид Расулулла с.а.вды түшүндө көрдү. Түшүндө Расулулла с.а.в ага: «Бу ай – сен үчүн маанилүү ай. Ошон үчүн бул айда казат кылып, хаж кыл жана эки Харамдын калкына кең мүмкүнчүлүк бер» – деп айткан. Ошондуктан, ал булардын бардыгын аткарган.

Мына ушулар Харунар Рашиддин өмүр баянынын кээ бир көрүнүштөрү. Мен аны хулафои рошидиндер сыяктуу эле, деймин. Ушуну менен бирге ал такыр наристе сыяктуу акылы кем амирлерден да эмес эле. Абу Бакр ал-Хилал ишеничтүү санад менен рыбаят кылып айтты: мага Мухаммад ибн Яхё кабар беришинче, ал Абу Абдуллага, т.а. Ахмад ибн Ханбалга Фузайлдын рыбаят кылышынча, ал: мен Алла Азза ва Жалланын Харунар Рашиддин өмүрүн узак кылышын жана менин өмүрүмдү кемитишин өтө-өтө каалар элем – деген эле. Ушуга сиз эмне дейсиз? – деди. Ошондо Ахмад ибн Ханбал: «Ооба, туура, андан ушундай рыбаят кылынган. Алла Фузайлды рахмат кылсын, Фузайл Харундан жаманыраак амир келип калышынан коркор эле» – деди. Ошондо мен: Ахмад Куранды махлук дешке мажбур кылыныш үчүн сыноо кыйынчылыгына дуушар кылынганы үчүн ушундай деп жатат, эгер ал биздин абалыбызды көргөндө, Харунга мээримдүүрөөк болор эле – дедим.

Бирок сак болуу лазым болгон нерсе, Халифалык жана анын түзүмү бир нерсе болсо, кээ бир Халифалардан жүз берген иштер башка бир нерсе. Ошондуктан, кээ бир халифалар кылган жаман иштер себептүү Халифалыкка, анын түзүмүнө кол салуу жана куфр түзүмдөрүнөн анын ордуна орунбасар издөө – зулум, куру жалаа жабуу жана пикирий-саясий кыйратуучулук. Ушундай болгон соң, демек мусулмандар ыплас же жахил-наадан кимселердин Халифалык түзүмүнө кол салуу, адамдарды андан алып качуу жана аларга тогут-шайтан өкүмүн кооз-көркөмдүү кылып көрсөтүү үчүн мына ошол тармакка кирип алып, беймарал ууларын чачууларын коргой турган кимселерден өтө этият болушсун.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *